Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Түркия: кыргыз аялды урган полиция камалды


Анталияда 4-октябрда кыргызстандык аялды сабады деп шектелген эки полиция кызматкеринин бири камакка алынды. Сабалган аял Адана шаарындагы мамлекеттик психикалык ооруканада дарыланып жатат.

Жактоочулардын жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалыматтарына караганда аялдын ысымы жана ага байланышкан ишти териштирүү купуя бойдон калууда.

Түркиянын социалдык тармактарына Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды таяк менен сабап жаткан тасма тарап, резонанс жараткан. Бул фактынын негизинде Анталия полициясы ишти ошол замат териштире баштаган. Кийинчерээк 40 жаштагы аял кыргызстандык экендиги, психологиялык жактан ооруганы тууралуу маалыматтар тараган.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун билдиргенине караганда бул ишти элчилик тыкыр көзөмөлгө алып, аялдын туугандары менен байланышып турат:

- Бул аял учурда Адана шаарынын мамлекеттик ооруканасында дарыланууда. Себеби ал жактагы догдурлардын айтымында, оорусу боюнча Аданадагы оорукана туура келет экен. Атасы менен да сүйлөшкөндө кайсыл дары-дармектер керек экенин айтып берди. Анткени атасы өзү догдур болуп, кызынын психикалык жактан оорулуу экенин билет. Биз болгон маалыматтарды түркчө которуп, кыз дарыланып жаткан ооруканага берип жибердик.

Анткен менен адвокат жана окуяга көз салган байкоочулар аялдын укугу корголбой калабы деп тынчсызданууда. Анталияда иштеп жүргөн кыргызстандык Нурзада сабалган аялды ооруканага жеткирген учурга күбө болгонун айтып берди:

- Аялды полиция мамлекеттик ооруканага эртеси күнү алып келиптир. Медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан экен. Жылаң аяк, элдин баарына кыйкырып, ызы-чуу салып жатыптыр. Оорукчан экени көрүнүп турган. Сүйлөшө алган жокмун. Анткени жанына жолотпой кыйкырып жатканынан эч ким жанына даап бара албай койгон.

Кыргызстандык аялды сабоо окуясына байланышкан иш боюнча Түркияда маалымат таратпоо тууралуу сот чечим чыгарган. Жабык сотко катышкан Анталиядагы аялдар укугу боюнча комитеттин адвокаты Мүге Гезгинжи шектүү эки полиция кызматкеринин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн баяндады.

- Эки полиция кызматкери бир аялды кыйнап сабап туруп тергөөдөгү суракта "биздин ишибизге тоскоол болду" деп көрсөтмө беришиптир. Ишиңе тоскоол болсо анда участокко эптеп алып барып, өзүнө келгенче камап койгонго укугуң бар деп айтар элем. Бирок союл менен жерге жаткырып алып сабоо - бул кылмыш. Эми ал эки адамдын бирөө камакта, экинчиси жумуштан бошотулду. Болгон жазалары ушул экен.

Чет өлкөлүк аялдардын укуктарын коргоого адистешкен уюмдун адвокаты Мүге Гезгинжи прокуратура аркылуу аракетинен майнап чыкпай, аялга толук укуктук жардам көрсөтө албай жатканын айтты:

- Биз кыргызстандык аялдын жараяны боюнча эч бир укуктук жардам көрсөтө албай келебиз. Анткени аны суракка алгандан кийин полиция кызматкерлери бизге кабар бербей эле "психикалык жактан оорулуу деп" атайын клиникага жаткырып салышкан. Анын туугандары же таанышы болбогондуктан мен адвокат катары психикалык клиникага кире албай жатам. Ал аял менен акыркы жолу участокто сүйлөшкөндө абалы өтө оор эле. Ага колдоо көрсөтөрүмдү түркчө айттым, бирок түшүнгөн жок окшойт.

Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик психикалык ооруканасы сабалган аялдын абалы тууралуу эч бир маалымат берилбей турганын "Азаттыкка" билдиришти. Анталияда анын жакындары же тааныштарына байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 19 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенишет. Анталия аймагында эле бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG