Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Түркия: оппозицияны камоого жол ачкан мыйзам


Парламенттеги Элдик демократиялык партиянын депутаттары кол тийбестикти алууга каршы болуп келишкен.
Парламенттеги Элдик демократиялык партиянын депутаттары кол тийбестикти алууга каршы болуп келишкен.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга 7-июнда кол койду. Бул күрттөрдүн таламын талашкан жана бийликке каршы чыккан депутаттарды сот жообуна тартууга жол ачары айтылууда.

Бийликтин “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы сунуш кылган долбоорду 550 депутаттын 376сы колдогон. Бирок оппозиция каршы чыкты. Ага мыйзам күрттөрдүн таламын талашкан жана бийликке каршы чыккан депутаттарды сот жообуна тартууга жол ачат деген жүйө негиз болууда.

Май айында парламент мыйзам долбоорун колдогондо Эрдоган:

- Элим кайсы бир нерселерге күнөөлүү адамдарды парламенттен көргүсү келбейт, өзгөчө жикчил, террористтик уюмдарды колдогондорду, - деген эле.

Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Муну менен ал парламенттеги Элдик демократиялык партия өлкөдө тыюу салынган, акыркы айлардагы жардырууларды ишке ашырган делген Күрт жумушчу партиясын колдойт деп айыптаган. Мындан улам ЭДП депутаттарын “террорчу” катары кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин белгилеген.

Күрттөрдүн жана азчылыктын таламын талашкан Элдик демократиялык партиянын теңтөрагасы, оппозициячы Селахиттин Демирташ:

- Бул мыйзам Конституцияны бузуу менен кабыл алынды. Ага каршы арыздануу укугубуздан да кол жуудук. Ошентсе да диктаторлук режимге бара жаткан Эрдогандын каалоосуна көнбөйбүз. Мажбурлап жасаган аракеттерине макул эмеспиз. Эгер зордой турган болсо анын өзүнүн каалоосу.

Селахиттин Демирташ
Селахиттин Демирташ

Ушу тапта парламенттеги 138 депутатка байланыштуу иш тергөөдө. Жаңы мыйзамга ылайык, прокуратура алардын кимисин, кайсы убакта болбосун камай алат. 138дин 101и Элдик демократиялык партиянын мүчөлөрү экенин "Рейтер" агенттиги белгилөөдө. Депутаттарынын көбү камалышы мүмкүндүгүнө карабастан Демирташ күрөштү токтотпой турганын айтууда:

- Саясий жана укуктук талаада күчтүү салгылашууну көрсөтөбүз. Биз элдин добушунун таянычы менен келгенбиз жана ага таянабыз. Эрдогандын саясий буйругу менен жасала турган камоолорго жана кысымдарга карабай, биз да тике туруп салгылашабыз. Кайда болбойлу, биз өз принциптерибизди коргоону улантабыз!

Эрдогандын каршылаштары ал ушуну менен парламентти алсыратып, өлкөгө президенттик бийлик орнотууга жол алганын белгилешүүдө.

Жаңы мыйзамга Евробиримдик демократия жана адам укуктарына чек коерун, парламентте эркин пикир билдирүүнү чектерин айтып, тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG