Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Түркия: өрт чалган аймактардын жашоочулары жардамга муктаж


Түркия. Август, 2021-жыл.
Түркия. Август, 2021-жыл.

Шаршембиде Түркия бийлиги токойлордогу өрттүн 167 очогу чектелип, көзөмөлгө алынганын билдирди. Бирок дагы 16 өрттүн очогун өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат.

Өрттү өчүрүүгө 40 градустан жогорку ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоол болуп жатканы белгиленди. Миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүрүлүп, айрым айылдар толугу менен күйүп кеткени айтылууда.

Анталия шаарында түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева өрт чыккан Манавгат аймагына чейин барып, жабыркаган айыл тургундарына жардам көрсөтүп келген. Ал "Азаттыкка" маек курду.

- Учурда Түркиянын айрым аймактарында токойдогу өрт токтобой, күйүп жатат. Анталия шаарынан 70 чакырым алыста жайгашкан Манавгат деген аймакка барып келдик. Өрттөн жабыркаган айыл тургундары менен жолугуп, колдон келишинче акчалай, азык-түлүктөн жардам бердик.

Түркия. Манавгат. Август, 2021-жыл.
Түркия. Манавгат. Август, 2021-жыл.

Манавгаттагы биринчи айыл толугу менен күйүп калыптыр. Андан соң кийинки айылга бет алдык. Ал жерде үйлөр жарым-жартылай күйүп, айыл тургундары бар экен. Алар бизге кандай оор күндөрдү өткөрүп жаткандарын айтып, ыйлашты. Дээрлик көпчүлүгү жаш балдарын башка жакка жөнөтүп жиберишиптир. Эки күндөн бери айылда суу чыкпай, тамак жей албай турган айылдыктар да бар экен.

Периза Асаналиева айылдыктарга жардам таратып жатат.
Периза Асаналиева айылдыктарга жардам таратып жатат.

- Негизи эле өрттөн кийин калктын жалпы жагдайы кандай экен?

- "Миң уккандан көрө, бир көргөн жакшы" демекчи, жакын турган жерлерде өрт чыгып жатса, тынч тура алган жокбуз. Балким, ошол жакта биздин мекендештер да бар болду бекен деп абдан кабатырландык. Негизи, Манавгат жаратылышы, токойлору, деңизи менен көздүн жоосун алчу. Эми болсо бүт жер капкара болуп күйүп калыптыр. Ыштын жыты дагы деле кете элек. Жергиликтүү калк "дагы кайсыл жерде, качан өрт чыгып кетет" деп коркуп отурушат. Токойлордун ичиндеги айылдар көп зыянга учураган. Манавгат шаарынын өзүнө өрт анча келбептир, бирок шаардыктар деле кооптонуп башка жактарга көчүп жатышыптыр.

"Айымдар коомунун" мүчөлөрү өрттөн жабыркаган айылдыктар менен сүйлөшүп жатышат.
"Айымдар коомунун" мүчөлөрү өрттөн жабыркаган айылдыктар менен сүйлөшүп жатышат.

- Мекендештер демекчи, өрт чыккан аймактарда кыргызстандыктардан кабар ала алдыңызбы?

- Албетте, биз өрт чыккан күнү эле Манавгаттагы кыргызстандыктарды тактай баштадык. Өрт айыл тарапта, токойлордо болгондуктан, жабыркагандардын арасында биздикилер жок. Ал эми Манавгат шаарынын өзүндө жашап, иштеген кыргызстандыктар көп.

- Жергиликтүү калк учурда кандай жардамга муктаж экен?

- Биз барган айылдардагы эл акчалай жардам күтөбүз деп айтышты. Анткени алардын дээрлик көпчүлүгү айыл чарбасы менен алектенгендиктен, эгин айдагандары, мал-жандыктарынын баары күл болуптур. Насыя алып жашаган карапайым калк көп экенин байкадым. Эптеп күйгөн үйүн кайра тургузуп алам дегендерге материалдык жардам керек экенин көрдүм. Тамак-аш жагынан өтө көп жардам келип жатыптыр. Андыктан биз да мындан кийин акчалай жардам көрсөтөлү деген жыйынтыкка келдик.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG