Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Түркия: вирус жуккан туристтер изоляцияга алынат


Дезинфекцияланган мейманкана бөлмөсү. Анталия шаары. 2020-жыл.
Дезинфекцияланган мейманкана бөлмөсү. Анталия шаары. 2020-жыл.

Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү июль айына салыштырмалуу көбөйгөнү байкалууда. Расмий Анкара вирусту жуктуруп ооруканада жаткандардын 95 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар экенин ачыктады.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин расмий маалыматы боюнча, быйыл алты айда өлкөгө төрт миллионго жакын чет өлкөлүк келген. Алардын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Украина жана Германиянын жарандары.

Май айынан баштап Гонконг, Кытай, Тайван, Вьетнам, Австралия, Жаңы Зеландия, Сингапур, Тайланд, Түштүк Корея, Израил, Жапония, Улуу Британия, Литва, Люксембург, Украина жана Эстониянын жарандарынан Түркияга кириш үчүн ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт. Ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары коронавируска каршы тапшырган тестти көрсөтүүгө милдеттүү.

Чет элдиктер эң көп каттаган Стамбул шаарында туристтик агенттикте иштеген кыргызстандык Гүлмира Түркияга барып кайра өлкөлөрүнө кайтып бараткан туристтердин арасында да ПЧР-тесттен вирус чыккандар бар экенин билдирди.

"Биздин агенттик Стамбул шаарында жеке лаборатория менен иштешебиз. Алардан сураганымда айына 2500дөй чет өлкөлүктөргө ПЧР-тест кылышат экен. "Орточо эсеп менен ошонун жүзүнөн коронавирус аныкталат" деди. Бирок алардын арасында кайсыл штамм менен ооругандары билинбейт экен. Негизинен биздин кардарлар КМШ өлкөлөрүнөн Түркияга эс алып же жумуштары менен келгендер болот. Бир жылдан бери ушул агенттикте иштейм. Менин тажрыйбамда буга чейин эки гана турист Түркияда коронавируска чалдыгып, 14 күн изоляцияда калып6 анан өлкөлөрүнө учуп кетишти",- дейт Гулмира.

Анталия аймагындагы мейманкалардын бири.
Анталия аймагындагы мейманкалардын бири.

Ал ошондой эле чет өлкөлүк туристтер Түркияга барарда коронавирус тестин "таза" экенин көрсөтүп кирерин кошумчалады.

"КМШ өлкөлөрүнөн Түркияга кире турган же кайра кете турган ар бир жаран ПЧР-тестин тапшырууга милдеттүү. Эгер турист Түркияга учак менен келсе6 анда ал тесттин жыйынтыгын көрсөтүп анан учуп келет. Ал эми кайра үйүнө кетип баратканда тест тапшырып, анысы оң чыгып калса анда ал киши вирусту Түркияда эс алып жүргөн жерде жуктуруп алган болот", - деди Гүлмира.

Деген менен февраль айында Стамбул шаарында чет өлкөлүктөргө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын жасап саткан уюшкан топ кармалганы кабарланган. Анда 12 шектүү кармалып, төрт кишиге кылмыш иши козголгон. Ал топ 200-300 долларга жасалма тесттин жыйынтыгын сатып, аларга учак билеттерин сатып алууга жардам бергени аныкталган.

Буга чейин Түркиядагы Жугуштуу оорулар коомунун жетекчиси, профессор Мехмет Жейхан жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Индиядан тараган коронавирустун "дельта" штаммы күч алып турганда, өзгөчө орусиялык туристтердин Түркияга келиши кырдаалды курчутарын белгилеген.

"Орусияда коронавирустун "дельта" варианты күчөп турган маалда, биз аларга "келгиле, биздин мейманканалар коопсуз, жайбаракат эс алгыла" деп жар салдык. Чынында, биз алардан кооптонушубуз керек болчу. Быйыл бир миллион орусиялык туристтер келди деп жатышат. Алардын ичинде вирус ташып жүргөндөрү бар экени талашсыз. Курман айтта бир жума каникулга чыккан түркиялыктар да Орусиядан келген туристтер менен бир мейманканада эс алышты. Эч ким беткап такпайт, вирус бири-бирине жугат. Майрам бүтүп үйүнө келген түрктөр ооруй баштаганда, биз кырдаалды жөндөй албай каларыбызды сезип турам",- деди Жейхан.

"Коопсуз туризм" сертификатынын талаптарынын бири социалдык дистанцияны сактоо.
"Коопсуз туризм" сертификатынын талаптарынын бири социалдык дистанцияны сактоо.

Үч жылдан бери Анталия шаарында чакан пансионат иштеткен кыргызстандык Зейнеп пандемияда кардарларын арасында коронавирус жуктуруп алган кардарлар болбогонун айтты.

"Буга чейин биздин пансионатта жашап, коронавирус менен ооругандар катталган жок. Өзгөчө пандемияда жумушсуз калган мекендештерим келип жашап турушту. Бирок кыргызстандыктар эле эмес Өзбекстан, Түркмөнстандан келген кардарларым да бар. Вирус боюнча бир көйгөй чыккан жок",- деди Зейнеп.

Чет өлкөлүк туристтер менен иш алып барган ар бир фирма "Коопсуз туризм" сертификатын алууга тийиш. Анда мейманканалар атайын изоляция бөлмөлөрүн уюштуруп, беткап эрежесин сактоого жана жумушчуларын эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.

Ошондой эле мейманкананын кардары коронавируска чалдыкса, ага акысыз изоляция бөлмөсү берилип, 14 күн обсервацияга алынат.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2-августта коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 22 898 кишиге жетти. Бул май айынын ортосунан бери эң жогорку көрсөткүч. Бирок министрлик вирус жуктуруп алгандардын арасында чет өлкөлүктөрдүн бары-жоктугун маалымдай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG