Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Түркмөн бийлиги дарыгерлерин жүдөттү


Түркмөнстан. Президент Гурбангулы Бердымухамедов. Ашхабад, 18-май, 2011-жыл.
Түркмөнстан. Президент Гурбангулы Бердымухамедов. Ашхабад, 18-май, 2011-жыл.

Коронавирус бар экенин мойнуна албай туруп, өлкөгө карантин киргизген Түркмөнстанда дары-дармек, ооруканада орун жана медицина кызматкерлери жетпей жатат.

Өлкөдө базарлар, көңүл ачуучу жайлар жана мечиттер жабылган. Бюджеттик кызматкерлер жапырт өргүүгө чыгарылууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Түркмөнстанга келер алдында баш калаада жок болуп кеткен карантиндик зоналар кайда жашырылганын аныкташты. Кабарчылардын билдиргенине караганда, борбор шаардагы карантин зоналары Мары облусундагы райондорго көчүрүлгөн болуп чыкты. «Азаттыктын» Байрамали шаарындагы кабарчысы медицина кызматкерлери ошол карантин зоналарына жиберилип атканын билдирди:

«Ал жакта дарыгерлер жетишсиз болгондуктан бүт өлкө боюнча дарыгерлерди аймактагы карантин зоналарына жиберип жатынат. Карантин зоналарында иштеп жаткан медицина кызматкерлери көз жуумп атышат. Тааныш дарыгерлер аларга тамеки, арак жана тамак жөнөтүүнү суранышууда. Алар вируска каршы дары түгүл тамак менен да камсыздалган эмес. Кулап калганча иштеп атышат. Алар дары-дармектин жоктугунан элди эмне менен дарылоону билбей айласы кетип отурат».

Дарыгерлер оор шарттан сырткары адам чыдагыс басымдын, коркутуунун астында иштөөгө аргасыз болуп атканын айтышкан:

«Адамдар өлүп жатканын тек гана карап отурганга туура келип атат. Айрым медайымдар туруштук бере албай жатышат. Күн сайын өтө көп адам көз жуумп атат. Сөөктү орогонго желим баштыктар жетпей, анын ордуна эски шейшептерди колдонууга туура келип атат. Айрым бейтаптар карантиндик зонадан качып кеткенге аракет кылышат. Бирок карантиндик зонаны коопсуздук кызматтары көзөмөлдөп турат. Оор абалдагы бейтаптар өзүнчө жашашат. Бейтаптар кайда жатканын билбегендиктен, аларга тууугандары дары-дармек да жибере албайт».

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Мары облусунун борборундагы «Тез жардам» кызматы чакырууларды кабыл албай жатканын билдирди. Кабарчы 21-июлга караган түндө болгон бир окуяны мындайча баяндап берди:

«Кечээ 38 жаштагы киши өзүнүн машинеси менен шаардык «Тез жардам» кызматына келди. Ал дене табы көтөрүлүп атканына даттанган. Анын телефонун алып, дароо Йолетен районуна алып кетишкен. Арадан эки саат өткөндөн кийин ал айласын таап, туугандарына чалып, өзүн чыгарып кетүүнү суранган. Ал «машинени сатып болсо да мени чыгарып кеткиле» деген. Бул анын акыркы сөзү болуп калды. Арадан дагы эки саат өткөндөн кийин ал каза болуп калганы тууралуу кабар келген. Туугандары аны бүгүн жерге беришти».

Учурда Мары облусунда сулуулук салондору, кафе-ресторандар жабылган. Базарлардын тамак-аш сатуучу бөлүгү гана ачык турат. Үйлөнүү тойлору тар чөйрөдө, жакын туугандардын катышуусунда гана өтүп калды. Карантин зоналарында иштөөгө бүт Ашхабад боюнча дарыгерлерди чогултула баштады. Өлкөдөгү бардык дарыгерлер карантин зоналарында эки аптадан иштеп берүүгө милдеттендирилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG