Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

Украина: оппозиция тааныбаган шайлоо


Киевдеги добушканалардын биринде.

“Азаттыктын” "Өңүт" программасы Украинанын парламенттик шайлоосунун оппозиция тааныбай жаткан жыйынтыктарын талдоого алды.

Украин парламенти – Жогорку Рададагы 450 орун үчүн азыркы шайлоо партиялык тизме жана бир мандаттуу округдар боюнча өттү. Натыйжада парламентке бул ирет Кыргызстандыкы сыяктуу беш саясий партия кире турган болду.

Алар: президент Виктор Януковичтин бийликтеги “Региондор”, оппозициянын абактагы лидери Юлия Тимошенконун “Батькивщина” (Ата Мекен), белгилүү мушкер жана профессионалдык бокс боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличконун УДАР, Коммунисттик жана улутчул “Эркиндик” партиялары.

Акыркы эсептерге караганда, президент Виктор Януковичтин “Региондор” партиясына партиялык тизмени жана бир мандаттуу округдарды кошкондо 187 орун тийчидей.

Ал эми парламентте жөнөкөй көпчүлүктү куроо үчүн эле 226 мандат, конституциялык көпчүлүк үчүн 300 мандат талап кылынат.

Абактагы оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун “Батькивщина” партиясы 103 мандат менен экинчи орунга чыкты.

Бирок Тимошенко өзү шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп санагандыктан абактын ооруканасында 29-октябрдан бери ачкачылык жарыялап жатат. Тимошенконун партиялаштары болсо оппозициячыл күчтөрдү шайлоо жыйынтыгына нааразылык иретинде жаңы параламенттин ишин бойкоттоого чакырган.

Виталий Кличко жубайы менен.
Виталий Кличко жубайы менен.
Үчүнчү орунду 40 мандат менен мушкер Виталий Кличконун УДАР партиясы, төртүнчүнү 37 мандат менен улутчул “Эркиндик” партиясы, бешинчини 32 мандат менен Коммунисттик партия алды.

Калган 40тан ашуун орун эч бир саясий партияга кошулбаган, бир мандатуу округдардан чыккан талапкерлерге таандык.

Киевдик саясат таануучу Константин Матвиенконун пикиринде, Украинанын бул шайлоосу да батыш-чыгыш деген айтылуу ажырымды дагы бир жолу далилдеди:

- Оппозиция өзүнүн таасирин күчөттү, бирок ал экинчи жагынан чачыранды бойдон калууда. Анткени оппозиция максаттары ар тараптан шайкеш келе бербеген үч саясий партиядан турат. Бийлик болсо легитимдүүлүгү төмөндөп бара жатканын, мурдагыдай эле парламентте коммунисттерсиз көпчүлүктү түзүүгө жөндөмсүз экенин көргөздү. Демек биз парламентте мүмкүнчүлүктөрү дээрлик окшош жана бири-бирине каршы турган саясий күчтөргө ээ болуп жатабыз. Бул өлкөдөгү маанайга, Украинанын батыш-чыгыш деген айтылуу бөлүнүүсүнө толугу менен шайкеш келүүдө. Башкача айтканда, аталган карама-каршылык саясий деңгээлде сакталып жатат. Ага катар бул шайлоодо улутчул “Эркиндик” партиясы таасирин кеңейтип, чыгышты карай да жүрүш жасады.

Улутчулдардын ийгилиги

Саясат таануучу Константин Матвиенко улутчул партиянын бул шайлоодогу ийгилигинин бир себебин талаштуу тил мыйзамына байланыштырды. Анткени быйыл жайда орус тили орус тилдүү калк үстөмдүк кылган аймактарда регионалдык тил деген расмий макам алган эле. Бул өз кезегинде улутчул күчтөрдүн нааразылыгын жараткан.

Өзү улутчул күчтөр Украинанын постсоветтик тарыхында парламентке саясий партия катары туңгуч ирет киришти.

Прикладдык саясий изилдөөлөр боюнча Киевдеги борбордун башчысы Владимир Фисенко оңчул-радикал “Эркиндик” партиясынын шайлоо алдында күтүлгөндөн эки эсе көп добуш алышын мындайча чечмелейт:

- Мындай бир жарылма добуш берүү болду да. Бизде азыркы шайлоого чейин шайлоо боюллетенинде баарына каршы, бир да саясий күчтү колдобойм деген графа бар эле. Азыркысында мындай графа болгон жок. Бирок эч кимге ишенбеген, ага катар азыркы бийликке оппозицияда, сынчыл маанайда турган шайлоочулардын көбү абдан радикал оппозициячыл күч – "Эркиндик" партиясын колдошту. Ага ошондой эле олку-солку болуп турган шайлоочулар да добуш беришти. Анан албетте 13 пайыздан ашуун шайлоочу колдогон коммунисттердин ийгилигин эске алганда, жаңы парламентте радикалдашкан маанайдын күчөшү күтүлөт. Улутчул “Эркиндик” жана Коммунисттик партияны жактагандар санынын өсүшү коомдук маанай да радикалдашканын көргөзүүдө. Шайлоочулардын абдан эле чоң бөлүгү азыркы социалдык-экономикалык, саясий кырдаалга канааттанышпайт, андыктан өз добуштарын радикал саясий күчтөргө беришүүдө. Ошол эле коммунисттер мурдагы парламенттик шайлоого караганда, эки эседен көп добуш алышты. Азыр аларда келечекке жана парламенттеги активдүүрөк ролго үмүт жаралууда.

Саясат таануучу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, бул парламенттик шайлоо жыйынтыгынын дагы бир маанилүү жаңылыгы - таанымал мушкер Виталий Кличконун эки жыл мурда эле уюшулган УДАР партиясынын экинчи оппозициячыл күч катары үчүнчү орун алып, парламентке кире алышы.

Бул мурдараак Киевдин мэри кызматын талашкан мушкердин алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары чыгуу мүмкүнчүлүгүн көтөрдү.

Батыштын сыны

Саясий өнөктүктүн жүрүшү Европа менен АКШнын да көңүлүн бурдурду.

Шайлоо алдындагы жараянга жана добуш берүүнүн жүрүшүнө бир нече жүз байкоочусу көз салган Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого терс баасын берди.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын баштапкы тыянагына караганда, азыркы шайлоо өлкөдөгү “демократиялык прогрессти артка тартты”.

Шайлоону Кошмо Штаттар да сындады. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул шайлоо Украина артты көздөй кадам таштаганын көргөзгөнүн белгилеп “украин эли мындан дуруска татыктуу эле. Алар демократиялык институттар бекем жана мыйзам үстөмдүгү урматталган өлкөдө жашоого татыктуу. Азыркы шайлоо бул максаттарга жеткирген жок”,- деп айтты.

Өзү АКШ менен Евробиримдик оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун соттолушун саясий жүйөөсү бар иш деп санашкандыктан, соңку кездери украин бийликтеринин аракеттерин сынга алып келишкен.

Бирок парламентке Тимошенконуку менен катар башка эки оппозициячыл партия да кирип жаткан шартта шайлоо боюнча айтылган сын канчалык жөндүү?

Биз бул суроону киевдик саясат таануучу Константин Матвиенкого жолдодук:

- Сын биринчи кезекте добуштарды саноо механизминин ачык-айкын эместигинен, шайлоочуларды сатып алуу аракеттеринен, административдик ресурстун таасиринен, а түгүл шайлоо бекеттеринде күч колдонуу аракеттеринен улам жөндүү. Андыктан ЕККУ менен АКШнын сынынын толук негизи бар. .

Орусия болсо Украинанын шайлоосун кубаттап, ал жалпысынан “адилет жана ачык айкын” өткөнүн белгиледи.

Талаштардын табияты

Жакынкы тарыхка эле кылчайсак, “саргылт” ыңкылапты Кыргызстандагы “жоогазын” ыңкылабынан бир жыл мурда ишке ашырган Украина, ошол ыңкылаптын аркасы менен келген конституциялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында парламенттик башкарууга Кыргызстандан төрт жыл мурда кадам таштаган. Бирок бул башкаруунун өмүрү кыска эле болду.

Башкача айтканда, Украина парламенттик-президенттик республикада төрт гана жыл, 2006-2010 жылдардын аралыгында гана жашады.

Президенттикке Виктор Янукович келгенден кийин Конституциялык сот “саргылт” ыңкылаптын аркасы менен келген өзгөрүүлөрдү жокко чыгарып, өлкөнү кайра 1996-жылкы Баш мыйзамга кайтарган.

Мындан улам парламенттик шайлоо Украинада жаңы коалиция куралат же өкмөт автоматтык түрдө кайра түзүлөт дегенди билдирбейт. Өкмөттү куроодо президенттин ролу чоң. Оппозиция премьер-министрге ишеним көргөзбөө маселесин алып чыга алат, бирок ал үчүн парламенттик көпчүлүк талап кылынат.

Андыктан жаңы парламент ишин баштай алса саясий күчтөрдүн каршылашуусу же соодалашуусу коалиция куроодо эмес, олуттуу жана тагдыр чечер мыйзамдарды кабыл алууда чыгышы мүмкүн.

Саясат таануучу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде украин парламентиндеги буга чейинки жаңжалдардын табиятына жана тарыхына кайрылып, буларды эске салды:

Жакалашуу украин парламенти үчүн мүнөздүү көрүнүш.
Жакалашуу украин парламенти үчүн мүнөздүү көрүнүш.
- Акыркы жылдары Кара деңиз флоту жана газ баасы боюнча “Харьков” макулдашууларын (Орусия) менен ратификациялоого байланышкан жаңжал болду. Анда чын эле катуу жаңжал чыгып, парламент ичинде депутаттар кагылышкан, сыртында да күч колдонулган. Муну бүт дүйнө көргөн. Быйыл жайда, шайлоо алдында тил мыйзамын кабыл алууда да олуттуу жаңжал чыкты. Өзү украин парламентиндеги кырдаалды, тирешүүнү оппозиция менен бийликтин ортосундагы татаал, конфликттик мамиле шарттап турат. Андыктан тигил же бул мыйзамдын куну же Конституцияга киргизилген өзгөртүү тигил же бул саясий күчтүн турумуна коркунуч туудурса, алар күрөштүн акыркы ыкмаларына, анын ичинде парламент трибунасын тороого чейин барышат. Тилекке каршы бизде мына ушундай өкүнүчтүү саясий салт калыптанып калган. Бирок ал украин саясатындагы гана эмес, украин коомундагы терең саясий карама-каршылыктарды чагылдырып турат. Анткени бизде өлкөнүн бир бөлүгү бир саясий күчкө, экинчиси башкасына добуш беришет.

Маселен болочок парламентте да оппозиция өлкөнүн борбордук жана батыш аймактарынын шайлоочуларына таянышат. Бийликтеги "Региондор" партиясы менен алардын өнөгү коммунисттер тескерисинче чыгыш жана түштүк аймактардын орус тилдүү шайлоочуларына таянат. Анндыктан курч саясий жаңңалдар украин коомундагы терең этно-маданий айрымачылыктарды да чагылдырып турат.


Орусия же Европа

Батыштын шайлоо жыйынтыгын комментарийлеген айрым гезиттери соңку саясий өнөктүк орусиячыл жана европачыл багыт боюнча ажырымды кайрадан ырастаганына көңүл бурушту.

Киевдик саясат таануучу Константин Матвиенконун пикиринде, шайлоо жыйынтыгы украин коому Орусия менен тыгыз интеграцияны четке кагарын ачыктады:

- Шайлоо жыйынтыгы украин коому Орусия менен интеграциялык долбоорлорду каалабасын көргөздү. Андыктан азыр Орусия менен кызматташтыктын күчөшү күмөндүү. Орусия Украинадагы экономикалык жараяндарга активдүү кийлигишкенине карабай, аны менен геоасаясий кызматташтык арсар болуп турат. Украина Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныбай турганы, ошондой эле Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюу маселеси боюнча консультацияларды улантары түшүнүктүү.

Орусия демекчи, президенттикке Владимир Путин кайра шайлангандан бери Москва Киевге Кыргызстан да мүчө болууну көздөгөн Бажы союзуна кирүүнү утур-утур сунуш кылууда.

Бирок Бажы союзга кошулууга даяр эместигин, Дүйнөлүк соода уюмга мүчөлүгүн жүйөө кылган Украина ага кирүү ниетин чындап көргөзө элек.

Прикладдык саясий изилдөөлөр боюнча Киевдеги борбордун башчысы Владимир Фисенконун болжолунда, бул жакынкы келечекте Украинанын парламентин кызыл чекеге кылуучу маселе болбойт:

- Украина расмий түрдө, анын ичинде мыйзам боюнча да өз приоритети катары европалык интеграцияны эсептейт. Бул ички жана тышкы саясаттын негиздери боюнча мыйзамда катталган.. Евробиримдик менен Украинанын ортосунда эркин соода аймагына ассоциация боюнча келишим долбоору даярдалган. Бирок бул келишимге кол коюу оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр узак мөөнөткө сотолгонуна, оппозициянын дагы бир лидери Юрий Луценко кесилгенине байланыштуу кийинкиге калтырылып турат. Евробиримдик өз тарабынан бул келишимге кол коюлушунун шарты катары азыркы парламенттик шайлоо канчалык демократиялуу өтөрүн, экинчи жагынан Тимошенко менен Луценконун бошотулушун атаган. Тилекке каршы бизде азыр Евробиримдик менен чыңалган мамиле сакталып турат. Бирок Украина азырынча Бажы союзга кирүүгө да умтулган жок. Болгону президент Янукович буга чейин Бажы союзу менен мамиледе Украина үчүн ыңгайлуу формуланы сунуштаган. Бул Бажы союз менен өнөктөштүк алака, бирок түз мүчөлүккө барбоо. Андыктан парламент үчүн Бажы союзунун маселеси актуалдуу эмес, бул маселенин мааниси украина президенти демилге көтөрүп, Бажы союзу менен сүйлөшүүлөр башталса гана артат. Азырынча мындай нерсе жок.

Саясат таануучу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Бажы союзуна кошулуу украин Конституциясын өзгөртүүнү талап кылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG