Верховна Рада январдын этегинде кабыл алган мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык, антиөкмөттүк чыгуулардын катышуучуларына каршы козголгон кылмыш жана административдик иштер кыскартылмакчы.
Башкы прокурор Виктор Пшонканын кеңсеси ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргенине караганда, демонстранттар мунапысты ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды аткарышты. Атап айтканда, алар ээлеп алган өкмөттүк имараттарды бошотууга жана Киевдин борборундагы Грушевский көчөсүндөгү тосмолорду алып салууга макул болушту. Ошондой эле 5 облустун акимчиликтери бошотулду.
Оппозиция лидерлери бийлик убактылуу кармоочу жайларда отурган демонстранттарды коё бергенин жарыялагандан кийин митингчилер жекшемби күнү эртең менен баш калаанын администрациясы жайгашкан имараттан чыгып кетишти.
Демонстранттар 1-декабарда имаратка кирип барып, аны президент Виктор Януковичке каршы нааразылык акцияларынын символикалык баш кеңсесине айландырышкан.
Оппозиция жетекчилеринин бири Олег Тягнибок жекшемби күнкү демонстрацияда баш прокурорго мунапыс тууралуу документке кол коюуга дүйшөмбүгө чейин убакыт берилээрин айткан:
- Башкы прокурордун буйругун күтүп жатабыз. Ал сүйлөшүлгөн шарттарды аткарат деп ишенебиз. Прокурор тиешелүү буйрукка кол койбосо, биз коомдук имарттарды кайрадан элдин көзөмөлүнө алууга укуктуубуз. Башка имараттарды да ээлешибиз мүмкүн. Бийлик муну түшүнүүгө тийиш.
Эсиңиздерге сала кетсек, жума күнү бийлик толкундоолор маалында камалган 243 кишини азат кылган.
Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон демонстранттардын имараттарды бошотуусун кубаттады. Эштон Украин бийлигин оппозиция активисттеринин жана демонстранттардын үстүнөн ачылган соттук териштирүүлөрдү жана камоолорду токтотууга үндөдү. Анын айтымында, бул кадам алдыдагы күндөрү саясий диалогду натыйжалуу жүргүзүүгө жардам бермекчи.
Януковичтин өкмөтүнө каршы акциялар ноябрда президент Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартып, ошол эле маалда Орусия менен жакындашууга багыт алгандан кийин тутанган.
Бирок кийин евроинтеграциянын жактоочулары көбүнесе президенттин отставкасын, эрте парламенттик жана президенттик шайлоонун өткөрүлүшүн талап кыла башташты.
Жыл башында парламент митинг-пикеттерди катуу чектеген жана анын катышуучуларын жазалоону караган жобону жактырган. Ошондон кийин тынч демонстрациялар курчуп, кагылышууларда бери дегенде 4 киши каза тапты
Көп узабай, оппозициянын жана эл аралык коомчулуктун кысымына туш болгон Янукович ал мыйзамдарды жокко чыгарган жана мунапыс жөнүндөгү жобого кол койгон.
Оппозиция азыр деле мамлекет башчынын кызматтан кетишин талап кылууда.