Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Украинада дагы эки аскерий учак атып түшүрүлдү


Украина -- Донецк шаарынан 25 чакырым аралыкта турган жикчилердин тосмосу. 23-июль, 2014
Украина -- Донецк шаарынан 25 чакырым аралыкта турган жикчилердин тосмосу. 23-июль, 2014

Бул окуя малайзиялык жүргүнчү учактын кыйрашына ким жоопкер экендиги боюнча талаш-тартыштар уланып жаткан учурга туш келди. Кыйроо курмандыктарынын сөөгү кечээтен тарта Нидерландияга жөнөтүлө баштады.

Чыгыш Украинада эки учагы атып түшүрүлгөнүн украин коргоо министрлиги жикчилердин кабарынан көп өтпөй эле ырастады. Окуя Снежное деген шаарчанын айланасында болгон.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин бул окуя боюнча билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, баштапкы маалыматтар боюнча аскерий учактарды көздөй ракета Орусиянын аймагынан атылган.

Кеңештин басма сөз катчысы Андрей Лысенко буларды айтат:

- Баштапкы маалымат боюнча, бул учактар террорчулар тарабынан атылган жок. Себеби учакка каршы портативдик, ракеталык-зениттик комплекстер мындай бийиктиктеги бутага сокку ура албайт. Учактар 5200 метр бийиктиктен атып түшүрүлгөн. Бул кубаттуу зениттик-ракеталык комплекстер жетүүчү бийиктик.

Украин бийликтеринин айтымында, учкучтар учак кулаганча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок алардын абалы жана кайда экени беймаалым.

Киевдеги расмий өкүлдөргө чейин Снежное деген шаарчанын жанынан Су -25 үлгүсүндөгү бир учакты атып түшүрүшкөнүн жикчилер кабарлашкан эле.

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасындагы” куралчандардын Итар-ТАССка айтканына караганда, алар украин учактарына каршы көтөрүп жүрүүчү ракеталык-зениттик комплексти гана колдонушкан. Жикчилер билдиргендей, алардын огунан украин армиясынын дагы бир СУ -25 учагы зыян тарткан, бирок башка тарапты көздөй учуп кетүүгө үлгүргөн.

Учактар атып түшүрүлгөнү боюнча жаңы маалыматтар жикчилер көзөмөлдөгөн аймакта малайзиялык жүргүнчү учактын кыйрашына ким жоопкердиги жана ага кандай ракета тийгендиги боюнча талаш-тартыштар уланып жаткан учурга туш келди.

Расмий Киев жикчилер заманбап куралды Орусиядан алууда деген ишенимде турушат.

Ички иштер министринин кеңеши Антон Герашченко кечээ Киевдеги басма сөз жыйында буларды айтты:

- Украин ички иштер министрлигинде Орусия коргоо министри Шойгунун “Донецк Элдик республикасынын” , “Луганск элдик республикасынын” террорчуларына курал, ГРАД комплекстерин, танктарды, артиллерияны берүүгө тиешеси бардыгы боюнча танууга болбой турган далилдер бар. Ушу тапта биз Шойгу мырза украин учактарын атып түшүрүүсү үчүн террорчуларга учакка каршы “Бук М 1” компплексин берүүгө макул болгону тууралуу маалыматтарды иликтеп жатабыз. Бирок мен билгенден, алар Малайзия аба жолдорунун учагын кыйраткан сокку урушту.

Малайзиялык “Боингди” орусиячыл жикчилер жаңылыш атып алганын өз маалыматтарына таянууу менен АКШ чалгын мекемелери да айтып чыкты. Алардын эсебинде, Малайзиянын жүргүнчү учагын Украинадагы орусиячыл жикчилер “SA-11” ракетасы менен атып түшүргөн болушу мүмкүн. Бул - “Бук” ракеталык-зениттик комплексинин АКШ менен НАТОдогу классификациясы.

Жүргүнчү учакты атууга орус тараптын тикелей байланышы бардыгы боюнча далилдер табылган жок. Бирок АКШ чалгын мекемелеринин пикиринде, Орусия жүргүнчү учактын кыйрашына “алып барган шартты жараткан”.

Ракетаны аткандар орустардын машыгуусунан өткөн-өтпөгөнү белгисиз болгону менен АКШ чалгын кызматтарынын эсебинде, Орусия жикчилерди Ростовдогу базада машыктырып, аларды курал-жарак, анын ичинде учакка каршы курал менен жабдып жатканы анык.

АКШнын чалгын мекемелерин тейлеген расмий өкүлдөр мындай маалымат менен чыгышын Орусиянын жана анын мамлекет көзөмөлүндөгү медиасынын бурмаланган кабарларына каршы туруу деп түшүндүрүштү. Орус тарап жүргүнчү учакты украин аскерлери атып алган болушу мүмкүндүгүн ишара кылууда. АКШ чалгын кызматтары бул версияны четке кагып, учак кыйраган аймакта Украинанын ракета атуучу жабдуулары болбогонун белгилешти. Орусия Генштабынын версиясын мурдараак украин бийликтери да четке каккан.

Бул аралыкта учак кыйраганда курман болгон 298 жүргүнчүнүн сөөктөрүнүн алгачкы бөлүгү кечээ Нидерландияга алынып барды. Сөөк жеткирген учакты нидерланд падышасы Виллем-Александр баштаган расмий өкүлдөр, трагедия курмандыктарынын 1000дей тууганы тосуп алды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG