Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Киевде милиция менен демонстранттар кагылышты


Киевдеги тополоң, 19-январь, 2014.
Киевдеги тополоң, 19-январь, 2014.

"Динамо" стадионунун жанында милиция митингчилерге каршы жаш агызчу газ колдонду. Активисттер милициянын автобусуна өрт койгону, эки тараптан тең жапа чеккендер бар экени кабарланууда.

Оппозициячыл депутат Владимир Яворивский элди провокацияларга алдырбоого чакыргандан кийин активисттердин бир бөлүгү стадиондун алдындагы аянтчадан кете баштады. Майдандын өзүндө Ички иштер министрлиги тартип коргоочулардын өмүрүнө кооп жаралса, курал колдонулушу мүмкүн деп эскерткени тууралуу маалымат тарады.

Киевдеги тополоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00


УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко демонстранттарга минтип кайрылды:

- Тартип коргоочуларга, күч органдарына элге кошулгула, элди коргогула деп айткым келет. Биринчи кезекте украин элине ант бергенсиңер, аларды коргошуңар керек.

Анын алдында оппозиция Киевде өткөн Элдик курултайда жакынкы күндөрдөгү пландарын жарыялаган. Атап айтканда, Верховна Радага альтернатива катары Элдик кеңеш, андан кийин элдик өкмөт түзүлмөкчү. Андан тышкары жаңы конституция кабыл алуу жана президент Виктор Януковичке ишеним көргөзбөө мерчемделүүдө.

- Виктор Януковичке ишеним көргөзбөө, аны бийликтен кетирүү, Украинанын Элдик кеңешинин ыйгарым укуктарын бекитүү жана жаңы конституция түзүү боюнча элдик добуш берүү баштайбыз. Бийлик элге берилисин! - деди оппозициянын лидери Арсений Яценюк.

Оппозиция 16-январда парламент тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамды “бийликти узурпациялоо” деп атады. Жаңы жобо жарандардын митинг-демонстрацияларды өткөрүү укугун катуу чектейт.

Жума күнү президент Виктор Янукович нааразылык акциялары боюнча жаңы жобого кол койгон. Парламент бейшембиде жактырган жаңы жобого ылайык, коомдук жайларда бийликтен уруксатсыз чатыр тигилип, сцена орнотулуп, үн күчөткүчтөр пайдаланылса, 640 долларга чейин айып салынат же тийиштүү адамдар 15 күнгө эркинен ажыратылат. Уруксатсыз митингди түрдүү шайман-техника менен жабдыган уюмдар жана адамдар 1275 долларга чейин айып төлөйт же 10 күнгө чейин абакка отургузулат.

АКШ жана Евробиримдик жаңы мыйзамды антидемократиялык деп атап, камтамасын билдиришти. Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара Батыштын сынын четке кагып, Киев муну өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алаарын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Украинадагы кризисти 20-январда Брюсселде талкуулаганы жатышат.

Өткөн ноябрда бийлик Евробиримдик менен жакындашууга жол ачкан келишимге кол коюдан баш тарткандан бери өлкөдө нааразылык акциялары уланып келатат.

XS
SM
MD
LG