Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Киев: мунасага бир кадам


Жогорку Рада митингдерди чектеген 9 мыйзамды жокко чыгарды.
Жогорку Рада митингдерди чектеген 9 мыйзамды жокко чыгарды.

Украинада бүгүн парламент өлкөнү саясий кризистен чыгарууга багытталган чечимдерди талкуулоону улантат деп күтүлүүдө.

Кечээ митинг - демонстрацияларга каршы мыйзамдардын жокко чыгарылышын жана премьер-министрдин кызматтан чегинишин оппозиция алгачкы жеңиш катары баалоодо.

Өлкөдөгү нааразылык акциялардын экинчи толкунуна, демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кан төгүү менен коштолгон кагылышууларына себеп болгон мыйзамдардын пакетин же тогуз мыйзамды Жогорку Рада шейшемби күнкү атайын сессияда жокко чыгарды.

Украинада “диктатуралык” деп атап коюшкан ал мыйзамдар нааразылык акциялардын уюштурулушун бир топ чектеп, уруксат берилбеген митинг демонстрацияларга катышкандарды жазалоо чараларын күчөткөн.

Оппозиция лидерлери ал мыйзамдардын эл талабынын натыйжасында жокко чыгарылышын көчөдөгүлөрдүн алгачкы жеңиши катары баалашууда.

УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко кечээ кабарчылар менен маегинде:

- Уятка калтырган жана Конституцияга каршы кол көтөрүү жолу менен кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгарганыбыз оң кадам. 1991 –жылдан бери Украин парламентинин тарыхында мындай көрүнүш болгон эмес. Бул кичине болсо да жеңиш.

Кличко премьер-министр Микола Азаровдун өкмөтүнүн кызматтан чегиниши бир айга кечигип ишке ашканын кошумчалады. Шейшемби күнү жарыяланган чечимдердин натыйжасында украин оппозициясынын кеминде эки талабы орундалгандай болду.

Азаров өзү премьер-министрликтен кетишин саясий мунасага негиз түзүүчү кадам катары баалоодо:

- Мен бул чечимге биздин саясий күчтөрдүн баары ынтымакка жана мунасага жетип, башталган кризисти токтотуусуна мүмкүндүк берүү үчүн келдим. Жогорку Рада бүгүн кабыл алган чечимдер, менин чечимим менен бирге мунаса үчүн жетиштүү эле негиз.

Украинанын алдыдагы маселеси - бийлик менен оппозициянын мунаса табышы. Өлкөнүн биринчи президенти Леонид Кравчук бул маселени чечмелеп:

- Мыйзамдардын жокко чыгарылышы акылга сыярлык иш болду, саясий кризисти жөндөөгө эшик ачылды деп айтар элем. Чынында бул мыйзамдар абдан туура эмес жол менен кабыл алынган. Көп жагынан Конституциянын негизги таянычтарын, адам укуктары менен эркиндиктерин бузган. Менимче, премьер-министр Микола Азаровдун чечими, саясий кризисти жөндөөгө пайдалуу. Эгер оппозициянын кийинки талаптары кеңейип, өзгөрө берсе акыркы чечимге келүүнү кыйындатат.

Украин оппозициясынын кийинки башкы талабы - акыркы эки айдагы демонстрациялар учурунда камалгандарга мунапыс берүү жана андан кийин конституциялык реформа. Оппозициячыл саясатчылардын бири, мурдагы ички иштер иштер министри Юрий Луценко:

- Акыр - аягында саясий жараян башталганы, өкмөт миллиондогон элдин үнүн укканы, парламент фашисттик мыйзамдарды жокко чыгарганы албетте жакшы нерсе. Митингге катышкандардын баарына, адам өлтүргөндөр менен кыйнагандардан башкаларга мунапыс берүү буга чоң кошумча болот. Биз Азаровдун өкмөтүн, адамдардын жүзүн гана өзгөртүп койбостон, бүткүл системаны өзгөртүүгө чакырып жатабыз.
Киевден түз көрсөтүү



Украин оппозициясы жана Майдандагылар Конституцияны өзгөртүп, башкаруунун парламенттик - президенттик моделине кайтууну талап кылууда. Мындай тартип өлкөдө 2005-2010-жылдар аралыгында өкүм сүргөн.

Президент Янукович буга чейин оппозиция лидерлери Арсений Яценюкка премьер-министрликти, Виталий Кличкого вице-премьерликти сунуш кылган. Бирок алар бул сунушту четке кагышты.

Премьер-министрликке эң ыктымал талапкер катары эксперттер Жогорку Раданын Региондор партиясынан депутаты, мурдагы экономика министр Петр Порошенкону аташууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG