«Кандай гана бактылуу студенттер! Мен да ушундай коллежде студент болуп калсам!» деп кыялдана берчүмүн. Көрсө, «кыялдар орундалат» деген туура экен.
Мен кинодон көргөн кооз коллеждер жана бактылуу студенттер чындыгында эле ошондой экен. Клип же кинолорго жасалмалабай студенттердин чыныгы жашоосунан тартышат экен. Окуу учурунда кампуста клип тарткандарды утурлай жолуктурууга болот. Бир кезде мени таң калтырган коллеждин жашоосу азыр күнүмдүк жашоомо айланды десем болот.
Учурда мен АКШнын Юта штатындагы «Salt Lake Community College'де Computer Science» багытында билим алып жаткан кезим. Бул коллежде көп улуттун өкүлдөрү билим алышат. Студенттердин улутуна же жынысына карап мамиле кылбайт жана мыкты билим берүүгө басым жасайт.
Профессорлордун жөнөкөйлүгү жана жан дүйнөсү менен берилип окутканы көңүл жылытпай койбойт. Ар бир студенттин ой-пикирин угуп, ага колдоо көрсөтүү практикасы келечектеги чыныгы лидерлерди даярдоонун сыры деп түшүндүм.
Студенттик ID карта менен жүрсөң штаттын транспортунун бардык түрү акысыз. Кампуста бекер тамак ичүүгө жана жумасына бир жолу азык-түлүк алганга болот. Балет, театр, кино ж.б. маданий борборлорго 50-70% жеңилдик берилет. Тамак коллеждин дүкөнүндө берилет жана ал жабылган соң «тамакты үйүңөргө алып кеткиле» деп жайып коёт. Бул жеңилдиктер мага окшогон студенттердин капчыгына чоң пайда.
Мисалы, мен Бишкектеги университеттердин биринде окуганда студенттик картамдын аты эле бар, бирок баркы жок болчу. Китепканадан китеп алып окуш үчүн 7 сом төлөчүмүн. Студенттик картага жеңилдик жок деген бул ошол картаны берген университеттин аброю жоктугунан эле кабар бербестен, мамлекеттин билимге, студенттерге маани бербегени деп ойлойм.
Мен окуган университетте компьютер сабактан сырткары, ал бөлмөгө кирүү оңой болчу эмес. Компьютерге «тийбе, бузасың, абайла» деп сени аңдыган адам көп болчу. Көрсө бизде студенттин көңүлүн оорутпоо деген нерсе жок экен. Тескерисинче, студенттин акчасын алыш керек, бирок студент үйрөнүп жатабы же жокпу - бул суроо эч кимди кызыктырбайт тура. «Балапан уядан эмнени көрсө, куш болгондо ошону алат» демекчи, өлкөбүздүн келечеги деп эсептелген жаштарга университетте эмнени үйрөтүп жатканына эч кимдин маани бербегени зээнди кейитет.
Азыр мен окуган коллежде компьютер класстары ар убакта ачык жана баары Интернетке уланган. Студенттердин компьютер колдонуу убактысы чектелген эмес жана сабактан сырткары да суроолорго жооп бериш үчүн сөзсүз бир инструктор болот. Компьютерди каалаганча колдонуп, тапшырмаларды аткарып алууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондуктан көпчүлүк студенттер үй тапшырмасын кампустан аткарышат. Компьютерден сырткары жазуу сабактары, алгебра, ой жүгүртүү жана башка бардык эле сабактардан жардам берчү атайын акысыз борборлор бар.
Андан сырткары академиялык кеңешчи - бул ар бир студент менен тыгыз иштешип, студентти туура жакка үндөөчү адам. Ал студент менен канча насыя саат алыш керек, кийинки семестрге кайсы сабактарды алуу жетиштүү жана карьера сыяктуу суроолордун баарына кеңешин айтып турат. Академиялык кеңешчиден кеңеш алыш үчүн кезек күтүү жок, себеби 5-6 адам күнүнө иштейт жана онлайн режиминде да сүйлөшүүгө болот.
Мага жаккан жери - бул китепканасы. Китептерди үч жумага алууга болот жана үч жолу жаңыласаңыз болот, ошонун баары бекер. Үй-бүлөлүү студенттерге коллеждин ичинде бала бакча бар, арзандатылган баада. Коллежде дүйнөлүк деңгээлдеги конференция болуп, сөз сүйлөнүп турат, убакыт эле тоскоол болбосо баарына катыша берүүгө болот.
Экскурсияларга, ыктыярчылык жумуштарга катышсаңыз да болот. Коллеждин түрдүү спортко багытталган залдары ар дайым студенттерге эшигин кенен ачып күтүп турат. Өзүмдүн окуу графигимди өзүм түзгөнүм менин күндүз иштеп, кечкисин окуганга чоң шарт түзүп берет. Күндүз иштеп, кечинде окуйм. Коллеждин эшиги таңкы саат 7де ачылып, түнкү ондо жабылат. Ошол убакыттын ичинде каалаган сабакты алып окуй бересиз.
Бир жылда үч семестр бар жана жумасына 18 сааттык сабак максималдуу болуп эсептелинет. Жумасына 12 сааттан аз окугандар толук эмес убакыт болуп эсептелет. Профессор сени эмес, сен профессорду тандайсың. RateMyProfessors.com сайтынан баарын билип, көрүп, тандасаң болот. Онлайн сабак ала турган болсоң профессорду көрбөй эле семестр бүтүп калат. Бир профессордун 2-жолу сабак бериши көп деле кездеше бербейт, жаңы семестр - жаңы мугалим. Албетте, тесттен өтпөй калып, кайра ошол сабакты окубасаңыз эле, бирок анда деле башка мугалимди тандасаңыз болот.
Коллеждин кампусунда ар дайым полиция же кароолчулар жардамга даяр, эгер караңгыда машинеге же автобуска чейин басуудан корксоңуз анда алар сизди коштоп жеткирет.
Сөзүмдү Нелсон Манделанын «Билим - бул дүйнө жүзүн өзгөртүш үчүн колдонулчу эң күчтүү курал» деген сөзү менен аяктагым келет. Чындыгында адам баласынын жашоосунда билимдин таасири чоң экенине ишенем. Мени кичинекей айылдын орто мектебинен Американын коллежине алып келген нерсе - бул менин билимге болгон умтулуум десем болот.
Урматтуу замандаш, билим алууга умтулуңуз жана дүйнөнү болбосо да, мекенибизди алга сүйрөп, жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошуңуз.
Айчолпон Айтиева, @ai_robot, Юта штатынын Солт Лейк Коммунити коллежинин (Salt Lake Community College) «Computer Science» факультетинде кечкисин окуйт. Күндүз «Salesforce» компаниясында техникалык ишке ашыруу инженери болуп эмгектенет.