Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Трамп күрттөрдөн улам Түркияны эскертти


Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргонуу тобу АКШнын аскердик автоунааларынын кербенин коштоп келаткан учур. 2017-жыл.
Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргонуу тобу АКШнын аскердик автоунааларынын кербенин коштоп келаткан учур. 2017-жыл.

АКШ аскерлерин чыгара турганын билдиргенден бери Сириядагы күрт кошуундары Вашингтон менен Анкараны кайым айтыштырууда.

Президент Дональд Трамп эгер Түркия аларга чабуул койсо, мунун экономикалык кесепеттери болорун эскертти. Ал эми расмий Анкара АКШны эки ортодогу стратегиялык өнөктөштүктү урматтоого чакырды. Сириядагы күрт кошуундары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө АКШга өнөктөш болгон. Түркия аларды террорчул бирикме деп эсептейт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияга багышталган эскертүүсүн адаттагыдай эле “Твиттер” баракчасы аркылуу жарыялады.

“Сириядан узакка күтүлгөн чыгуу башталууда. Ошол эле учурда “Ислам мамлекетинин” аймактык халифатынын калган-каткан бөлүгүнө ар тараптан сокку урулуп жатат. Эгер алар кайра топтолушса, жакынкы базадан чабуул коюлат. Түркияны күрттөргө сокку урса, аны экономикалык жактан кыйратабыз. 20 мил (32 чакырым) аралыкта коопсуздук зонасы түзүлөт”, - деп жазды Трамп “Твиттердеги” баракчасына 13-январь күнү.

АКШ президенти ошону менен катар Сириядагы күрттөрдү да Түркияга каршы чагымчыл аракеттерге барбоого үндөдү.

Президенттер Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун Брюсселдеги саммитинде. 11-июль, 2018-жыл.
Президенттер Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун Брюсселдеги саммитинде. 11-июль, 2018-жыл.

Трамптын бул сөздөрүнө Анкарадан азырынча президент Режеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси жана басма сөз катчысы Ибрагим Калын гана “Твиттер” аркылуу жооп кайтарып, АКШны эки өлкөнүн “стратегиялык өнөктөштүгүн урматтоого”, ошондой эле “террористтик үгүттүн көлөкөсүндө” калбоого үндөдү.

Калын расмий Анкаранын “Ислам мамлекети” террордук тобу менен Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы - ПККнын жана Сириядагы күрт бирикмелеринин ортосунда эч айрыма жок жана аларга каршы күрөш улантылат деген турумун кайталады.

- Америкалыктар алар менен координацияланбаган операция туура эмес болорун айтып жатышат. Биздин жообубуз ачык: ишибизди баары менен координациялайбыз, бирок эч кимден уруксат сурабайбыз. Буфердик аймак же чек ара аймагы америкалыктардын биз менен сүйлөшүүлөрүндө талкууланган жок. Алар бизге бул тууралуу айтышкан эмес, - деген эле Калын өткөн аптада Анкарадан.

Буга чейин президент Режеп Тайып Эрдоган өзү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун “күрт кошуундарына Түркия кол салбай тургандыгынын кепилдиги - АКШ Сириянын түндүк-чыгышынан өз аскерлерин чыгарышынын шарты” деген сөздөрүн “олуттуу жаңылыштык” деп сынга алган.

Сириядагы күрттөрдүн АКШга өнөктөш болгон Демократиялык союз партиясын (PYD) жана Элдик коргонуу кошуундарын (YPG) Түркия өлкө ичиндеги күрт жикчилдери менен байланышы бар террористтик уюмдар деп эсептейт.​

Күрттөр азыр Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүгүн же Евфрат дарыясынын чыгышын көзөмөлдөп турушат.

Президент Дональд Трамптын талаш жараткан чечимине ылайык, дал ушул аймакта турган америкалык аскерлер эми ал жактан чыгарылышы керек.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Сирияда азыр турган 2000дей аскер чыгарылат. Бул иш азыр жүрүп жатат. Биз муну АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кызыкчылыгы корголгудай кылып, тартиптүү жүргүзөбүз. Президент Трамп жана президент Эрдоган ушул маселени сүйлөшкөн. Түркиялыктар Сирияда өз укуктарына ээ болгон адамдар баарын түшүнүшөт. Сириядан Түркияга кол салынбай турганына биз да кепилдик бергибиз келет. Бул иш менен алектенип жатабыз, - деди мамлекеттик катчы Майк Помпео 13-январда Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде.

Сириядагы америкалык аскер кызматчылары "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген.

Күрт кошуундары Сириянын Ракка шаары "Ислам мамлекети" тобунан бошотулуусун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Күрт кошуундары Сириянын Ракка шаары "Ислам мамлекети" тобунан бошотулуусун майрамдап жаткан учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Америкалык аскер өкүлдөрүнүн өткөн аптанын соңундагы маалыматына караганда, Сириядан азыр жоокерлерди эмес, аскердик техниканы чыгаруу жараяны башталды.

Президент Трамп Сириядан америкалык аскерлерди алып кетүү тууралуу чечимин былтыр 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

Вашингтондун Европадагы башкы өнөктөштөрү - Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусия жана Түркия кубаттаган.

АКШ президентинин жарыясынан кийин Түркия Сирия менен чек арасын аскердик жактан чыңдоого да барып, ал аймакта күрттөргө каршы операцияга даярдык иретинде оор техникасын көбөйткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG