Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Гуантанамодогу талиптерди алмашуу сындалууда


Ооганстанда талиптер 5 жыл туткунда кармаган аскер Боу Бергдал.
Ооганстанда талиптер 5 жыл туткунда кармаган аскер Боу Бергдал.

Ооганстанда талиптер 5 жыл туткунда кармаган америкалык аскерди беш ооганга айырбаштаганы түрдүү пикир жаратууда. АКШдагы республикачылар президент Обама террористтер менен соодалашууга барды деп сындап чыкты.

Эки тараптын соодалашуусунан кийин туткунда жаткан америкалык сержант АКШнын Гуантанамо түрмөсүндө жаткан беш айыпкерге алмашылган. Бирок алардын Катар өлкөсүндө бир жылга кармала турганы ооган бийлигинин нааразылыгын жаратууда.

Ооган талиптеринин лидери Мухаммед Омар америкалыктар менен мындай соодалашууну оогандыктардын чоң жеңиши деп баалап куттуктады.

Өткөн апта аягында талиптер 5 жыл туткунда жаткан сержант Боу Бергдалды Пакистан менен чектеш аймакта америкалык аскерлерге өткөрүп беришкен, ал эми ишемби күнү Обама Бергдалдын Айдахо штатындагы ата-энесине чалып, жакшы кабарды өзү сүйүнчүлөгөн.

Эртеси күнү Обама эркиндикке чыгып, мекенине кайтып келген Бергдалды Ак үйдө кабыл алып, өткөн беш жылда аны эч ким унутпаганын жана Кошмо Штаттар жоокерлерин эч качан кыйынчылыкта жалгыз таштап койбосун айтты.

Ошондой эле президент Боу Бергдалды куткарууга салым кошкон бардык адамдарга, анын ичинде Катар өлкөсүнүн бийлигине терең ыраазылык билдирди. Бергдалдын энеси Жани болсо көзүнө жаш алып, беш жыл күткөн уулун көргөнүнө жетине албай туруп:

- Биз сени бошотуп алуу үчүн 5 жыл бою өкмөт менен биргеликте бардык аракетти көрдүк. Башка өлкө бийликтери да жардам беришти, өзгөчө Катар мамлекети. Биз эч качан сенден үмүтүбүздү үзбөй, аман-эсен кайтып келишиң үчүн колдон келгендин баарын жасадык, - деп айтты.


Катар Гуантамодон бошотулган 5 оогандыкты кабыл алып, аларды бир жыл өз аймагында кармоого кепилдик берген. Бул чаралар абактан чыккандар АКШнын коопсуздугуна коркунуч туудурбашы үчүн, айырбаштоонун шарты боюнча кабыл алынган.

- Президент Обама айткандай, бул иш абдан чоң аракеттин жыйынтыгында, көп адамдардын катышуусунда жүзөгө ашты. Бул операция тууралуу чакан адамдардын гана тобу билчү. Биз маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүн каалаган эмеспиз, – деди Кошмо Штаттардын коргоо министри Чак Хейгел.

Бирок ооган бийлиги айырбаштоо шартынын бул бөлүгүнө нааразылыгын билдирүүдө. Оогандар Гуантаномодон чыккан беш ооган токтоосуз бошотулуп, өз мекенине жөнөтүлүшү зарыл деп эсептешет.

Ал арада Обаманын администрациясы мындай айырбаштоо үчүн республикачылардын сынына кабылды. Алар "президент террористер менен соодалашууга барып, америкалык аскердин баасын бычты" деп айыптоодо.

Вьетнам согушунун ардагери, республикачыл сенатор Жон Маккейн Гуантанамодон чыккан террористер мындан ары АКШнын коопсуздугуна шек келтирбейт деген кепилдик берүүсүн талап кылды. Маккейндин сөзүн дагы бир республикачыл сенатор Тед Круз колдоп, “Бул соодалашуунун шарттары тынчсыздандырбай койбойт. Биринчиден, биздин канча аскерибиз ушул беш террористти кармайбыз деп жанын беришти? Биз атайын бир баа бычып койгон жокпузбу?”- деген суроону койду.

Ал эми президент Обаманын администрациясы мындай сынды четке кагып:

- Бергдал аскерий туткун болду жана операция аскерий туткундарды айырбаштоо эрежелерине ылайык түзүлдү. Мындай ыкма эл аралык тажрыйбада колдонулуп келген, - деп түшүндүрдү коргоо министри Чак Хейгел.

Боу Бергдал Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Пактика аймагында мындан беш жыл мурда дайынсыз жоголгон. Бир аз убакыттан кийин талиптер 23 жаштагы Бергдал алардын колунда экенин билдиришкен. Талиптер туткундагы Бергдалды видеого тартып, интернетке жайылтып, америкалык солдаттар Ооганстандан чыгып кеткенде гана бошотобуз деген шарт коюшкан. Кийин алар Бергдалды Гуантаномо түрмөсүндөгү беш талипке алмаштырууга макул болгон. АКШ менен талиптер өткөн жылдын май айында айырбаштоону сүйлөшө баштаган.

Талиптердин колунда 5 жыл туткунда жүрүп бошотулган Бергдал Германияга дарылоого жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG