Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кыздарды сыздаткан дарыгер 175 жылга соттолду


Ларри Нассар, АКШнын Спорттук гимнастика федерациясынын мурдагы башкы дарыгери Мичиган штатынын сотунда. 23-январь, 2018-жыл.
Ларри Нассар, АКШнын Спорттук гимнастика федерациясынын мурдагы башкы дарыгери Мичиган штатынын сотунда. 23-январь, 2018-жыл.

1-февралда Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясынын жетекчилигиндеги төртүнчү адам кызматтан кетүүгө арыз жазды. Буга федерациянын мурдагы башкы дарыгери гимнаст кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып, 175 жылга эркинен ажыратылганы түрткү болду.

АКШнын Спорттук гимнастика федерациясынын башкы дарыгери Ларри Нассардын сексуалдык зомбулугуна 54 кыз кабылган. Олимпиаданын эки жолку чемпиону Эли Райсман алардын бири. ​

- Ларри, мен сени менен бетме-бет жолугуу үчүн бул жакка атайын келдим. Өзүң көрүп тургандай, ошончо кордук көрсөм да тирүүмүн. Мен азыр сени менен Австралияда таанышып, анан алданып калган секелек эмесмин, - деди Райсман сотто көрсөтмө берип жатып.

Эли Райсман дарыгер ага 2012-жылы Лондондо Олимп оюндары өтүп жатканда асылганын кошумчалады.

Ларри Нассарга каршы сотто көрсөтмө берген 144 аялдын арасында Элиден башка дагы Олимпиада чемпиондору бар.

Алардын көбү федерация өкүлдөрү гимнаст кыздардан түшкөн арыздарга көңүл бурбай, дарыгердин кылыктарын жаап-жашырганын айтышкан.

Атлет айымдар федерация өкүлдөрүнүн бири дагы сот процессине катышып, Нассардын курмандыктарынан кечирим сурабаганына нааразылык билдиришти.

- АКШнын Гимнастика федерациясы, Улуттук олимпиада комитети да көңүл айтып, колдоо көрсөтүп, керек болсо качан, кантип болгонун сурап коюшпады. Биз силерге эмне жардам бере алабыз деп кызыккан киши болбоду. Эмне себептен АКШнын Олимпиада комитети унчуккан жок? Эмне себептен сотко федерация өкүлдөрү келбеди?, -деди Эли Райсман.

Эли Райсман сотто.
Эли Райсман сотто.

Анын бул пикирин догдурдун зордук-зомбулугунан жабыркаган башка аялдар да кубаттады.

Бул чуулгандуу иштен улам январь айында федерация жетекчилигинде отургандар биринен сала бири кызматтан кетишти.

Төртүнчү болуп арыз жазган Кевин Мартинец кызматтан кетишине Олимпиада комитетинен келген эскертүү түрткү болгонун "Рейтер" агенттигине билдирген.

Анын айтымында, комитет "кызматтан кетпесеңер, федерация лицензиядан ажырайт" деп эскертүү берген. Федерациянын басма сөз бөлүмү бул тууралуу жакынкы күндөрү расмий маалымат таратарын билдирди.

Нассар учурунда Кошмо Штаттарда абдан белгилүү дарыгер болгон. Ал Спорттук гимнастика федерациясы менен 1986-жылдан тарта кызматташкан.

1996-жылы мекеменин башкы дарыгери болуп дайындалган. 1996, 2000, 2008 жана 2012-жылдары өткөн Олимп оюндарында АКШнын гимнастика боюнча курамасындагы спортчулардын саламаттыгына кам көргөн.

1997-жылдан тарта Мичиган штатынын университетинде сабак берип, анын алдындагы ооруканада да эмгектенип жүргөн.

Ларри Нассарга "ар кандай дарылоо жолдорун шылтоолоп спорт менен машыккан өспүрүм кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн" деген айып тагылды.

Ишти караган судья Розмари Аквилин бир апта ичинде 160тай кыз-келиндин датын угуп, дарыгерди 175 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.

Жабыркагандардын бири Кайли Лоринцке сотто акыркылардан болуп сөз тийди.

- Ларри азыр да сенден жүрөгүм айланып жатат. Мага кылган кыянаттыгың көз алдымдан кете элек.

Нассар он гана кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн мойнуна алып, алардан кечирим суроого аракет кылды.

Ларри Нассар кечирим сураганга аракет кылды.
Ларри Нассар кечирим сураганга аракет кылды.

- Силердин айтканыңар мага катуу таасир этип, жүрөгүмдү жаралады. Мен өз сезимдеримди силер көргөн запкыга салыштырууга болбостугун билем. Кылган ишиме өкүнүп жатканымды сөз менен жеткире албайм. Өмүрүмдүн аягына чейин азап тартып өтөмүн, - деген Нассардын жалооруган сөздөрү судьянын чечимине таасир эткен жок.

Өкүм окулгандан кийин догдурдун сексуалдык кысымына кабылгандар бири-бирин кучактап, ыйлап жатышты.

54 жаштагы Нассар буга чейин балдар тартылган порнотасмаларды сактаганы үчүн соттолуп, 60 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ушул тапта анын үстүнөн дагы арыздар түшүп, сот процесси уланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG