Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Обама - Ромни: Экинчи айтыш


АКШ -- Обама менен Ромнинин телетаймашы. Хемстед шаары, Нью-Йорк штаты, 16-октябрь, 2012.
АКШ -- Обама менен Ромнинин телетаймашы. Хемстед шаары, Нью-Йорк штаты, 16-октябрь, 2012.

АКШда президент Обама менен анын республикачыл партиядан атаандашы Ромни президенттик талапкерлердин экинчи кайым айтышын өткөрүштү.

Экономикалык өсүш жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясаты боюнча талашып, тартышышты. Биринчи талкуудан айырмаланып, бул жолкусунда жеңиш Обама тарапта болгону айтылууда.

Шейшембинин кечиндеги кайым айтыш америкалыктар 6-ноябрда президент үчүн добуш берээрден үч жума мурда болду.

Нью-Йорк штатындагы Хемстед шаарындагы дуэлде Обама менен Ромни бири-бирин Ак үйгө даяр эмес экендигин далилдөөнүн далалатында бир топ ачуу сөздөрдү айтышты.

Обама өткөн айдагы Бенгазиде төрт америкалыктын, анын ичинде Ливиядагы элчинин өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ошол эле убакта ал Ромнини бул трагедиядан саясий упай топтоп жатат деп күнөөлөдү.

Ромни Обаманын экономикалык саясатын кайра сынга алды. Ал эми Обама Ромнини байлар менен мунай тармагынын көмөчүнө күл тартып жатат деп ырастады.

Талкуунун алдындагы сурамжылоо эки талапкер бири-бирине куйрук улай келатканын көрсөткөн. 3-октябрдагы биринчи талкуудан кийин Обамадан күчтүү чыкты деп бааланган Ромнинин рейтинги көтөрүлө түшкөн эле.

Талапкерлер тандалма көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берген шейшембидеги экинчи талкууда Обама чечкиндүү сүйлөп, Ромниге улам чабуул жасап жатты.

Талкуу башталгандан 10 мүнөт өтүп-өтпөй, Обама инвесторлуктун аркасы менен байыган Ромнини байлар менен мунай тармагынын көмөчүнө күл тартат деп күнөөлөдү:

- Губернатор Ромни беш пункттан турган планым бар дейт. Губернатор Ромнинин беш пункттан турган планы жок. Анын бир гана пункттан турган планы бар. Ал - байманасы ташыгандар үчүн өзүнчө эрежелердин болушун гана кепилдөө. Жеке менчик сектордо Митт Ромнинин философиясы ушундай. Анын президенттик талапкер катары философиясы да ушундай.

Мурда Массачусетс штатынын губернатору болгон Ромни мунун алдында Обаманы АКШнын экономикалык абалы боюнча «такалап», кийинки жылдары жумушсуздардын саны көбөйдү деп ырастаган эле:

- Төрт жылдан бери жүргүзүлүп жаткан Обаманын саясаты америкалыктарды кайра жумуш менен камсыздай алган жок. Президент ишке киришкендегиге караганда, азыр жумушу барлардын саны аз.

Кийин Ромни 11-сентябрдагы Бенгазидеги кол салууну Обаманын айрыкча Жакынкы Чыгыштагы чабалдыгынын далили катары көрсөтүүгө аракеттенди.

Бул кинеге жооп бергенде Обама аны америкалык дипломаттардын өлүмүнөн упай топтоп жатат деп күнөөлөп, ошол эле убакта «дипломаттардын коопсуздугу» үчүн жоопкерчилик акыр аягында өзүнүн мойнунда экендигин белгиледи.

Вашингтондо чыгуучу "Политоко" гезитинин улуттук саясат боюнча баяндамачысы Чарсл Матисия шейшембидеги президенттик дебат тууралуу "Азаттыкка" өз пикирин айтып, Обама бул ирет алда-канча чечкиндүү болгонун белгиледи:

- Бул жолу 3-октябрда Денверде өткөн талкуудагыдай, кимдин жеңгендигин так кесе айтыш кыйын болот деп ойлойм. Бирок алгачкы талкууга караганда, президент алда канча бөлөк болду. Анын чечкиндүү сүйлөгөнүнөн улам, бул ирет Обама жеңүүчү болот деп айтуу мүмкүн.

Үчүнчү жана соңку талкуу 22-октябрга белгиленген. Анда тышкы саясатка башкы көңүл бурулаары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG