Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Ромни: АКШнын тышкы саясаты өзгөрүшү керек


Митт Ромни Виржиниядагы аскерий институтта сүйлөп жатат, 8-октябрь, 2012.
Митт Ромни Виржиниядагы аскерий институтта сүйлөп жатат, 8-октябрь, 2012.

АКШ президенттигине Республикалык партиянын атынан талапкер “өлкө тышкы саясаттагы багытын өзгөртүшү зарыл” деп эсептейт.

Анын ишениминде, Барак Обаманын президенттиги мезгилинде Жакынкы Чыгышта жаңжал чыгыш коркунучу мурдагыдан да өстү.

Митт Ромни дүйшөмбүдө Виржиния штатындагы Аскерий институтта сүйлөгөн сөзүндө тышкы саясаттагы багытты өзгөртүүгө чакырды.

Республикачыл талапкер Ромни президент Барак Обаманын аскерий тармакка жумшаган чыгымдарын кыскартуу аракетин сындап, өзү президент болуп калса, муну тезинен өзгөртөөрүн билдирди.

"Мен Перси булуңундагы биздин өнөктөштөр менен кызматташтыгыбызды тереңдетип, биздин аскерий тармакты жок кыла турган президент Барак Обаманын туш келди кыскартууларын токтотом, - деди ал. - Биздин коргоо тармагыбызга зарыл болуп турган инвестицияны жасаймын".

Ромни президент болуп калса, Иранга каршы азыркыдан да катуу, таасирдүү жазаналарды киргизүүгө убада кылды.

"Мен АКШ менен биздин досторубуз Иран атом бомбасына ээ болушун каалабай тургандыгыбызды Тегерандагы жетекчиликке жеткире түшүндүрөм. Мен Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүдөн да, азыркыларын күчтөндүрүүдөн да баш тартпайм", - дейт талапкер.

Бул эле эмес, Ромни Вашингтонго Сирия боюнча катуураак, ишенимдүүрөөк позицияны ээлөөгө, керек болсо америкалыктардын баалуулуктарын түшүнгөн жана бөлүшкөн сириялык козголоңчуларды курал-жарак менен камсыздоого да үндөдү.

"Сирияда болсо мен оппозицияда биздин баалуулуктарды бөлүшө турган мүчөлөрдү аныктай турган достор менен иштешем, - деп ишендирди ал. - Ал оппозиция президент Башар ал-Асаддын танкалары менен тик учактарына, аскерий учактарына каршы күрөшүшү үчүн аларга курал-жарак берем".

Митт Ромни Ооганстанда коопсуздукка көзөмөл кылуу милдетин оогандардын өздөрүнө өткөрүп берүү озуйпасын “реалдуу жана ийгиликтүү” аткара алаарын, оогандарды кайрадан экстремисттердин таасиринде калтырбай турганын айтты.

"Президент Барак Обама анын чечимине көнбөгөндөрдүн баарын эле “бүтпөс согуш үчүн талашып жатат” деши мүмкүн. Бирок андай согушка себеп дал ошо мамлекетти бузуп, 2001-жылдын 11-сентябрында биздин мамлекетке чабуул жасаган экстремисттерге кайра оогандарды башкарып алышы үчүн жол ача турган саясий мөөнөттү белгилөөдө турат", - деди Ромни.

Обаманын администрациясы жикчил топторго, террористтерге каршы чабуулдарда кеңири колдонуп жаткан пилотсуз учактардын чабуулун “Жакынкы Чыгыш боюнча улуттук коопсуздук стратегиясын алмаштыра ала турган күчкө ээ эмес” деди ал.

Республикачылардын атынан президенттикке аттанган талапкер АКШнын ракетадан коргонуу системасын куруу ишинде Орусияга эч кандай ийкемдүүлүк болбой турганын айтты.

"Мен коркунучтардан коргой турган ракетадан эффективдүү коргоо системасын ишке киргизем жана мында Владимир Путинге карата эч кандай жумшактык болбойт", - дейт Ромни.

Бул сөзү менен ал быйыл майда Сеулда Обама орус президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшкөндөгү сөзүнө шилтеме жасагандай болду. Ошондо Обама микрофон иштеп турганын байкабай калып, Медведевге “непада мен ноябрда президенттикке шайланып калсам, бул маселеде Орусияга карата жумшагыраак позицияны карманам” деп убада кылган болчу.

Негизи Массачусетстин мурдагы губернатору Ромни быйыл жай бою эл аралык саясат боюнча бир топ маанилүү билдирүүлөрдү жасап салды. Лондондо ал Британияны быйыл Олимп оюмдарына начар даярданган деп сындаган.

Ромнинин айткандарына жооп катары ошол эле дүйшөмбү күнү Сан-Францискодо эл менен жолугушуу учурунда Обама “Иракта согушту токтотуу натуура аракет болгон деген ойду колдобойм”, - деп айтты.

"Ар бир эр жүрөк америкалык түшүнүшү керек – мен ушул өлкөнүн аскер күчтөрүнүн башчысы болуп турамбы, демек, биздин армия дүйнө буга чейин билбеген эң күчтүү армия бойдон кала берет, - деди Обама. - Бирок ал аскерлер армиядан кайтышканда, алар бизге кандай кызмат кылган болсо, биз да аларга ошондой кызмат кылышыбыз керек. Анткени биз үчүн согушкан эч ким мекенине келгенде жумуш табыш үчүн же жашаганга үй табыш үчүн күрөшүшүнө жол бербейбиз".

Бул кайсыл бир деңгээлде эки атаандаштын кезектеги айтышына даярдык болгонсуду. 22-октябрда президенттикке талапкерлер Барак Обама менен Митт Ромни тышкы саясат боюнча теледебатта беттешиши керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG