Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

Техаста нөшөрлөгөн жаан токтой элек


Техас
Техас

АКШнын Техас штаты "Харви" бороонунун кесепеттери менен күрөшүүдө. Жекшембиде куткаруучулар Хьюстон шаарынын жана ага жакын жайгашкан аймактардын жабыркаган тургундарын кайык менен коопсуз жайларга көчүрүштү. Харви бороону Техас штатын жума күнү каптаган.

Техастын түштүк-чыгышы жана Хьюстон шаары катуу нөшөрдөн кийин дээрлик суу алдында калды. Жекшемби кечинде жаан төгүп, куткаруучулардын ишин оорлотту.

Сел каптаган аймактарда тик учактардын жана катерлердин жардамы менен куткаруу операциялары уланды. Куткаруу ишине Улуттук гвардиянын үч миңдей аскери тартылды.

Ушул тапта бороон күчүнөн тайганы менен толук токтой элек. Хьюстонго бара турган ири автомагистралдардын баары суу алдында калып, шаардагы эки аэропорт жабылды. Жергиликтүү тургундардын бири аны полиция сактап калганын айтууда:

- Мен көргөндөн көп эле кишилердин үй-жайлары суу алдында калды. Кырдаал абдан оор. Бизге жардамга келген полиция кызматкерине ыраазчылыгымды билдирем. Болбосо мени шамал учуруп кетмек. Велосипедимди, итимди учуруп кетти.

Хьюстон шаарына бара турган чоң жолдорун бары суу алдында калды,
Хьюстон шаарына бара турган чоң жолдорун бары суу алдында калды,

​Хьюстондун мэри Силвестр Тернер жекшембиде сүйлөгөн сөзүндө миллиондогон адамды кыска убакыт аралыгында коопсуз жайларга көчүрүү мүмкүн эместигин айтты. Куткаруу кызматтары шаар тургундарын үйдүн чатырына чыгып жан сактоого чакырышууда.

Жекшемби кечинде табият кырсыгынан эки адам каза болгону расмий айтылды. АКШ президенти Дональд Трамп жабыркаган аймакка шейшембиде барары күтүлүүдө.

Буга чейин Бороондор боюнча улуттук борбор Техас штатынын түштүк-чыгышын каптай турган "Харви" бороону тууралуу алдын ала эскертүү берген.

Хьюстондогу бир нече мунай иштетип чыгарган заводдор жекшембиде жабылууга аргасыз болушту. Мындан улам аймакта мунай-газ өндүрүшү 20% кыскарды

Ички иштер министринин 27-августтагы маалыматына караганда, Харви бороонунан улам АКШнын Мексика булуңундагы мунай өндүрүшүнүн 22%, ал эми табигый газ өндүрүшүнүн 26% үзгүлтүккө учурады.

Мындан улам АКШда бензиндин баасы 6% ашуун кымбаттай түштү. Бул акыркы эки жылдан ашуун мезгил ичиндеги эң ири кымбаттоо.

Харви бороонунун кубаттуулугу Саффир-Симпсон шкаласы боюнча төртүнчү даражага жетти. Шамалдын ылдамдыгы саатына 215 чакырымдан ашууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG