Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Барак Обама шайлоочуларга ишенет


4-апрелде АКШнын президенти Барак Обама 2012-жылы экинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышаарын расмий жарыялады.

Өз тарапкерлерине жасаган кайрылууда Барак Обама реформаларын толугу менен жүзөгө ашыруу үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи. Республикачылар да демократтарды жеңип чыга ала тургандай талапкер издеп жаткан кез.

2008-жылы Барак Обама демократтардын ички шайлоосунда Хиллари Клинтон өңдүү күчтүү атаандаштарынан озуп чыгып, кийин республикачылардын өкүлүн жеңип, Американын биринчи кара президенти болуп калды.

Ошентип Обама 2012-жылы да ошол ийгилигин кайталоого белсенүүдө.

13 миңдей колдоочусуна жолдогон электрондук катында президент анын жетекчилиги алдында башталган социалдык жана финансылык реформалардын өтөлүнө чыгуу үчүн экинчи мөөнөт талап кылынарын белгилейт: “Туруктуу, бекем өзгөрүүлөр эч качан тез жана оңой-олтоң жүрүп кетпесин жакшы билебиз”.

"Бул өнөктүк жаңы эле башталууда. Жер жерлердеги кеңселерибизди ачып, жеңишке карай жолубузду аныктоо үчүн сиз өңдүү колдоочуларыбыздын айта турган сөздөрүнө кулак төшөйбүз. 2012-жыл азыр башталууда", - деп айтылат Обаманын расмий интернет барагында.

Ак үйдүн кожоюну буга чейинки үгүт өнөктүгүндөй эле бул ирет да жогорку технологияларга таянарынан калет жок. Анын алгачкы видео тасмасы barackobama.com сайтына дароо жайгаштырылды.

Тасмада президенттин ар кайсы штаттагы тарапкерлери алдыдагы шайлоодо эмне үчүн Обамага добуш беришерин түшүндүрүшөт.

"Күн тартибинде чечиле элек дагы көп маселелер турат. Мен аларды Барак Обама чечсин деп каалайм", - дейт невадалык Глэдис.

Атаандаштар уктап жаткан жок

2008-жылы Барак Обама көптөгөн жаштарды өз тарабына тарта алаган. Байкоочулар бул ирет да жаштар анын негизги таянычы болоорун боолголошот.
Туруктуу, бекем өзгөрүүлөр эч качан тез жана оңой-олтоң жүрүп кетпесин жакшы билебиз.


Нью-Йоркто окуп жаткан Майк деген жигиттин видеосу студенттик жатаканада тартылган экен. Ал 2012-жылы биринчи жолу добуш береерин, анда кимге ишеним көргөзөрүн азыртадан эле чечип койгонун айтат: "Обаманын энергиясын, өлкөнүн келечегине арткан үмүтүн көрдүм. Мен ал кезде добуш бере албасам да, бир күнү анын кайра шайланышына жардам береримди так билгем жана ошол оюмду ишке ашырганы жатам".

Видео роликте Обаманы жактырбаган шайлоочуларга да кайрылуу кыйыр түрдө камтылгандай. Түндүк Каролинанын жашоочусу Эд: “Обама менен бардык нерселерде макулмун деп айта албайм. Бирок мен аны урматтайм жана ага ишенем”, - дейт.

Президент Федералдык Шайлоо комиссиясына керектүү кагаздарын апта соңунда тапшырат деп күтүлүүдө. Анын шайлоо штабы үгүт иштерине 1 миллиард доллар чогултууга умтулууда.

Бирок республикачылар да жөн эле отурушкан жок. Экономикалык көйгөйлөр курчуп, миллиондогон киши жумушсуз калган, Ооганстан менен Ирактагы согуштун учу көрүнбөй жаткан кезде президенттин атаандаштары карапайым америкалыктар жетекчиликтин алмашышын каалайт деген үмүтүн жашырышпайт.

Азырынча алардын лагеринен Миннесота штатынын мурдагы губернатору Тим Поэнтли гана президенттик мүдөөсүн ачык билдирди. Дүйшөмбү күнү ал Обаманын видео ролигине өзүнүн тасмасы менен жооп берип, "Американын жаңы багытын жаңы президент гана камсыздай алат", - деди.

Республикачылардын арасынан президенттик жарышка ошондой эле Массачусетс штатынын экс-губернатору Митт Румней жана Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингрич да чыгышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG