Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Обама: Орусия алсыздыгын көрсөттү


Обама АКШ-Еврошаркет саммитине келди, 25-март, 2014.
Обама АКШ-Еврошаркет саммитине келди, 25-март, 2014.

АКШ президенти Барак Обама бүгүнкү саммитте кайрадан АКШ менен Евробиримдиктин азыр Крымды Орусия өзүнө кошуп алышына каршылыгын билдириши күтүлүп жатат. Бул каршылыктын бир бөлүгү катары Обама Европа Биримдиги менен соода алакаларын күчтөндүрүү зарылдыгын айтышы мүмкүн.

Обама бүгүн Брюсселде АКШ менен Евробиримдиктин саммитинде трансатлантикалык кызматташтык, мамиле тууралуу сүйлөйт.

Барак Обама кечээ Гаагада ядролук коопсуздукка арналган саммитте сүйлөп жатып, Орусиянын Украинадагы аракеттерин “алсыздыктын белгиси” деп атады:

- Орусия - азыр күчтүүлүгүнөн эмес, алсыздыгынан өзүнүн коңшуларын коркутуп жаткан регионалдык күч. Украинага Орусия тээ Советтер союзу кулагандан бери эле чоң таасирин тийгизип келген. Биздин деле өзүбүздүн коңшуларыбызга таасирибиз бар. Бирок алар менен күчтүү кызматташтыкка негизделген мамиле күтүш үчүн биз сөзсүз эле аларга кол салбайбыз. Орусия болсо эл аралык мыйзамдарды бузуу менен аскерий чарага барып, зордукчул аракеттерди жасаганга өзүн мажбур болгон деп сезип жатышы көп деле таасирден кабар бербейт.

Өзөктүк коопсуздукка арналган саммиттеги биргелешкен билдирүүсүндө Украина менен Евробиримдик Орусиянын Крымдагы аракеттери “глобалдык коопсуздукка жана Европадагы тынчтыкка коркунуч келтирет” дешти.

Обама болсо азыр АКШ менен анын өнөктөштөрү Москвага каршы санкцияларды киргизип эле тим болбой турганын эскертти.

АКШ президенти Украина менен чектеш жерде көптөгөн орус аскерлери жоголуп кеткенин да тынчсыздана турган көрүнүш катары белгилеп, ошол эле маалда эгер алар Орусиянын аймагында турушса, ал жакта болууга толук укуктуу экенин кошумчалады:

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен да Обаманын айткандарын толуктагансыды.

- Орусия Украина менен чектеш аймакта аскерий күчүн бекемдеп жатканына тынчсызданып жатканыбызды белгилеп кетким келет. Биз альянс катары күчтүү коргонуу жана алдын алуу иштерине катуу кириштик. НАТОнун бардык союздаштарын эффективдүү коргонуу болооруна ишендире алабыз.

Расмуссен менен Обама бүгүн Брюсселдеги саммиттин алкагында өтчү АКШ-Еврошаркет саммитинде да сүйлөшөөрү айтылган.

Бул жыйында Еврошаркеттин лидерлери Обамадан азыр эми Брюсселдин орус газынан көз карандылыгын азайтыш үчүн Американын газын экспорттоого жардам берүүнү талап кылышы мүмкүн. Еврошаркет өзүнө керектүү мунай менен газдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат жана анын 40% Украинанын аймагы аркылуу өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG