Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

АКШ Мамкатчысы Түштүк Кореяда


АКШ Мамкатчысы Жон Керри Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бюң Се менен. Сеул, 12-апрель, 2013.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бюң Се менен. Сеул, 12-апрель, 2013.

Жон Керри Түндүк Корея менен тиреш курчуп бараткан учурда Түштүк Корея жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Сеулга барды.

Мамкатчынын Сеулга сапарынын алдында, кечээ президент Барак Обама Түндүк Корея менен тирешүүнү басаңдатуу үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтөөрүн билдирип, ошол эле маалда Вашингтон АКШны жана өнөктөш өлкөлөрдү коргоо үчүн керектүү кадамдарды жасаарын эскерткен.

Кечээ америкалык чалгындоо кызматы Пхеньяндын атомдук курал чыгаруу технологиясы бир топ жылыштарды жасаган деген бүтүмгө келгенин жарыялаган. Башкача айтканда, түндүккореялыктар баллистикалык ракетаны атомдук зат менен дүрмөттөө ноухаусун өздөштүрүп алган. Бирок Пентагондун айтымында, Түндүк Корея атомдук ракета учурууга кудуреттүү деп болжолдоо туура эмес болот.

Түштүк Корея бийлиги болсо кошуна өлкө ядролук дүрмөттү ракеталар ташый тургандай кылып, кичирейте алууга кудуреттүү эмес деген ойдо:

-Түндүк Корея ядролук 3 сыноо өткөрдү. Бирок ушул тапта алар ядролук дүрмөттүн салмагын, көлөмүн азайтып, ракета ташый турган калыпка келтире алышат деп күмөн санайбыз, - деди Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин маалымат катчысы Ким Мин Сеук.

Бүгүн Жапония өкмөтү Пхеньяндын ядролук курал колдонуу жөнүндөгү эскертүүлөрүнөн улам ушул айдан тарта Окинавага Patriot ракеталарын туруктуу жайгаштыраарын жар салды.

Бул тууралуу коргоо мекемесинин башчысы Ицунори Онодера билдирди:

- Коргоо министрлиги жайкын тургундардын турак-жайларын, оокат-чарбасын коргоо боюнча буга чейинки пландарды ишке киргизүүнү караштырып жатат. Анын алкагында үстүбүздөгү айда, мүмкүн болушунча эртерээк, Хамаматсудагы ракета кармоочу системаларды Окинава аралындагы Наха жана Чинен чөлкөмдөрүнө которууну көздөөдөбүз.

Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Корея, Кытайдын эскертүүлөрүнө карабай, чыгыш жээгинде орто аралыкка учуучу 2 ракетаны дароо учурууга даяр турат деп билдиришкен.

Корей жарым аларындагы кырдаал кечээ Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун жолугушуусунда да козголду.

Обама Түндүк Корея менен тирешүүнү тынчытуу үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтөөрүн билдирип, ошол эле маалда Вашингтон АКШны жана өнөктөш өлкөлөрдү коргоо үчүн керектүү кадамдарды жасаарын эскертти:

- Баш катчы экөөбүз тең Түндүк Корея агрессивдүү позициясынан баш тартып, сес көргөзүүсүн басаңдатууга аракет көрүшү керек деген орток пикирге келдик. Корей жарым аралындагы жаңжалды эч ким каалабайт.

Баш катчы ушундай эле көз карашын айтып, Кытай жана Пхеньянга таасир эте турган башка өлкөлөргө кайрылуу менен абалды жакшыртууда активдүүрөөк роль ойноого үндөдү.

XS
SM
MD
LG