Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Түндүк Корея кризиси: АКШ Жапонияны коргойт


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида (оңдо)
АКШ мамкатчысы Жон Керри менен жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида (оңдо)

АКШ мамкатчысы Жон Керри Корей жарым аралындагы кризисти жекшембиде Жапонияда талкуулады.

Токиодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кишида: “Түндүк Кореянын ядролук куралга ээ болушуна Жапония менен АКШ жол бербейт”, - деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болсо анын өлкөсү өзүнүн союздашы Жапонияны коргой турганын дагы бир ирет ырастады. Ошол эле маалда ал азыркы кризисти тынч жол менен чечүүгө баары бир артыкчылык берилээрин кайталады.

"Түндүк Корея биздин сөздөрүбүздү угуп жатат го деп үмүттөнөбүз. Айтаарыбыз – Түндүк Корея элинин келечеги, региондогу стабилдүүлүктүн келечеги үчүн конкреттүү кадамдардын нугу аныкталып жатат. Түндүк кореялыктар да ошол аракетке кошулушун каалайбыз. Ошондо биз азыркы проблеманы ак ниет сүйлөшүүлөрдө чечүүгө даяр өнөктөш болот элек", - деди мамкатчы.

Ал Токиодогу сөзүндө кошумчалагандай, Сеул, Бээжин, Токио жана Вашингтон “регионду куралсыздандыруу ишинде биргеликте аракет көрүүнү макулдашкан”.

Жон Керри Жапонияга Чыгыш Азияга сапарынын алкагында барган. Ишембиде ал Кытайдын, ага чейин Түштүк Кореянын жетекчилиги менен жолугушууларда да Түндүк Корея кризисин талкуулады.

Мамкатчынын Кытайдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки тарап тең Корей жарым аралынын “куралсыздандырылышы үчүн дипломатиялык жол гана туура кадам” деп эсептей тургандыктарын айтышкан.

Керри Бээжинге Кытай жетекчилигин Түндүк Кореяга басым жасоого үндөш үчүн барган. Жолугушуунун жыйынтыгында ал журналисттерге айткандай, “Кытай лидерлери Корей жарым аралында чыңалууну басууга бүт аракетин көрө турган болду жана Пхеньяндын ядролук программасынын жабылышына жетишүүнү колдойт”.

Акыркы апталарда Түндүк Корея Түштүккө жана АКШга карата “согуш баштоо” жөнүндө түрдүү коркутуу-эскертүүлөрдү жасап келди. Бул коркутуулар февралда Пхеньян үчүнчү ядролук сыноолорун өткөргөнүнө Бириккен улуттар уюму ага каршы санкцияны күчөткөндөн кийин башталган.

Кытайга чейин Сеулда болгон Керри непада Түндүк Корея дагы ядролук сыноо өткөрсө “өтө чоң ката кетирген болот” деп эскертти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG