Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Бостондогу жардыруу боюнча кыргыз жараны кармалды


Бостондогу теракт. 15-апрель, 2013-жыл.
Бостондогу теракт. 15-апрель, 2013-жыл.

Сузак районунун тургуну Хайрулложон Матановго Бостондогу жардыруу боюнча “далилдерди атайылап жок кылган, жалган көрсөтмө берген” деген айып тагылды.

АКШнын Федералдык прокуратурасынын маалыматына ылайык, Хайрулложон Матанов Бостондо жардыруу уюштурду деп айыпталган ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдер менен жакын тааныш болгон. Жардыруудан көп өтпөй Царнаевдер менен чогуу тамактанган. Андан кийин да телефон аркылуу байланышууга аракет кылганы жана Тамерлан менен кеминде эки ирет жолукканы далилденген.

Матанов жардыруудан кийин бир канча жолу сурак берип чыккан жана анда Царнаевдер менен анчалык деле жакын тааныш эместигин айтып көрсөтмө берген. Мындан улам ага “жалган маалымат берген, далилдерди атайлап жок кылган”, - деген айып тагылды.

23 жаштагы Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну, өзбек тектүү Хайрулложон Матанов АКШга 2010-жылы май айында кеткен экен. Анын адвокаты Эд Хайдендин билдиришинче, Кыргызстандагы коогалуу окуяларга байланыштуу деген себеп менен башпаанек алган, студенттик виза андан кийин берилген.

“Азаттык” Матановдун туугандарын таап, алар менен байланышты. Ушул тушта Орусияда жүргөн Хайрулложондун бир тууган байкеси Нуррулло Матанов иним жок жерден күнөөлөнүп жатат дейт:

- Иним Сузакта лицейде окуган. Андан кийин Кадыржан Батыровдун университетине тапшырган. Ал окуп жүргөндө эле АКШга окууга баруу үчүн тест тапшырган. Тесттен өтүп, коогалуу окуя чыгардан 10 күн мурда, май айында АКШга кеткен. Иним андай иштерге бара турган адам эмес. Бул жерде ал жок жерден күнөөлөнүп жатат. Мурдагы күнү эле сүйлөшкөн болчумун. Анан мага бүгүн эртең менен ушундай болуп калыптыр го деп чалышты. Иниме чалсам, телефонун алган жок. Жайында суракка чакырып жатышкан. Биз Кудайдан коркуп жүргөн адамбыз да. Андайга барбайт болчу.



Хайрулложон Матанов. Сүрөт интернеттен алынды.
Хайрулложон Матанов. Сүрөт интернеттен алынды.
Хайрулланын атасынын карындашы Манзуура уккан кабарга ишенбей турганын билдирди:

- Ал жакшы окуп жүргөн бала. Атасы инсультка чалдыгып, ооруп калгандан кийин, ата-энесине жардам берейин деп окуп-иштегени ошол жакка кетти. Ал жактан информатика боюнча окууга тапшырган. Мага чалып, “ушундай окууга өттүм, кудай буюрса дипломумду алгандан кийин барам, таксист болуп да иштеп жатам” деген эле.

АКШнын Федералдык прокуратурасынын билдиришинче, Хайрулложон Матанов Тамерлан Царнаев менен анын иниси Жохар аркылуу таанышкан. Тамерлан экөө жолугуп, диний темаларда пикир алышып турган, Нью-Гемпшир штатында тоодо моджахеддердин стилиндеги машыгууларга чогуу катышкан. Матановдун эжеси Манзуура иниси ашынган динчил болгон эместигин айтууда:

- Беш маал намаз окуйт эле. Апасы окугун деп айтат эле. Атасы кичине орус мүнөз болгон да. Ошон үчүн апасы намазыңды калтырбай оку деп турчу. Намазын окуп, Алланын жолунда жүргөн, бирок андай-мындай жерлерге барбайт эле, радикалдарга кошулбайт эле. Ал деле орус мүнөз болгон.

Матановго анын туугандары жардам берүү жолдорун издеп жатат. Алар Кыргызстандын АКШдагы элчилигине кат жолдоону ойлонуштурууда.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, АКШ Матанов тууралуу так маалымат сураган өтүнүч жибере элек.

Былтыр 15-апрелинде Бостон шаарында өтүп жаткан марафондо колго жасалган эки бомба жарылып, андан 3 адам ажал таап, 250 адам ар кандай жараат алган. Жардырууну ага-ини Царнаевдер уюштурган деп табылган. Тамерлан Царнаев колго түшүрүү операциясы маалында өлгөн. Жохардын соту ушул жылы 3-ноябрда башталат.

Царнаевдер Кыргызстанды байырлап турушкан. Тамерлан Царнаев 1986-жылы Кыргызстанда, иниси Жохар Царнаев 1993-жылы Дагестанда төрөлгөн. Царнаевдердин үй-бүлөсү 1990-жылдардын башында Кыргызстандан Чеченстанга көчүп кеткен жана 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келген. 2001-жылы бул үй-бүлө кайра Дагестанга кетип, андан ары АКШга жер которгон. Тамерлан Царнаев 2002-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы маалым болгон.

Бостондогу жардырууга байланыштуу Казакстандын эки жараны, 19 жаштагы Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков да камакка алынган болчу. Аларга да далилдерди жок кылган деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG