Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Өзбек имамдары суицидге каршы күрөшөт


Ташкенттеги мечиттердин бири.
Ташкенттеги мечиттердин бири.

Жума намаз убагында өзбекстандык имамдар мечитке чогулгандарга өз жанын кыюу исламда кечирилгис чоң күнөөлөрдүн бири экенин түшүндүрүп жатышат.

Ташкент шаарындагы айрым мечиттердин имамдары жума намаздагы айтылчу баяндар өкмөттүн Дин иштери боюнча комитетинин тапшырмасы менен өткөрүлөрүн “Азаттыкка” билдиришти. Бирок ошол эле убакта имамдардын колунда суицидге барган өзбек жаштары тууралуу расмий маалымат жок.

Ташкент шаарындагы “Сирож Салих” мечитинин имамынын орун басары “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы менен болгон маегинде, мечиттеги суициддин кесепети тууралуу сөздөр Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин тапшырмасы менен айтылууда:

- Өзбек жаштарынын арасында суицидге каршы түшүндүрүү иштери бир гана бизде эле эмес, өлкөнүн бардык мечитинде болуп жатат. Мындай тапшырма Дин иштери боюнча комитетинен келген. Буга өз жанын кыйган жаштардын көбөйүшү себеп болгон экен. Ислам дини өз жанын кыюуга тыюу салат. Мындай ишке баргандар - алсыздар. Ошондуктан биз элге туура жолду көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз.

Өзбекстандын айрым мечит кызматкерлерине ар бир үйдү кыдырып, өз жанына кол салуу кечирилгис күнөө экенин айтып чыгуу милдеттендирген.

"Азаттыкка" атын атагысы келбеген ферганалык имамдардын бири:

- Бизди Алла жараткан. Андыктан Алла бизге берген белекке кыянаттык кылбашыбыз керек. Жума намазы учурунда, башка убактарда да биз элдин астына чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тирүүлүк - бул биздин негизги байлыгыбыз, - дейт.

Өзбек өкмөтүнүн Дин иштери боюнча комитетинин ислам уюмдары менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкери мечиттердин имам-хатибдерине суицидге каршы түшүндүрүү иштерин жума намаз учурунда жүргүзүү тапшырылганын билдирди:

- Акыркы эки айдын ичинде Өзбекстанда суицидге баргандар көбөйдү. Андай көрүнүштүн алдын алыш үчүн биз имамдарды жардамга чакырганыбыз чын. Бизге өз жанын кыйгандардын расмий саны белгисиз, бирок биз акыркы убакта алар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн билебиз. Бирок биз имамдарга "ар бир үйдү кыдыргыла" деп айткан эмеспиз. Бул иштерден башка биз социалдык роликтерди тартып, жаштарга дем бере турган макалаларды жазып, сайттарга жарыялап жатабыз.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдөгү ар жүз миң адамдын алтысы өз жанын кыят. Бирок бул көрсөткүч кыйла азайтылган болушу мүмкүн.

Өлкөнүн президенти Шавхад Мирзиёев өкмөттүн жыйынында өз жанын кыйгандарга кабатыр экенин белгилеген.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кырк секунд сайын дүйнөдө бир киши өз өмүрүн кыярын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG