Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Каримовдун тушундагы генерал чыккынчы катары айыпталды


Генерал Адхам Ахмедбаев.
Генерал Адхам Ахмедбаев.

Ислам Каримовдун маалында генералдык наам алып, ички иштер министри болуп турган Адхам Ахмедбаев учурда Өзбекстанда чыккынчылык боюнча айыпталып, үй камагында. Ага Шавкат Мирзиёевдин жана анын жакындарын аңдып, телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деген кине коюлган.

Өткөн жумада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев парламентте сүйлөп жатып мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаевди чыккынчы катары айыптаган. Андан соң Ахмедбаев генерал наамынан ажыратылып, үй камагына алынганы “Азаттыктын” өзбек кызматына маалым болду.

- Өзүнүн чыккынчылыгы үчүн ИИМдин мурунку министри Ахмедбаев кайда жүрөрүн билесиңерби? Ал Өзбекстандын министри болуп турганда, чыккынчылык кылып, бир топко кошулуп алган. Мен буга жол бере албадым. Мен эки генералдын погонун жулуп алдым. Анан дагы өздөрү генерал-лейтенант болуп алышат, - деген Мирзиеев.

Адхам Ахмедбаев Өзбекстандын ички иштер министринин кызматынан былтыр январда бошотулган.

Кийин Ахмедбаев президенттин саясий-укуктук суроолор боюнча мамлекеттик кеңешчиси болгонун жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышкан. Бирок Ахмедбаевдин туугандары ал Өзбекстандын ИИМ академиясына катардагы мугалим катары жөнөтүлгөнүн айтышкан. ИИМ Академиясында Ахмедбаев ардактуу эс алууга чыгарылганын билдиришкен.

Кийин өз атын жашырган мамлекеттик бир кызматкер Адхам Ахмедбаев генералдык наамынан ажыратылып, үй камагына алынганын ачыкка чыгарган.

- Мурунку министр генералдык наамынан полковникке чейин түшүрүлгөн. Ал расмий ардактуу эс алууга кеткен, чындыгында болсо анын жүрүм-туруму чектелүү. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысынын орун басары Шухрат Гулямовго каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу күч органдарынын көзөмөлүндө. "Ахмедбаев Өзбекстандан качып кетти" деген сөздөр негизсиз.

Буга чейин Адхам Ахмедбаев Латвияда, Түркияда же Араб Эмираттарында качып жүргөн айтылган.

Өзбек өкмөтүндө иштеген кызматкер Ахмедбаев убагында Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысынын орун басары Шухрат Гулямовдун тапшырмасы боюнча өлкө башчысынын жана анын үй-бүлөсүнүн артынан аңдуу койгонун айтты.

– Ахмедбаев Гулямовдун тапшырмасы менен 2016-жылдын май айынан тартып былтыр январга чейин президенттин жана анын жакындарынын артынан тыңчыларды коюп, аңдып жүргөн. Ал ИИМдин 7-бөлүмүнүн ошондогу башчысы Алишер Холматовго Шавкат Мирзиёевдин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоону буйруган. Мирзиёев бул жөнүндө билип калып, кийин президент болгондо экөөнү тең кызматтан алган. Министрликтен Алишер Холматов дагы кетирилген.

Шухрат Гулямов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басарлыгынан былтыр январда Ахмедбаевге удаа бошотулган.

2017-жылы 22-декабрда парламенттеги сөзүндө Шавкат Мирзиёев адамдардын телефондорун соттун уруксаты жок тыңшоого мындан ары тыюу салынарын билдирген.

- Ар бир мекеме өз ишин аткарсын. Баш мыйзам бир дагы уюмга адамдардын телефонун тыңшоого уруксат бербейт. Мен мындай укукту сотторго гана ыйгарган токтом кабыл алдым. Бул төңкөрүш, бирок акыйкатуу "төңкөрүш", - деген Шавкат Мирзиёев ИИМ менен Улуттук коопсуздук кызматынын иши жөнүндө.

51 жаштагы Адхам Ахмедбаев Өзбекстандын ИИМин 2013-жылдын декабрынан бери башкарып келген. 2014-жылы 22-августта Өзбекстандын мурунку президенти маркум Ислам Каримов Ахмедбаевге генерал-лейтенант наамын ыйгарган.

Ахмедбаев кызмат жолун 1984-жылы бөлүмдүк милиционер катары баштап, 1990-2000-жылдары Ташкент облусунун ички иштер башкармалыгында иштеген. 2000-2004-жылдары Ташкенттин шаардык башкармалыгында жетекчи орун басары болуп, кийинки эки жылда Өзбекстандын президентинин аппаратында кызмат кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG