Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Ташкент жалкоо жер ээлерин жазалайт


Өзбекстанда иштетилбеген жер ээлерине жаза берилет, Казакстан менен Өзбекстан шаарлар ортосунда автобустук каттамдарды ачышууда.

"Регнум" агенттиги Өзбекстанда иштетилбеген жер ээлерине жаза берилет деп жазат. Турак жай курууга жана үлүшкө берилген жерлерди иштетпеген өзбекстандыктар салыкты үч эсе көп төлөшү керек.

Азыр салыктын көлөмү жердин баасынын бир пайызын түзөт. Өзбек өкмөтү мындай чара айыл чарбаларды өнүктүрүүгө багытталганын билдирген. Кийинки жылы жер үлүштөрүн эффективдүү колдонбогон жер ээлерине жана ижарачыларга жерге болгон укуктарын чектөөгө чейин барышмакчы.

"Российская газета" Кыргызстанда эң аз айлык акы тиричилик минимумунан беш эсе төмөн деп жазат. Кыргызстанда минималдуу айлык 1,2 миң сом экенин Профсоюздар федерациясынын жетекчи орун басары Рысгүл Бабаева билдирген. Бул көрсөткүч Тажикстан, Молдова жана Украинага салыштырмалуу үч эсе, Казакстанга салыштырмалуу төрт эсе, ал эми Орусияга салыштырмалуу жети эсе аз экени баяндалат. Ал эми тиричилик минимуму быйыл 5,6 миң сомго бааланган. Эң аз айлык акынын тиричилик минимумунан беш эсе төмөндүгү Кыргызстандын эмгек мыйзамдарына дагы туура келбестиги белгиленет. Ал эми орточо айлык акы өлкөдө 14,7 миң сом.

"Власть журналы Казакстан менен Өзбекстан автобустук каттамдарды жүргүзүүнү макулдашканын баяндайт. Казакстандын парламенти 2006-жылдан бери каралып келе жаткан келишимди кабыл алышкан. Ага ылайык эки өлкөнүн ири шаарларынын ортосунда автобустук каттамдар ачылат. Бул кошуналар ортосунда соода-сатыкты өнүктүрүп, калктын мобилдүүлүгүн чоңойтуп, эки тараптуу мамилени бекемдейт деп жазылат макалада.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG