Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Өзбекстанда дары издегендер көбөйдү


Өзбекстандагы дарыкана.
Өзбекстандагы дарыкана.

Өзбекстанда коронавирус илдетин жугузгандар көбөйгөндөн бери дары-дармек тартыш боло баштады.

Буга байланыштуу өзбек президенти Мирзиёев саламаттык сактоо министрине сөгүш берди.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы коронавирус менен ооругандарга керек дарыларды сурап, Ташкенттеги ондон ашык дарыканага барган. Бирок биринен да сураганын тапкан эмес.

Кабарчылардын ырасташынча, мындай көрүнүш бир эле Ташкентте эмес, бүт Өзбекстанда байкалууда.

Өзбекстандык интернет колдонуучулардын бири арбидол аттуу дарыны февраль айында 35 миң сум же 3 долларга алганын, азыр анын баасы 50 долларга чыкканын жазды.

Өлкөдөгү дары таңкыстыгын өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да моюнуна алып, өкмөткө дарынын запасын үч айга жеткидей кылып камдап коюуну буюрду.

"Канча каражат керек болсо беребиз. Бирок дарылар кымбаттап кетсе, элде нааразылык жаралат. Дагы бир жолу кайталайм, жогун алып келебиз. Ар кайсы райондо баа ар түрдүү экен. Ошондуктан дарылардын баасы бардык райондо бирдей болушуна көңүл бурушубуз керек".

Өзбекстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин маалымат катчысы Кыздаркан Кожоева жакын арада дары маселеси боюнча кеңири маалымат берилерин, бардык маселелер ошондо чечилерин билдирди.

Ал арада өзбек президенти Шавкат Мирзиёев бир нече жооптуу кызматкерди кенебестиги үчүн тилдеди.

"Бул биринчи кезекте Ташкент шаарына жана Ташкент облусуна тиешелүү. Бул аймактардын жетекчилери абалга сүңгүп кирген эмес. Медициналык мекемелердеги реалдуу абал кандай экенинен кабарсыз. Элди өз убагында маалымат менен камсыздоого, өз убагында дарылоого, илдетти токтотуп калууга жооптуу экенин сезбей жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы айда коронавирусту токтотуу стратегиясын одоно бузган. Дарылоо ыкмаларын абалга жараша өзгөрткөн эмес".

Мирзиёев ушинтип, борбор калаадагы жана Ташкент облусундагы бейтапканалардын алдындагы мобилдик топторду үч эсе көбөйтүүнү буйруду.

17-июнда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын жыйыны өттү. Анда коронавирус жугузуп, үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармекти акысыз берүү чечими кабыл алынды.

Акысыз бериле турган дары-дармектердин тизмесинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат.

Азырынча COVID-19 инфекциясын жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Өзбекстанда 18-июлда 289 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бир киши оорудан көз жумду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 15 896 адамга жетти. Илдет жуктурган 80 адам көз жумду. 9003 адам оорудан сакайды.

Ал арада Өзбекстандын башкы прокуратурасы биринчи жарым жылдык ичинде 453 жооптуу кызматкерге карата кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Маалыматка караганда алардын төртөө республикалык, 13ү облустук, калган 442си райондук жана шаардык деңгээлдеги кызматкерлер. Алар паракорлук, кызмат абалынан аша чапкандык жана шалаакылык беренелери боюнча айыпталууда. Маалыматта алар алты ай ичинде мамлекетке 17 миллион доллар зыян келтиргени, 11 миллион доллар кайра калыбына келтирилгени айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG