Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:14

Вена форуму: “Камбар-Ата-1” боюнча донордук комитет түзүлдү


Венадагы инвестициялык энергетикалык форумга 200дөн ашык өкүл катышып жатат.
Венадагы инвестициялык энергетикалык форумга 200дөн ашык өкүл катышып жатат.

Министрлер кабинети 10-июнда Австриянын борбору Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүү менен аяктаганын билдирди.

Расмий Бишкек Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселесин бир топ жылдан бери эле көтөрүп келет. Курууга даярдык 2022-жылы башталган жана былтыр жыл башында Кыргызстан коңшулары - Өзбекстан жана Казакстан менен чогуу курууну макулдашкан.

Венада 10-июнда Кыргызстандын жана Австриянын өкмөттөрүнүн демилгеси менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбооруна байланыштуу инвестициялык форум ачылган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 11-июндагы маалыматы боюнча, Координациялык донордук комитетке Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка финансылык институттар жана уюмдар кирди. Түзүлгөн донордук комитеттин биринчи сессиясын ушул жылдын күзүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Венадагы инвестициялык энергетикалык форумга эл аралык каржы уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү, Борбор Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор баштаган 200дөн ашык адам катышты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Ал инвесторлорго кайрылып, расмий Бишкек аймактагы гидроэнергетика тармагындагы лидерлердин бири экенин белгиледи жана бул жаатта кызматташууга чакырды:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Кыргызстан - аймактын гидроэнергетикалык рыногунда негизги лидерлердин бири. Тилекке каршы, кубаттуулуктун болгону 13% гана колдонобуз. Ошол эле маалда өлкөдө энергетиканын кайра жаралуу булактарынын да потенциалы жогору. Бүгүнкү күндө биздин энергосектор кайра жаралуу доорун жашап жатат. Тарифтер кайра каралып, инвесторлор үчүн жеңилдетилген преференциялар өңдүү жакшы шарттар түзүлүп жатат. 2023-жылы октябрда "Бир жол - бир алкак" форумунда кытай тарап менен Кемин-Торугарт 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысын куруу макулдашуусуна кол коюлган. Долбоор Кытайга жашыл энергияны жеткирүүнү камсыздайт. Мамлекеттин саясаты энергетика системасындагы туруктуулукту, ишенимдүүлүктү камсыздоого эле эмес, энергияны экспорттоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө да багытталат. Биз бардык эл аралык уюмдарды энергетика тармагындагы долбоорлорго, айрыкча кубаттуулугу 1860 мегаватты түзгөн аймактагы чоң долбоор болгон "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга катышууга чакырабыз".

Акылбек Жапаров инвестициялык форумда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетерин айтып, ГЭСтин Кыргызстанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө пайдасы тууралуу маалымат берди.

Буга чейин Дүйнөлүк банк бул долбоорго, тактап айтканда, анын техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого, экологиялык жана социалдык документтерди даярдоо өңдүү иштерге 13,6 миллион доллар бере турганы белгилүү болгон.

Өткөн айдын аягында Бишкекте Энергетика министрлигинин жетекчилиги аталган банктын өкүлдөрүнө жолуккан. Анда каражаттын 11 миллиону 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз берилүүчү насыя, калган 2,6 миллиону грант болору айтылган.

Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Дүйнөлүк банк "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга баш-аягы 500 млн доллар насыя бөлүүнү убада кылганын айткан, бирок каражат канча убакытта, кандай шартта берилерин тактаган эмес.

Кыргыз бийлиги "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу маселесин бир канча жылдан бери эле көтөрүп келген жана 2022-жылы курууга даярдык башталган.

2023-жылдын башында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бул ГЭСти чогуу куруу тууралуу жол картасына кол койгон. Анда расмий Астана менен Ташкент ГЭСти чогуу башкаруу үчүн биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдогону белгилүү болгон.

Биргелешкен ишкананын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, Казакстан менен Өзбекстан болсо ар бири 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган жана бул өз кезегинде талаш-талкуу жараткан.


Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууда эске алынуучу маанилүү жагдайларга токтолду. Ошол эле кезде инвесторлорду тартууда сот адилеттиги өңдүү маселелер бар экенин белгиледи:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

"Форумга биздин парламенттин тармактык комитетинин төрагасы баштаган топ кетти. Бул абдан маанилүү долбоор, муну куруш керек. Бирок бул жерде эки маселе бар. Биринчиден, биз ГЭСти Өзбекстан жана Казакстан менен чогуу курабыз деп жатабыз. Анда Кыргызстандын үлүшү 34%, ал эми коңшулардыкы ар бириники 33% болуп жатат. Албетте, кошунаны сыйлоо керек, урматтоо керек, бирок мындай маселеде улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюш керек. Биз эки өлкөгө 60тан ашык пайыз берип койсок, кээ бир маселелерде бизди алар блоктоп, каалаган нукта чечип коюшу мүмкүн да. Эгер биз биргелешип курабыз десек, мейли, анда алардын үлүшү, балким, 24% боло берсин, биздин колубузда жок дегенде 52% болушу керек. Анткени территория биздики, суу биздики. Өз жерибизде, өз өлкөбүздө ресурсубузга ээ болбой калбайлы деген эле маселе. Экинчиден, грант, насыя алганда төлөө мөөнөтү кенен болсо жакшы болмок. Анткени бул жерде ГЭС ушунча жылда өзүн актайт деген божомол бар да. Ошону эске алып, биринчиден, төлөө жадыбалын узак кылып берсе, экинчиден, пайызы төмөнүрөөк болсо, үчүнчүдөн, жанагындай консультанттарга, көрүнбөгөн чыгымдарга деп көп каражат кетирбеш керек. Бул деген бизге берилген акчанын бир бөлүгүн эле өздөрү алып алат, карыз биздин моюнубузга илинет деген эле сөз да. Долбоор инвесторлорго кызык эле болушу мүмкүн. Анткени дүйнөдө суу эң чоң, баалуу ресурска айланды. Экинчи жагынан, бул тармактагы киреше бара-бара көбөйөт деген божомол бар. Андан сырткары биз CASA-1000 аркылуу Ооганстан, Пакистан өлкөлөрүнө чейин сатабыз деп жатпайбызбы. Бирок ошол эле мезгилде, мисалы, сот адилеттүүлүгү дегендей дагы маселелер бар, инвесторлор ушуну дагы карашат. Эртең бир маселе чыкса, мүлк талаш болсо кимге кайрылабыз деп ойлонушат. Сот адилетсиз, коррупциялашкан болсо, "мүлкүбүздөн айрылып, оозубуздан жемибизди алдырган кушка окшоп отуруп калбайлы" деген коркунуч болушу мүмкүн".


Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн дарыянын нугун буруу максатында узундугу 180 метр, туурасы 30 метр тилкеде жардыруу иштери аткарылганын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзөрү, ал деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашары айтылган. Кыргыз бийлиги долбоорду куруунун алгачкы этабында 1,5 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморовдун дагы пикиринде, ГЭСти башкаруунун мыкты жол-жобосу болушу керек:

"Бул чөлкөмгө бир топ пайда алып келе турган долбоор экени белгилүү. Бизге энергия керек болсо, кошуна мамлекеттерге убагында суу керек болуп жатпайбы. Бул ушул эки маселени тең чече турган долбоор. Бул чоң долбоор болгондуктан көп жылдардан бери маселеси чечилбей келди. Буга өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы начар болуп келгени да себеп болду. Жыл өткөн сайын энергетиканын мааниси көтөрүлүп, аймактагы лидерлер муну түшүнүп, кошуна мамлекеттер чогуу курууга кызыгарын айтты. Кошуна мамлекеттер өз пайдасын көрөт, ирригация жагына басым кылса, мисалы, Токтогул суу сактагычынан аларга суу берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул жерде ГЭСти башкаруунун жакшы механизми болушу керек. Биздин башкарганыбыз эле туура болот. Кийин талаш-тартыш чыкпагандай болушу керек. Идеалдуу болушу үчүн биз, албетте, 51% үлүшүн ээлесек болмок. Бул жерге мыкты тажрыйбасы бар кадрларды алып келип, өзүбүздүн бюджеттен акча бөлүп, дагы каражаттарды таап ГЭСти курууга ыкчам даярдыктарды көрүп, кошуналарга 49% берсек туура болмок".

Кыргыз өкмөтү ГЭСтин куруу быйыл, 2024-жылы башталарын, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалып жатканын билдирген. "Камбар-Ата-1" толук курулуп бүткөндөн кийин кубаттуулугу 1860 МВт болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрө турганы айтылган. Бул Кыргызстандагы ушу таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң болот дегенди билдирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG