Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

ДЧ - 2018: Орусия жарым финалга жетеби?


2018-жылкы чемпионатта ойнолуучу Telstar 18 тобу
2018-жылкы чемпионатта ойнолуучу Telstar 18 тобу

2018-жылы өтө турган футбол чемпионатында беттеше турган атаандаштар белгилүү болду. 1-декабрдагы чүчүкулак эң чоң мелдештин картасын канчалык ача алды?

Бул күндү миллиондор, өзгөчө футбол ышкыбоздору чыдамсыздана күткөнү талашсыз. 32 команда кайсы тайпага бөлүнгөнүн санай өтөлү.

Чүчүкулактан биринчи эле Орусиянын аты чыкты. А тайпасында талаа ээлери менен Уругвай, Сауд Арабиясы ойнойт. Ошондой эле тандоо турларынан өтүп, тайпалык оюндарга 1934 анан 1990-жылдары гана чыккан Египет да бар. Ошон үчүн көпчүлүк Орусияга ийгилик жылмайды деп турушат. Алардын бири ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров.

Бахадыр Кочкаров (солдон биринчи)
Бахадыр Кочкаров (солдон биринчи)

- Менимче чүчүкулак ачык-айкын өттү. Башка өлкөлөрдө эмне дешет билбейм, бирок профессионалдуу деңгээлде болду. Бул эми футбол, бир команда күчтүү, башкасы андай эмес болушу мүмкүн. Ошентсе да Орусияга оңдой берди болду окшойт. Тайпасынан чыкса керек деп ойлоп атам. Бирок баары бир оор оюн болот.

Акыркы жылдары дурустап оюн көрсөтө албай тил угуп келген орус футболчулары үчүн чемпионатты өткөрүп атканына байланыштуу токтоосуз эле тайпага кошулганы да зор огожо. Ушуларды эске алган Оштун “Алай” командасынын машыктыруучусу Айбек Татанов Орусия жарым финалга жете барат деп болжолдойт.

Чүчүкулак кармоо аземине Пеле, Марадона баштаган футболдун ардагер жылдыздары келишти
Чүчүкулак кармоо аземине Пеле, Марадона баштаган футболдун ардагер жылдыздары келишти

1964, 2008, 2012-жылдары Еврочемпионатты, дүйнөлүктү бир ирет уткан Испания B тайпасында. Ага атаандаш катары Португалия чыгарын укканда дымып отурган Роналдунун жердештеринин шаабайы сууй түшкөндөй болду.

- Биздин жолубуз болбой калды. Анткени адегенде эле Испанияга каршы ойношубуз керек экен. Ал биринчи оюн кийинки этаптарга өтө алабызбы жокпу - ошону көрсөтөт. Кап, Испаниядан башка команда менен чыксак болмок. Ал жактан кеминде эки команданы утпасак ары кете албайбыз, – деп кейиди түз эфирден чүчүкулакты көрүп отурган Мигель Мирада.

Европанын учурдагы чемпиону деле оңой жоо эмес. Португалияга каршы чыгарын укканда испандардын деле жүрөгү болк эткени шексиз. Ошол эле маалда көп учурда тандоо турунан өтпөгөн, өтсө да тайпадан суурула албаган Иран менен Мароккону спорт сүйүүчүлөрү европалык фавориттерге тең ата көрбөй турушат.

- Дүйнө чемпионатына алсыз команда чыгып, жөндөн жөн эле кошулуп калган жок. Баары күчтүү. Ошентсе да башкы фаворит Франция менен Германия деп ойлойм. Ал эми тайпалардан F тобу өтө күчтүү болуп калгандай, – дейт "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов.

F тобуна дүйнөнүн төрт жолку, ушу таптагы да чемпиону Германия, 1990-жылдардан бери 1/8 финалга жетип жүргөн Мексика, акыркы эки чемпионатта тең тайпага илинбей калган Швеция, Азиядагы бирден бир белгилүү жана күчтүү команда Түштүк Корея кирди.

Бахадыр Кочкаров бул ирет G тобундагы Англиядан үмүттөнүп турат:

- Эң тажаал тайпа англиялыктардыкы болсо керек. Анткени акыркы сегиз жылда англичандар жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн жок. Ошондуктан алар бар күчүн салып, өзүн көрсөтүшөт. Бул группадагы белгисиздер да кызыктуу команда, алар менен ойноо да оор.

Ал белгисиздер Тунис менен Панама. Африкалыктар 1978, 1998-жылдары гана дүйнө чемпионатына катыша алышса, Борбордук Америкадагы Панама үчүн Орусиядагы оюндар дебют болмокчу.

Калган тайпалар мындайча бөлүштүрүлдү:

C Франция, Перу, Дания, Австралия.

D Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия.

Е Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия.

H Польша, Колумбия, Сенегал, Япония.

Жогоруда айтылгандай булардын баары оңой оюнчулар эмес. Анткени Италия, Чили, АКШ, Австрия, Түркия, Украина сыяктуу өлкөлөр тайпалык оюндарга да илинбей калышкан.

Ошентсе да Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино баарына унутулгус майрам тартуулайбыз дейт.

- Дүйнө, эмки жылы Орусияга келе турган 1,5 миллион дүйнө эли да Орусия меймандос экенин билишет. Футбол майрамына келгендер ал күндү күтүп аткан орусиялыктар да жылуу жүздүү эл экенине күбө болушат.

ФИФАнын жаңы жетекчиси үчүн бул алгачкы дүйнө биринчилиги. Зепп Блаттер баштаган мурункул жетекчилер жемкорлукка байланыштуу кызматтан алынган.

Ошол эле учурда Орусия да спортчулары допингден кармалып, а тургай кураманын футболисттери да аны колдонушу ыктымал деп шек жаралып турганда оюн өткөргөнү турат.

Эмки жылы 14-июндан 15-июлга чейин өтчү мелдештер үчүн Орусиянын Москва баштаган 11 шаарында 12 стадион камдалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG