Кийинки убакта Батыш менен Орусиянын тыңчыларга байланышкан чырына ГРУнун офицерлери аралашканы ачыкка чыгып, бул эл аралык коомчулуктун Москвага каршы нааразылыгын күчөттү.
62 жаштагы генерал-полковник Игорь Коробов чалгын мекемесин 2016-жылдан бери башкарып турган. Буга чейин башкармалыкты жетектеген Игорь Сергун расмий маалымат боюнча Подмосковьедеги үйүндө жүрөгү кармап дүйнөдөн кайтканы айтылган. Бирок "Stratfor" аттуу америкалык жеке менчик чалгын компаниясы ГРУнун жетекчиси Ливанда каза болгонун таап чыккан.
Британдардын "Financial Times" басылмасы Сергун Жакынкы Чыгышта Путиндин атайын тапшырмасы менен жүргөнүн жазган. Ал Дамаск шаарында Сириянын лидери Башар Асад менен жолугуп, Путиндин «бийликтен кетсин» деген өтүнүчүн жеткиргени барган.
Буга чейин маалымат каражаттарында айтылып жүргөндөй, Британияда ГРУнун офицерлери аралашкан операция пландалгандай ишке ашпай калган соң президент Владимир Путин Коробовду чакыртып алып сүйлөшкөн. Кремлдеги сүйлөшүү башкы чалгынчынын кийинки тагдыры тууралуу талкууларга жем таштаган.
Ноябрдын башында Москвада ГРУнун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта Коробов көрүнгөн эмес. Ага катышкан президент Путин Орусиянын чалгын кызматынын “чексиз мүмкүнчүлүктөрүн” белгилеп, Сириядагы аскердик операцияларда ГРУнун агенттеринин ийгилигин көкөлөтө мактаган.
"Сириянын көп райондоруна тынчтык орноп, кан төгүү токтоп, өз ара ымалага жол ачууда, ошондой эле террорчуларга катуу сокуу уруп, аларды биздин аймакка кирип келишине бөгөт коюуда, албетте, биздин аскердик чалгындын эмгеги эбегейсиз» - деген Путин. Ал бул мекемеге мурунку Башкы чалгын башкармалыгы - ГРУ деген аталышын кайра берүүнү сунуш кылган.
Батыш менен Орусиянын тыңчылар аралашкан чырында башкармалык ГРУ деп эле аталып жүрөт.
Лондон ГРУнун офицерлерин "мурунку орус тыңчысы Сергей Скрипалды, кызы Юлияны жана башка бир нече британ жарандарын ууландырган" деп айыптап жатат. Бул чырдын башталганына жакында жыл айланат. Нидерланд орус тыңчыларын "Гаагадагы Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмга, Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттикке жана Донбасста малайзиялык жүргүнчү учактын кыйрашын иликтегендерге кибер чабуул койгон" деп айыптаган.
Орусия эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет. "The Insider" жана "Bellingcat" агенттиктеринин иликтөөчүлөрү Англиянын Солсбери шаарында Скрипалдарды ГРУнун офицерлери Александр Петров (Александр Мишкин) менен Руслан Боширов (Анатолий Чепига) ууландырганын жарыялаган. Бирок Орусиянын чалгын мекемеси буга байланыштуу эч комментарий берген эмес.
Орусиянын маалымат каражаттары өз булактарына таянып, ГРУну башкаруу милдети Коробковдун орун басары вице-адмирал Игорь Костюковго жүктөлгөнүн кабаралды.