Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:49

Өзбекстандан ооруп калган АКШ аскерлери


Өзбекстандагы Карши аэропорту.

АКШнын Өзбекстандагы мурунку аскер базасында болгон аскерлердин арасында өсмө оорусуна чалдыккандар бар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин сот иши. Кытайда балалуу болуудан баш тартууга эмне себеп?

Өзбекстандагы АКШнын мурунку аскер базасынан чыккан оору

Кошмо Штаттардагы «McClatchy» жаңылыктар кызматынын иликтөөсү боюнча 2000-жылдардын башында Өзбекстанда жайгашкан АКШнын Карши-Ханабад аскердик базасында кызмат өтөп кеткен аскерлердин көбү залалдуу шишикке чалдыкканы, буга базанын аймагындагы уулуу заттардын көптүгү себеп болуп жатканы баяндалат. Иликтөө тууралуу АКШдагы бир катар массалык маалымат каражаттары жазышты.

«Eurasinet» басылмасы да бул темага кайрылып, Карши-Ханабад базасындагы уулуу заттар тууралуу маалымат такталгандан кийин маселе АКШ Конгрессинде көтөрүлгөнүн кабарлады. «2001-2006-жылы Өзбекстандын Карши-Ханабад базасына иштеген аскерлер уран калдыктары, уулуу заттар бул жерде көп экенин көрүшкөн. АКШнын Коргоо министрлиги да аскерлердин өмүрүнө коркунуч бар экенин билген.

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан соң аскердик база Ооганстандагы согуштук иш-аракеттер үчүн АКШнын стратегиялык маанилүү жайы болуп турган. Ооруга чалдыккан аскерлер базада америкалыктар келгенге чейин эле уран калдыктары көп болгонун, белгисиз жашыл жумшак заттар саздай былкылдап турганын белгилешкен.

2001-жылы бул аскердик жайда иштеген 50 адамдын тогузунан залалдуу шишик аныкталды. Базада иштегендердин арасынан жалпысынан 60тай кишиде өсмө (рак) илдети табылган. Бирок алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Себеби, аскердик сырды сактоо деген эрежеден улам ооруганын ачык айтпаган офицерлер бар. Бул мүшкүл ооруга чалдыккан ветерандардын дарылануу акысын мамлекет төлөбөй, өздөрү тапканга аргасыз болгондо элге жарыяланды», деп жазды басылма.

Карши-Ханабаддагы АКШнын аскердик базасы өзбек бийлигинин талабы менен 2005-жылы Анжияндагы кандуу калабадан соң чыгарылган. Аскерлердин ууланышы жана анын кооптуу кесепети тууралуу маалыматтарды Конгресс иликтейт.

Атамбаев тоготпогон аргасыз кыргыз соттору

Талдоочу Коллин Вуд «The Diplomat» журналына Кыргызстандагы соттук системаны сындаган макала жарыялады. Анда ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иштериндеги «мыйзамдын боштугун» талдаган. Автор: «7-8-августтагы Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларында жана андан кийинки убакта коомчулук бийликтин андан аркы кадамын дем албай күтүп турду.

Атамбаев камалгандан тартып кыргыз соттору кир жуугучтун айлампасына түшкөндөй эле айланып калышты. Сотко чакырылып, ага баруудан баш тарткан Атамбаевдин айынан соттор анын бөгөт чарасы менен кошо сот отурумдарын улам артка жылдырганга мажбур болушууда. Сот залына баруудан улам-улам баш тартканда судьяларды Атамбаев камакта отурган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратына чейин алып барышты.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев түзүлгөн кырдаалды «мыйзам боштугу» деп атады. Мындай «мыйзам боштугу» Алмазбек Атамбаевдин өзү үчүн «тапкыч кадам» болгону менен коомдогу абалды курчутуп, саясий туруктуулукка шек келтириши ыктымал. Азыркы бийлик коррупция менен күрөш деген ураан үчүн өлкөнүн алсыз сот системасын болушунча өз максатына колдонууда.

Арийне, мындай кырдаалды өз учурунда президент Алмазбек Атамбаев иштеп чыгып, саясатка орнотуп койгон. Кыргызстан соттук системада олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Бирок кылмыш ишин ачуу менен саясий оппонентти жок кылуу өрчүп турган маалда, сот адилеттиги талаш жаратат. Ал арада Атамбаев 15-мартка чейин камакта калары билинди», деп жазат.

Дүйнөдө 45 миллион адам ачарчылыкта

Немистердин «Deutsche Welle» агенттиги «Түштүк Африкадагы ачарчылык мурда-кийин болбогондой деңгээлге жетти» деген Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүн таркатты. Африканын 16 өлкөсүндө азык-түлүк тартыштыгынан 45 миллиондой адам жабыркап турат. Алардын көпчүлүгү балдар менен аялдар. Кургакчылыктан, ички согуштардан, экономикалык туруксуздуктан улам африкалыктардын карды тойбойт.

Зимбабве менен чек арада турган Түштүк Африканын жумушчулары. Архивдик сүрөт.
Зимбабве менен чек арада турган Түштүк Африканын жумушчулары. Архивдик сүрөт.

Мадагаскарда, Эсватиниде, Лесотодо, Малавиде, Мозамбикте, Намибияда, Замбия менен Зимбабведе ачарчылык азыр курчуп турган кези. Айыл чарбасындагы кыйынчылыктар да улам көбөйүп, элди кыйнап турат. БУУнун эсебинде, элди тойгузуш үчүн 489 миллион доллар талап кылынат. «Идай» бороонунан жабыркаган Мозабиктин, Замбиянын жана Малавинин абалы өтө кыйын.

Кытайда төрөт азаюуда

Кытай бийлиги төрөттү чектөөнү токтоткону менен анын деңгээли кескин төмөндөп баратканын Британиянын «The Guardian» гезити жазды. «Бул көрсөткүч 2019-жылы өзгөчө азайган. Кытайдын Улуттук статистикалык бюросу төрөт 1949-жылдан берки деңгээлден 10,48% азайганын белгиледи. Бюронун директору Нин Жиже 2017-жылы бул көрсөткүч 12,43% түшүп кеткенин белгиледи. Былтыр Кытайда болжол менен жарым миллион ымыркай аз төрөлдү.

Кытайлык балдар.
Кытайлык балдар.

Экономикалык, саясий талдоочулар Кытайдын демографиялык абалы улам курчуп бара жатканда мындай азаюунун кесепети оор болорун белгилеп жатышат. 1980-жылы күчүнө кирген «бир бала» саясатынан улам Кытайдын эли кескин картайып кеткен. Ондогон жылдар бою өкүм сүргөн саясат жумшарганы менен кытайлыктар эми балалуу болууну көп деле эңсебей калганы билинди.

Эксперттердин эсебинде, 2050-жылга чейин 60 жаштан өткөн адамдар Кытайдын үчтөн бирин түзүп калмакчы. Балдарга караганда улгайгандардын көбөйүшү экономикалык теңсиздикке, коомдук кызматтардагы кыйынчылыктарга жол ачат» деп жазат басылма.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG