Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Гуманитардык уюм Ооганстанда ишин токтотот


Ооганстан
Ооганстан

24-январда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары Ооганстандын Жалалабад шаарында Save the Children эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салды. Кеминде беш киши окко учту, 12 киши жарадар болду. Ошол эле күнү 20-январда талип согушкерлери Кабулдагы мейманканага чабуул койгондо набыт кеткен украиналык жети жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

24-январда эртең менен жанкечти эл аралык уюмдун регионалдык кеңсесинин жанында дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Андан кийин имаратка куралчан адамдар кирип барып, коопсуздук кызматкерлери менен аткылашуу тутанды. Кеминде беш киши окко учту, 12 киши жарадар болду. Кол салгандардын бири атышууда өлтүрүлдү.

Күбөлөр катуу жардыруу болгонун, куралчан бир киши комплекстин кире беришине граната ыргытканын айтып беришти.

Имаратта ошол кезде жүргөн 46 киши куткарылганы, айлана-тегеректе жүргөндөр да эвакуацияланганы маалымдалды.

Терактты уюштурууну өз мойнуна алган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму “Амак” пропагандалык сайты аркылуу “британиялык жана швециялык уюмдарды, өкмөттүк мекемелерди бутага алганын” билдирди.

Save the Children уюмунун кеңсесине салынган кол салуу.
Save the Children уюмунун кеңсесине салынган кол салуу.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Save the Children уюмунун комплексинин жанында швециялык кайрымдуулук фонду жана Ооганстандын аялдар маселелери боюнча департаменти орун алган.

Теракттан кийин балдарга билим берүү, саламаттыгын сактоо, укуктарын коргоо менен алектенген уюм Ооганстандагы программалары жана кеңселери “убактылуу жабылып жатканын” билдирди.

Британиянын Ооганстандагы элчиси Ник Кей үрөй учурган чабуулду айыптап, балдар менен гуманитардык кызматкерлерди бутага алууну адамзатка каршы кылмыш деп эсептерин Твиттерде жазды.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы жайкын адамдарга жана гуманитардык уюмдарга каршы мындай кыянатчылык эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын, муну согуш кылмыштарына теңөө мүмкүн экенин билдирди.

Жалалабад - Пакистан менен чектеш Нангархар провинциясынын борбору. “Ислам мамлекети” эстремисттик тобунун таянычына айланган чөлкөмдө "Талибан" кыймылынын согушкерлери да өтө активдүү.

Мунун алдында, 20-январда талиптер Кабулдагы люкс мейманканага кол салып, кеминде 30 киши мерт кеткен. Маркумдардын жарымы - чет өлкөлүк жарандар.

Кол салуу болгон мейманкана.
Кол салуу болгон мейманкана.

Шаршембиде ошол терактта өлгөн украиналык жети кишинин сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Маркумдар ооганстандык "Кам Эйр" аба компаниясында иштеп жатышкан. Кол салуу болгон маалда мейманканада компаниянын 40 чакты учкучу, стюарддары болгон, алардын кеминде ону каза тапты. Көбү башка өлкөлөрдүн жарандары.

- Тилекке каршы ырайымсыз террорчулардын колунан мекендештерибиз менен катар башка мамлекеттердин жарандары да шейит кетти. Маркумдардын жакындарына, алардын өлкөсүнө көңүл айтабыз, - деди Кабулдагы аэропортто сүйлөп жатып Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Мирваис Самади.

2014-жылы НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгарылгандан кийин Батыш колдогон ооган өкмөтү "Талибандын" жана башка куралдуу топтордун жоочулары менен күрөшүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG