Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

“Ал-Жазиира” Балканга чыкты


“Aл-Жазиира” каналынын Сараево шаарындагы студиясы, 10-ноябрь, 2011
“Aл-Жазиира” каналынын Сараево шаарындагы студиясы, 10-ноябрь, 2011

“Ал-Жазиира” телеканалы 11-ноябрдан тарта Балкан өлкөлөрүнө өз программаларын көрсөтө баштады.

Катарда жайгашкан телеканал буга чейин арап жана англис тилдеринде көгүлтүр экранга чыкчу. Ошентип, “ал-Жазиира” өзү айткандай Балкандагы бирден бир регионалдык телеканал болмокчу. Дүйнөлүк медиа-рыноктогу күчтүү оюнчулардын бири эсептелген “ал-Жазиира” эми Түркияга жана Чыгыш Африка өлкөлөрүнө өз программалары менен чыгууну мерчемдөөдө.

Мунайга бай Катар мамлекетинин ээлигиндеги “ал-Жазиира” телеканалынын эл аралык аудитория үчүн күрөштү Балкан өлкөлөрүндө кеңейтүүсү күтүүсүз кадамдай. Бирок мурдакы Югославия Федерациясынын пайдубалында пайда болгон өлкөлөрдүн орток тили бар - ал серб тили.

Регионалдык кеңсесин Босния-Герцеговинанын байтакты Сараеводо ачкан “ал-Жазиира” азырынча күнүнө экранга алты сааттык программасы менен чыгууда. Анын серб тилиндеги көрсөтүүлөрү баш кеңсеси туткан стилди жана мазмунду сактоодо. Берүүлөр негизинен журналисттик изилдөөлөр жана окуя жүрүп жаткан аймактардан кабарчылар даярдаган репортаждардан түзүлгөн.

“Ал-Жазииранын” регионалдык бөлүмүнүнүн башкы редактору болуп Балкан мамлекеттеринде белгилүү журналист Горан Милич тандалган. Анын сөзүнчө, Балкандын Европа рыногуна акырындап интеграцияланып жаткан шартта инвесторлор “ал-Жазииранын” Дохадан айткан пикирине назар салбай койбойт:

- Биз күтпөгөн жараян жүрүүдө. Биз акырын Евробиримдикке кошулуудабыз. Словения Биримдиктин мүчөсү, Хорватия босогодо турса, башкалар кезек күтүүдө. Эми кызматташуу, маалымат алмашуу кеңейет, регионго ишкерлер жана акча, дагы көп инвестиция келет. Акча жана инвестиция менен кошо адамдар да келет, информацияга талап өсөт.

“Ал-Жазииранын” Балкан өлкөлөрүнө өз программасын көрсөтө баштоосу региондо түрдүүчө кабыл алынууда. Карапайым эл жаңы медиа оюнчунун келишин өкмөттүк саясаттын ийкемдүүлүгү катары түшүнүштү. Региондо белгилүү Saraevo-х.com Интернет форуму арап телекомпаниясынын техникалык жактан жабдылышына суктануу менен, телестанция регионалдык балансты сактай алабы же Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүнө көп орун береби деп суроо койду.

40 жаштагы сараеволук инженер Дубравко Бобан “ал-Жазиира” жергиликтүү маалымат булактары арасындагы атаандаштыкты күчөтүп, аларга жаңы дем берет деп ишенет. Бобандын пикиринче, жарым өкмөттүк Мусулман-Хорват ТВсы жана Босния өкмөтүнүн БHTV телеканалдары окуяларды өтө эле бир тараптуу чагылдырат.

-“Ал-Жазиирага” үмүт чоң. Алар биз билген Федерация ТВсы менен БHTVга караганда профессионалдуу болушат деп ойлоймун. Алар профессионалдуу жана бир жактуу эмес болууга тийиш. Мен алар элге билим берүүчү программаларды көрсөтүшүн каалайт элем. Алар жаш муунга билим берет деген үмүттөмүн.

Ал эми Босния-Герцеговинанын курамындагы Серб Республикасынын Баня Лука шаарында жашаган Ива Бундало айым “ал-Жазиира” Балканга узакты көздөгөн бир максат менен келди деп боолгойт:

- Мен билгенден “ал-Жазиира” кайсы бир ислам өлкөсүнөн келди. Бул жагы жакшыбы, билбейт экенмин. Алар кайсы багытты тутунганын көрөбүз да. Алар кандайдыр бир ислам идеяларын жайылтканы келдиби же башка телеканалдардай эле болобу?

“Ал-Жазиира” Балканда тамырлап алган соң Түркияда өз программаларын көрсөтө баштайт. Ал үчүн бир телестанцияны сатып алып койду. Келечекте Чыгыш Африкага суахили тилинде телеберүүлөрүн көрсөтмөкчү. Суахили кара континенттеги 70 миллион чамалуу элдин орток тили. Андан кийинки кезекте Индия жана Борбор Азия турат.
XS
SM
MD
LG