Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Тарбагатай кыргыздары эне тилин үйрөнүшөт


Оңдо: Таргабатай кыргыз маданий борборун түзгөн Оролбек Манжин уулу. Аманат сүрөт, 17-январ, 2011-жыл
Оңдо: Таргабатай кыргыз маданий борборун түзгөн Оролбек Манжин уулу. Аманат сүрөт, 17-январ, 2011-жыл
Кытайдын батышындагы Или Казак аптономыялуу обуласынын Тарбагатай аймагында кыргыз маданий борбору иштейт. Мында жашаган үч миң чакты кыргыздын башын бириктирген борбор Оролбек Манжин уулунун аракети менен ачылып отурат.

Тарбагатайлык кыргыздар тууралуу Кытайдын башка аймактарындагы кыргыздар көп биле бербейт. Биз тилге тээк кылмакчы болгон Оролбек мырза мына ушул аймактын Оргочор деген тарабында туулуп өскөн, казак тилинде окуган, башка улутташтары сыйактуу эле, казак тилинде сүйлөйт. Теги Энесайдан, XVII кылымдын этегинде Ысык-көл аркылуу ооп келген сарбагыш уурусунан.

Таргабатайдагы Кыргыз маданият борборун ачуу аземине келгендер, 17-январ, 2011-жыл
Таргабатайдагы Кыргыз маданият борборун ачуу аземине келгендер, 17-январ, 2011-жыл
Оролбек мырза эки досу менен Оргочордо кыргыз маданый борборун курабыз деп мындан жыйырма жыл мурда аракет кыла баштаган. Ортодо бир досу каза болуп, экинчиси оорукчан болуп калган.

Ошого карабастан, Оролбек жогорку өкүмөт башчыларына алма-кезек жүгүрүп жүрүп, акыры быйыл «Тарбагатай аймактык кыргыз маданыйат борборун» түптөдү. Анда азыр 50дөн ашуун адам эмгектенет.

Борбордун максаты жергиликтүү кыргыздардын улуттук кийим-кечектерди, музыка аспаптарын, ооз-эки адабыйатын жыйноо, көргөзмө ачуу, китеп чыгаруу жана жаш муундарга таалим берүү сыйактуу ийги иштерден турат.

Борбордун тарыхы 1980-жылдан тарта Оролбек Дамей, Төлөбек деген достору менен Нооруз майрамын уйуштуруп баштаган. Ал ирет Ноорузга араң отуз канча киши чогулган.

Ал кезде тарбагатайлык кыргыздар Ноорузду казактарга гана таандык деп билишкен. Жаз майрамын бирге тосуу демилгесин көтөргөндөрү үчүн Оролбек баштаган топту «казакка сатылгандар» деп айыптагандар да болгон.

Оролбек мырза көп окуган, кыргыздын салт-санаасы, маданыйаты жөнүндө көп маалыматка ээ жана өз улутуна болгон терең сүйүүсү дем берип турган адам. Ал унутулуп бара жаткан баба-салтын кайра тирилдирем дегенде ак эткенден так этип, ичкен ашын жерге коё жүгүрүп жүрүп, акыры ийгиликтин ачкычын колуна алган учуру.

Азыр Нооруз майрамында аз болгондо төрт жүз адам чогулат. Алыс-жакындан аттуу-баштуу жетекчилер келип, байыркы Нооруздун маани-маңызы жөнүндө олуттуу ой козгоп, куттуктоолорун айтса, мыкты ырчы-чоорчулар чогулган элдин маанайын ыр менен оболотуп кетишет.

Таргабатайлык кыргыз селкилер (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Таргабатайлык кыргыз селкилер (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Өзгөчө быйыл «Тарбагатай кыргыздарынын маданыйат борборунун» ачылышы жергиликтүү элдин жүрөк жарган кубанчына айланды. Аталган борбордун жетекчиси болуп шайланган Оролбекти бир кезде «Ишке ашпас кыйалдарыңа жетеленип жүрөсүң, мунун арты жакындарың үчүн да кооптуу» деп, ат бойу жаа качкандар борбордун ачылыш аземинде кучак- кучак гүлдөрдү сунуп, жеңиши менен куттуктап келишти.

Оргочордук кыргыздардын көбү буддизмге ишенет, буддисттик майрамдарды майрамдашат, өлүм-житим зыйнатын да буддизмдын каада-жоосундары бойунча узатышат. Кийинки кездери ысыламга көчүп жаткандардын саны арбын. Айрым үй-бүлөлөрдө жарымы буддист болуп, сыйынуу үчүн бутканага барса, жарымы ысыламды карманып, мечытке жөнөгөн көрүнүштөр да жок эмес.

Кытай кыргыздарынын белгилүү калемгери, изилдөөчү Токтоосун Асанбектин айтымында, оргочорлук кыргыздардин дини эң байыркы дин - шаман дини болгон. Тек кийин айрымдары жуңгар чапкынчыларынын басымы менен будда динине кирген.

Тарбагатайлык кыргыздар 1980-жылдардан баштап казак, дагур, муңгул (монгол) жана кытай улутундагылар менен үй-бүлө күткөн учурлар көбөйгөн. Ошондуктан маданий борбордун ачылышын алардын кыргыз атын, байыркы тарыхын сактап калуу далалатындагы маанилүү окуя деп айтсак болчудай.

Оролбек мырзанын сөзү боюнча, буга чейин Тарбагатайда орус, дагур, өзбек, татар, шибе улуттарынын маданыйат изилдөө борборлору курулган.

Тарбагатайлык кыргыздардын атын чыгарган Эрбол Даба (Аскар Акайевтун бир китебин кытай тилинде которуп басмадан чыгарган, азыр Кыргызыстанда кайсы бир унверситете иштейт деп угабыз), Серик Акебай (балбан), Улан Оролбэк (бокус) жана башка бир нече жаш ырчы, бийчилер бар.

Бектур Илияс
Үрүмчү, 2011


P.S. Автордун жазуу стили сакталды


Тарбагатай кыргыздарынын музыкасынан бир шиңгилдер:



"Тарбагатай кыргыздарынын музыкасы моңолдорго, тыбаларга, какастарга жакын, мисалы "мөрүн күүр-АТ БАШЫ" деген кыяк аспабы кыргыздардын улуттук аспабына айланган. Андан сырткары, көмөкөй/кай/чиргилчин (тамакка салып ырдоо) да аларда бар. Бул жагынан алганда, Алтай үй-бүлөөлүк тамырыбызды даана сакташкан."
Чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев

XS
SM
MD
LG