Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

АКШ-Кытай “тарыхый” макулдашууга жетиштиби?


Барак Обама жана Си Цзинпин Бээжиндеги банкетте. 12-ноябрь, 2014-жыл.
Барак Обама жана Си Цзинпин Бээжиндеги банкетте. 12-ноябрь, 2014-жыл.

АКШ жана Кытай Бээжиндеги бүгүнкү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууну макулдашты. Обама бул кадамды “тарыхый” деп атады.

Дүйнөдө Кытай абанын биринчи, АКШ экинчи булгоочу өлкөсү катары саналат.

Башкача айтканда дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикаларынын үлүшүнө өндүрүштөн бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын 45% туура келет.

Президент Барак Обаманын Бээжиндеги сапарынын акыркы күнүндө жарыяланган макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр, “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, акыркы тогуз ай бою жүргөн. Бул мезгил аралыгында Обама кытай президенти Си Цзинпинге бир багыт менен чыгууну сунуш кылып, атайын кат да жөнөткөн.

АКШ президенти Бээжиндеги басма сөз жыйында буларды айтты:

- Бүгүн мен Кошмо Штаттар 2025-жылга карата булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылдагы көрсөткүчтөн 26-28 пайызга чейин кыскартуу боюнча жаңы максат мерчемдегенин да жарыялагым келет. Бул дымактуу, бирок жетүүгө боло турган максат. Дүйнөнүн эң ири эки экономикасы, энергия керектөөчүсү, булганыч газдарды бөлүүчүсү катары биз климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык аракеттерди жетектөөгө өзгөчө жоопкербиз.

2025-жылга карата булганыч газдардын бөлүнүшүн 26-28% кыскартуу АКШ мерчемдеген мурдагы пландан көптүк кылат.

Буга чейин Вашингтон булганыч газдарды 2020-жылга карата 2005-жылдагы деңгээлден 17% азайтарын айткан эле.

Кытай мөөнөттү гана ачыктады

Президент Барак Обама Кытай менен жетишилген макулдашууну “тарыхый” деп баалаганы менен, Бээжин булганыч газдардын бөлүнүшүн канчага кыскартары тууралуу конкреттүү көрсөткүчтү мерчемдеген жок, бирок биринчи жолу алардын өсүшү токтотула турган мөөнөттү атады.

Бээжинди каптаган кара түтүн. Январь, 2014-жыл.
Бээжинди каптаган кара түтүн. Январь, 2014-жыл.

Кытай президенти Си Цзинпиндин ырастоосунда, анын өлкөсүндө бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү эң жогорку чекке 2030-жылы чыгат. Демек ушул мезгилден тарта анын өсүшү токтотулушу керек.

Си Цзинпин кошумчалагандай, Бээжин жана Вашингтон климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр келерки жылы Парижде келишимге кол коюу менен аякташына жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасоону да макулдашты.

Бирок АКШ Конгрессиндеги республикачылар Обаманын планын сынга алышууда.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл планды “реалдуу эмес” деп атап, ал энергия баасынын кымбатташына, жумушчу орундардын кыскарышына алып барарын белгиледи. Алдыда Конгрессте Обаманын планы каршылыкка кабылышы мүмкүн.

БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча башкы өкүлү Кристиана Фигерес АКШ менен Кытайдын мунасасын келерки жылы глобалдык келишим түзүлүшүнө “саясий жана практикалык импульс” берүүчү кадам катары баалады.

Анткен менен айрым эксперттер бул бурулуш эмес, Вашингтон менен Бээжиндин жарыясы саясий жана дипломатиялык жактан маанилүү болгону менен эч кандай практикалык натыйжа бербейт деп эсептешет.

Унутта калбаган пикир келишпестиктер

Бээжиндеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө башка маселелерден АКШ – Кытай өз ара сооданы чыңдоо, инвестиция келишими, аскерий чөйрөдө өз ара ишенимди тереңдетүү боюнча талкууларды тездетүүнүн, ыктымал аскерий инциденттерди болтурбоонун үстүнөн иштөөнү макулдашты.

Кытай президенти Си Цзинпин басма сөз жыйында сүйлөп жатып:

- Фактылар Кытай менен АКШнын бийликтери ортосунда мамиленин жаңы моделин түзүү эки өлкө элинин негизги кызыкчылыктарына шайкеш келерин, Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү коргоого жардам берерин көргөзүүдө.

Сүйлөшүүлөрдө АКШ-Кытай ортосундагы пикир келишпестиктер да ачыкталды.

Обаманын айтымында, ал Си Цзинпин менен жолугушууда адам укуктарын сактоо жана Кытайдан келген кибер коопсуздук проблемасын да көтөрдү:

- Бизде пикир келишпестик чыкканда ниетибизди ачык жана так айтабыз. Мүмкүн болгон кезде бул ажырымды азайтуу үстүнөн иштейбиз. Биз белгилегендей, көз караштарыбызда, тышкы саясатты жүргүзүүбүздө айырмачылыктар бар.

Маселен, Гонконгдо демократияны талап кылгандардын нааразылык акциялары боюнча Обама Вашингтон бул жерде эркин жана адилет шайлоону колдой турганын ачыктаган.

Гонконгдогу демонстрация. 28-октябрь, 2014-жыл.
Гонконгдогу демонстрация. 28-октябрь, 2014-жыл.

Кытай лидери болсо Бээжин демонстрацияларды мыйзамсыз деп эсептерине, Гонконгдун иштерине сырттан кийлигишүүгө жол берилбесине токтолгон.

АКШ президентинин айтымында, алар Түштүк Кытай деңизиндеги жер талашка кийлигишпейт, бирок кемелердин эркин катташына кызыкдар жана жаңжал тынчтык жол менен жөнгөрүлөрүнө үмүттөнөт.

Түштүк Кытай деңизиндеги аралдарды Жапония менен талашып жүргөн Кытай былтыр ал аймакта абадан коргонуу зонасын түзгөнүн жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG