Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Польшада мугалимдер көтөрүлдү


«Мугалим жок, келечек жок».
«Мугалим жок, келечек жок».

Жарым айдан бери Польшанын мектептеринде сабактар токтоп турат. Мугалимдер айлык акыны көтөрүүнү талап кылып, мөөнөтсүз иш таштаган. 23-апрелде миңдеген педагог Билим берүү министрлигинин алдына келди.

Польшанын түштүк-батышындагы Вроцлав шаары. Иңир аралаш баштык көтөрүнгөн мугалимдер тизилген автобустарга отуруп жатышты.

Ак көйнөк ордуна спорттук күрмө, жынсы кийген педагогдор карапайым жүргүнчүлөрдөн айырмаланбайт. Алардын балдарды таштап, 350 чакырым ыраактагы борбор Варшавага барышына себеп бар.

«Биз билим берүүнүн «деформациясына» каршыбыз. Мугалимдерди жек көрүү маанайына каршыбыз. Ошон үчүн биз жөн гана Вроцлавда отуруп албастан чечим кабыл алган адамдар жүргөн жерге барабыз», - дейт алардын бири.

«Мен тарыхтан жана коом таануудан сабак берем. Балдарга дайыма «маселени чечүүнү колго алгыла» дейм, жигердүү атуул болууга үйрөтөм. Эми ошол балдарга үйрөткөндөрдү өзүм аткарууга, өзүм үчүн күрөшүүгө убакыт келди», - деп жооп берди экинчиси автобуска отурарда.

Варшавадагы мугалимдер жана аларды колдоп чыккандар. 12-апрель, 2019-жыл.
Варшавадагы мугалимдер жана аларды колдоп чыккандар. 12-апрель, 2019-жыл.

Эртеси, 23-апрелде Билим берүү министрлигинин алдына өлкөнүн булуң-бурчунан миңдеген мугалим чогулду.

Колдорунда түрдүү желек, шар жана чакырык кагаздары бар. Алардан «Өкмөт ойгонсун, акылдуу адамдарды бааласын!», «Чочко дагы, уй дагы балдарды окутпайт!» деген жазууларды окууга болот. Польшалык мугалимдер бирикмесинин президенти Славомир Брониярж алардын алдына чыгып, талапты кайталады:

«Бир топ айдан бери «Польшадагы мектеп системасын алмаштырыш керек» деп айтып келдик. Биз негизги көңүлдү мугалимдерге, квалификациялуу, дымактуу жана кесибине чынчыл мугалимдерге бурушубуз керек. Алардын каалаганы бирөө - татыктуу айлык акы».

Матеуш Моравецкий жетектеген өкмөт быйыл айлык акынын базалык өлчөмү 1000 злотыйга көбөйтүлөт деп убада берген. Бул кыргыз акчасына айлантканда 18 миң сом. Учурда Польшада мугалимдин айлык акысы 3045-5603 злотый же 55-100 миң сомдун тегереги.

Мектептердин көпчүлүгү бош турат.
Мектептердин көпчүлүгү бош турат.

Убада аткарылбаганы апрелдин башында эле эскертилген. Сүйлөшүү жүрүп, өкмөт айрым кесиптик кошуундардын тилин тапкан. Бирок эң ириси болгон польшалык мугалимдердин бирикмесин ынандыра албады. «Айлык да, иш да көбөйөт» деген талапка мугалимдер макул эмес.

Ошентип 8-апрелде жапырт иш таштоо башталган. Поляк мектептеринде 10-апрелден тартып экзамендердин башталышы кырдаалды ого бетер курчутту. Иш таштоо же поляк тилинде – «страйк» мөөнөтсүз уланары эскертилип жатат. Польшалык мугалимдер бирикмеси ушул тапта мектептердин 75% окуу токтоп турганын айтышса, Билим берүү министрлиги алардын жарымында гана сабак өтүлбөгөнүн билдирүүдө.

«Страйк!» - полякча иш таштоо дегенди билдирет. Варшавада акция өткөргөн мугалимдер.
«Страйк!» - полякча иш таштоо дегенди билдирет. Варшавада акция өткөргөн мугалимдер.

Биз жагдай тууралуу кеп салууну өтүнүп, Польшадагы мектептерде тил сабагынан берген кыргызстандык Акылбек Касмалиевди кепке тарттык:

- Бул көптөн бери созулуп келаткан маселе. Эки-үч жыл мурда башташкан. Анда сабактарды токтотушкан эмес. Негизинен иштешкен. Бирок бул ирет сабактарды токтотуп коюшту. Экзамендер башталып калгандыктан ушул жагы өзгөчө кыйын болуп турат.

«Азаттык»: - Польшада мугалимдердин айлыгы 55-100 миң сом экен. Албетте, ал өлкөнүн чыгымы менен жашоо деңгээлин Кыргызстанга салыштырып болбойт. Ошентсе да мынча айлык поляк мугалимдерине аздык кылабы?

Касмалиев: - Мынча сумманы бардык эле мугалимдер албайт. Кээ бирлери андан аз алат. Көп балалуу мугалимдер бар, аларга жардам көрсөтүлөт, бирок айлыгы баары бир жетпейт го.

«Азаттык»: - Поляк мугалимдеринин маселени ушундай жол менен чечкени өз укугун талаша билгениби же балдарды ара жолго калтырып койгонубу? Сиз кандай бааладыңыз?

Касмалиев: - Биринчи кезекте өз укугун коргоо. Анткени «мугалимдердин эмгек шарттарын оңдойбуз» деп убада берип келишкен. Бирок ал аткарылбай жатат. Ошон үчүн ар бир мугалимдин деле чыдамы кетет да.

«Азаттык»: - Алардын өз укугун коргой билүү деңгээли, кесибинин барк-баасы башкача окшойт. Поляк мугалимдерин өз ишмердигинен сырткары жумшоого болобу? Мисалы, «тиги же бу саясатчыга шайлоодо чурка, добуш бер» деген сыяктуу?

Касмалиев: - (күлүп) Жок, бул жакта андай болушу мүмкүн эмес. Анткени бул Кыргызстан эмес. Жөнөкөй эле мектепке барып карасаң, балдарды башкача тарбиялай турганын көрөсүң. Окуучуларды кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн үгүттөбөйт. Мектептин директору да мугалимге келип, «буга же тигиге добуш бер» дей албайт. Ар бир мугалимдин өз көз карашы бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG