Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Иракта "Каардануу күнү" өтүүдө


Иракта жүздөгөн кишилер жумушсуздук, коррупция менен социалдык камсыздоонун начардыгына нааразы. Уюштуруучулар миңдеген адамдарды көчөгө чыгара тургандыгын эскертүүдө.

Ирак өкмөтү митингдерди уюштургандар Саддам Хусейиндин жактоочулары, "ал-Кайиданын" өкүлдөрү дешти.

Ирактын бир нече шаарларында миңдеген адамдар өкмөткө каршы "Каардануу күнүнө" чыгышты. Азырынча нааразылыкка чыккандардын талабынан майнап чыгабы-жокпу айтуу кыйын.

Баш калаа Багдаддагы митингдер тынч өтүп жатса, Хавия, Киркук, Мосуд шаарларында нааразылыкка чыккандар менен коопсуздук күчтөрү кагылышканы кабарланды.

"Азаттык" үналгысынын кабарчысы Имад Ясим Багдаддагы нааразылык митинги өтүп жаткан жерден "Жумхурит көпүрөсүнүн жанында топтошкондор тосмолорду жылдырып, саясатчылар коррупцияга батканынын айыптап, «Мыйзамсыз!», «Мыйзамсыз!» деп кыйкырып жатышат. Алардын арасында кары-картаңдар, балдар жана үй-бүлөлөр жүрөт. Мен алардан кайсы бир бейөкмөт уюмдарга тиешеңер барбы деп сураганымда – "Биз өз ыктыярыбыз менен келдик", дешти. Алар Жумурият көпүрөсүнүн жанында турушат",-деп кабарлады.

Митингге чыккандар өкмөттөн жумуш ордун түзүү, коррупция менен күрөшүүгө берген убадасынын өтөсүнө чыгууну талап кылууда.

23-февралда шийиттердин лидери Аятолло Али ал-Систанинин маалымат катчысы нааразылыкка чыкчулар кайсы бир тарапка курал болуп калуусу мүмкүн экендигин эскерткен эле.

Ошол эле күнү радикалдык көз караштагы шийиттердин өкүлү Муктада ал-Садр митингдерди бери дегенде 6 айга жылдыра турууну сунуштап, Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин өкмөтү бутуна тың тура албай жаткандыгын айткан.

Ирактын азыркы өкмөтүндө шийиттер басымдуулук кылат. Өткөн жылдын март айындагы шайлоодон кийин Иракта өкмөт түзүү жараяны талаш-тартыш менен декабрга чейин созулган.

Багдаддын Тахрир (Эркиндик) аянтына чогулгандардын уюштуруучусу шейх Абдел Захра Мохаммед "Азаттык" үналгысына "наразылыкка чыккандар бийликти алмаштырууну эмес, реформаларды каалайбыз. Биздин башкаруучу система жаңы. Демонстрацияга чыккандар, уюштуруучулар жана катышуучулар шайлоого барып, бүгүнкү бийликте отургандар сыяктуу эле адамдар. Бир гана нерсе – биз бийликтегилердин кандай иштеп жатканына нааразыбыз",-деп билдирди.

Бийликтин болсо митингдерге көз карашы башкача: премьер-министр Малики аларды "Саддамдын тарапкерлери, "ал-Кайиданын мүчөлөрү" деп атап, карапайым калкты көчөгө чыкпоого чакырды. Өкмөт жетекчиси эл көп топтолгон жерлер террордук топтордун бутасына илинип калышы мүмкүндүгүн да эскертти.

Ошол эле учурда атайын жабдылган унаа нааразылыкка чыккандарды айланып, спутник аркылуу окуяны жеринен көрсөтүүгө аракеттенген сыналгы каналдарга бөгөт болууда.

Иракта "Каардануу күнү" Багдадда гана эмес, башка дагы бир катар шаарларда өтүүдө. 3 миңден ашуун киши Басрада көчөгө чыкса, өкмөткө каршы митингдер Карбала, Насирия Кут шаарларында болууда.

Тасма баян.

Ирак: Басрадагы кагылышуу

x
Ирак: Басрадагы кагылышуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00
Түз линк












Ирактын Басра шаарынын тургундары "Каардануу күнүндө" өлкөдөгү коррупцияны ооздуктоого чакырып, нааразылык жыйынын өткөрүштү. Алар менен полиция кагылышууга барды. 25.02.2011. Reuters.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG