Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Путин Ходорковскийге ырайым берет


Михаил Ходорковский соттон чыгарылып баратат, Москва, 12-август, 2004-жыл
Михаил Ходорковский соттон чыгарылып баратат, Москва, 12-август, 2004-жыл

11 жылдан бери абакта экинчи жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Михаил Ходорковский жакын арада президенттин ырайымы менен эркиндикке чыгат. Орусияда Конституциянын 20 жылдыгына карата мунапыс жарыяланат.

ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы, Орусияда учурунда эң бай адам деп саналган Михаил Ходорковский 2003-жылы камалган. Быйыл элүүгө толгон, 11 жыл абакта отурган ишкерге мунапыс берилээрин бейшембиде өткөн жылдык маалымат жыйында президент Владимир Путин билдирди.

"Жакында эле ал мага ырайым сурап кат жазган. Ал 10 жылдан ашуун түрмөдө отурду, бул – олуттуу жаза, - деди орус президенти. - Азыр болсо апасы оорулуу экенин айтып, ушул жагдайды эске алышымды өтүндү. Мен муну эске алыш керек деп эсептейм жана жакын арада Ходорковскийди түрмөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол коюлат".

2005-жылы аны көз боёмочулук жана башка кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табышкан. 2010-жылы “арам акчаны адалдаштырган” деген экинчи айып боюнча өкүм чыгарылган.

18-декабрда Мамлекеттик Дума "Орусиянын Конституциясынын 20 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамды жактырды. Президент Путин сунуштаган долбоор Мамлекеттик Думада үчүнчү окуудан өтүп, кабыл алынды.

Бул жолу мунапыска 15 миңден 25 миңдей киши илиниши мүмкүн. Алардын арасында өткөн жылы президентти келекелеп ырдады деп абакка түшкөн Pussy Riot тобунун эки ырчы кызы, сентябрь айында Арктикада "Гринпис" экологиялык кыймылынын кемесинде кармалган 30 киши (алардын 26сы чет элдик жарандар), Орусиядагы шайлоодон кийин өкмөткө каршы “Болотная” аянтындагы башаламандыкта камалгандардын айрымдары да бар.

Өткөн жылы дүйнөгө таанымал болгон Pussy Riot тобунун мүчөлөрү Надежда Толоконникова менен Мария Алехинанын балдары бар, алардын абактагы мөөнөтү март айында аяктамак. Надежданын күйөөсү Петр Верзилов "бир жагынан алганда алардын жаза мөөнөтү аяктады. Дагы бир жагынан карасак, өкмөт Батышка аларга мунапыс берилди деп айткысы келээрин” айтат.

Шаршембиде Мамлекеттик Думада экинчи окуудан өткөн долбоор башында бейбаштык кылгандарга эле ырайым берүүнү караса, документ кабыл алынарда тизме узарды. Алды менен мунапыска коомго өтө коркунуч туудурбаган жана башкаларга зордук-зомбулук көрсөтпөгөн кылмыштар үчүн кармалып, тергөөдө жаткандар илинет. Ошондой эле жашы жете электер, майыптар, жашы өйдөлөгөндөр, кош бойлуу жана балалуу аялдар, Чернобыл кесепетин жоюуга катышкандар, ички иштер органдарынын кызматкерлери, согуштук операцияларга катышкандар, биринчи жолу жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар түрмөдөн бошотулат.

Мамлекеттик Думанын Мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Павел Крашенинников 2012-жылдын май айындагы башаламандык уюштургандар мунапыска кирбей калышы дагы мүмкүндүгүн айтып, "12 миңден 15 миңге чейинки адам – анын ичинде учурда жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндөр менен кармоочу жайларда тергөөдө жаткандар бул мунапыска илинет" - деп белгиледи.

Таанымал укук коргоочу Людмила Алексеева болсо Кремлдин бул мунапысына ылайык убактылуу кармоочу жайлардан болгону үч миңдей гана киши бошотулаарын айтат.

Орус бийликтеринин мындай ырайымын бир жарым айдан кийин Сочиде башталчу кышкы олимпиаданы утурлай өлкөнүн адам укуктары жаатында аброюн көтөрүү аракети катары баалагандар дагы бар.

XS
SM
MD
LG