Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Ходорковскийге куттук айткандар көп


Ходорковскийди туулган күнү менен куттуктагандар. Лондон, 2012
Ходорковскийди туулган күнү менен куттуктагандар. Лондон, 2012

Түрмөдө отурган мурдагы орус олигархы Михаил Ходорковский дүйнөнүн ар тарабынан аны колдогон адамдардан жана досторунан элүү жылдыгына карата куттуктоолорду алууда. Он жылдан бери түрмөдө отурган Ходорковский 26-июнда элүүгө чыкты.

Каалоо-тилектер жазылган кагаздар принтерден чыгарылып, Ходорковскийге берилүүдө. Михаил Ходорковскийдин маалымат катчысы Ольга Писпанен эки миңден ашык адам куттуктоо жөнөткөнүн айтты:

- Биз Михаил Борисовичке чын эле эмне жагышы мүмкүн, аны эмне сүйүнтөт деп көп ойлондук. Анын азыр адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүгү жок эмеспи. Кат алуу ага абдан жакса керек деп ойлодук. Тааныш жана бейтааныш эле адамдардан куттуктоосу аркылуу аны күтүп жаткандар бар экенин билсин дедик.

Каттарга кошумча эмоцияга бай видео клиптер да тартылган. Алар айрым дүйнөлүк жана орус медиаларында чуркатылып жатат.

Ходорковскийдин өзү тууралуу китебине авторлош болгон белгилүү орус журналисти Наталья Геворкян да клипке тартылган. Анда ал Париждеги кафелердин биринде отуруп алып кат жазып жатат:

- Кымбаттуу Миша! Бул жакта, эркиндикте, Сизди бактылуу кылган бардык нерселер жетиштүү – Сизди жакшы көргөн үй-бүлөңүз, досторуңуз. Мен ал жактан аман-эсен, ден-соолугуңуз чың бойдон чыгышыңызга тилектешмин. Алыда - узун жашоо. Ал жашоо буга чейин Сиз жашаган кызыктуу, ийгиликтүү жашоодон кем калышпайт деп ишенем. Ошондо бизди таң калтырыңызчы!

Клипте Ходорковскийге каалоо жазгандар арасында саясатчы да эмес, жылдыз да эмес карапайым адамдар да бар. Айталы, Андрей Чернышев жана анын аялы Арина өз үйүндө отуруп алып кат жазып жаткан кези:

- Урматтуу Михаил Борисович! Сиз бизди тааныбайсыз, бирок биз Сиздин тагдырыңызга көп жылдардан бери көз салып келебиз. Кыйын кырдаалда өзүңүздү жана адамгерчилигиңизди жоготпогонуңуз үчүн сыймыктанабыз!

Михаил Ходорковскийдин түрмөдө отурганына быйыл 10 жыл толот. “Юкос” мунай ишканасынын мурдагы жетекчиси 2003-жылы октябрда камалган. 2010-жылы анын камактагы мөөнөтү дагы узартылган.

“Юкос” болсо азыр иштебейт, башка адамдарга сатылган.

Михаил Ходорковский тууралуу орусиялыктар эки ача ойдо. Бир даары аны камакта отурган олигарх, экинчилери Орусия президенти Владимир Путинди сындаганы үчүн түрмөгө түшкөн адам катары билишет

Эл аралык Amnesty International уюму болсо Ходорковскийди "абийир туткуну" деп тааныган.

Ходорковский ушу тапта түндүк-батышта жайгашкан Карелия аймагында камакта отурат.

2014-жылдын октябрь айында ал түрмөдөн чыгыш керек, бирок орус бийликтери ага дагы кошумча мөөнөттү даярдап жаткандыгы тууралуу сөздөр токтобой келет.

Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев 2014-жылы июлда түрмөдөн чыгары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG