Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Түндүк Корея АКШга ачууланган жок


Ким Чен Ын жакында Кытайга учак менен барган. Атасы Ким Чен Ир Кытай менен Орусияга каттаганда такай брондолгон поезд гана жүрчү.
Ким Чен Ын жакында Кытайга учак менен барган. Атасы Ким Чен Ир Кытай менен Орусияга каттаганда такай брондолгон поезд гана жүрчү.

Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө дилгир экенин, Вашингтон менен маселесин “кайсы убакта, кандай жол менен болбосун чечүүгө” ачык экенин билдирди. Ага чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен саммитти токтотконун жарыялап, акыркы күндөрү Пхеньяндан АКШга “эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастык” байкалганын айткан. Кырдаал өзгөрсө, сүйлөшүүлөргө Вашингтон да даяр экенин билдирген.

Кошмо Штаттардын соңку жарыясынан кийин да Түндүк Кореянын сүйлөшүүгө дилгир экенин өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ким Ге Гван айтып чыкты.

Ал белгилегендей, АКШ президентинин чечими Пхеньян үчүн “өтө өкүнүчтүү” жана “күтүүсүз” болду, сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу "Түндүк Корея менен АКШнын тереңдеп кеткен кастык мамилесинин ааблы канчалык олуттуу экенин жана алака-катышты оңдош үчүн саммитти ыкчам өткөрүү зарылдыгын көргөздү”.

“Биз дүйнөдөгү, Корей жарым аралындагы тынчтык жана туруктуулук үчүн эң мыкты натыйжага жетүүгө умтула беребиз, АКШга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүгө даярбыз”, - деп айтылат Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги тышкы иштер министринин орун басарынын атынан тараткан расмий билдирүүдө.

Ал эми АКШ Түндүк Кореянын ага чейинки билдирүүлөрүн “эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастык” деп баалады.

АКШ жана Түндүк Кореянын лидерлери.
АКШ жана Түндүк Кореянын лидерлери.

Президент Дональд Трамп өлкө лидери Ким Чен Ынга багыштаган катында ушул жүйөдөн улам 12-июнга Сингапурга болжолдонгон саммитти өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген. 24-майда Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда Трамп төмөнкүлөргө да токтолду:

- Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылып, мамлекеттердин жамаатына кошулуу менен жакырчылыктан, эзүүдөн кутулганга мүмкүнчүлүгү бар. Акыр-аягында Ким Чен Ын ошону кылат деп үмүттөнөм. Бул анын өзүнө эмес, азап тартып, жардамга өтө муктаж болуп турган элине керек. Бүткүл корей эли - Түндүк жана Түштүк чогуу, тынчтыкта жана бакубаттыкта жашоого татыктуу. Бул жаркын келечек өзөктүк курал коркунучу жоголгондо ишке ашат. Башка учурда мүмкүн эмес. Эгер Ким Чен Ын конструктивдүү диалогду жана аракетти тандай турган болсо, мен күтөм. Ал арада биздин эң кубатуу санкциялар жана максималдуу кысым көргөзүү өнөктүгүбүз улана берет.

25-май күнү болсо Трамп Вашингтондон кабарчылардын суроолоруна жооп берген учурунда АКШ Түндүк Корея менен кайра "сүйлөшүп" жатканын белгилеп, саммит мурда мерчемделгендей 12-июнда өтүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

Саммитти даярдоо максатында Пхеньянга эки жолу барып, Ким Чен Ындын өзү менен кездешип келген мамлекеттик катчы Майк Помпео 24-майда саммиттин токтотулушунун кошумча себеби катары Түндүк Корея жолугушуунун логистикалык жагын сүйлөшүү боюнча утур-утур өтүнүчтөргө жооп бербегенин атаган.

Дональд Трамтын чечиминен кийин Пхеньяндын жакынкы коңшуларынан Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өз өлкөсүнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында буга “терең өкүнүчүн” билдирип, эки тарапты түз сүйлөшүүгө чакырды.

Жапония саммиттин “мазмундуу” жыйынтыгы маанилүү экенин белгилеп, Пхеньяга кысым көргөзүүнүн улантылышын колдоду.

- Саммит бул - эки лидердин жөн гана жолугуп коюшу менен эмес, мазмуну менен маанилүү. Түндүк Корея саясатын өзгөртүшү үчүн Жапония, АКШ, Түштүк Корея басым кылууну улантышы керек, анын ичинде АКШнын санкциялары аркылуу, дагы маанилүүсү - ошол санкцияларды колдогон Кытай жана Орусия менен, - деди жапон өкмөтүнүн баш катчысы Йошихиде Суга.

Ал эми Кытай АКШны да, Түндүк Кореяны да сабырдуулукка, жарым жолдон артка кайтпоого үндөдү.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын чечимине өкүнөөрүн билдирүү менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды колдогондой түр көргөздү. Ал мурда берген убадаларынын баарын аткарганына, ал түгүл өзөктүк сыноо жайындагы “туннелдер менен шахтыларды” бузганына көңүл бурду.

Кеминде алты жолу өзөктүк сыноо өткөрүлгөн Пунгери полигону “толук бузулганын" Пхеньян 24-майда ырастаган. Бирок бул окуяга АКШ талап кылгандай өзөктүк курал боюнча эркин эксперттер эмес, чет элдик журналисттер тобу гана күбө болду.

АКШнын бийлик өкүлдөрү мурдараак Түндүк Кореянын лидери былтыр утур-утур ракеталарын сынаган соң кепке келип, быйыл эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине, ага “болушунча кысым жасалганына” байланыштырган.

Бирок Пхеньян мындай көз карашка нааразы болуп, бир жолу АКШга “атайылап чагым салбаш” керек экенин, анын сүйлөшүүгө даярдыгы алсыздык катары чечмеленбеши зарыл экенин эскерткен.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган өз санкцияларын киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG