Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Таракандардын ууланбас мууну пайда болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Уу жесе да өлбөс таракандар пайда болууда. 20 жылга чыдап иштечү аккумулятор. Сасык тумоого каршы эмдөөнүн баа жеткис пайдасы. Күн панелдери дыйканчылыкка зыянбы же пайдабы?

Таракандардын ууну тоготпос тукуму пайда болду

Немис таракандарынын (Blattella germanica) организми уулуу заттарды, анын ичинде түрдүү пестициддерди тоготпой баратканын америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Таракандарда инсектициддерге* каршы иммунитет муун алмашкан сайын күчтүү болуп, мурдагы дарылар кийинки таракандарга таасир этпей калган. Ал түгүл кээде бир муунда пайда болору аныкталган.

«Мындай нерсе ушунчалык тез болуп кетиши тууралуу бизде кыпындай да түшүнүк жок эле», - дейт изилдөөнүн автору, Пердю университетинин энтомология кафедрасынын жетекчиси, проф. Майкл Шарф (Michael Scharf, Purdue University in Indiana).

Изилдөө Иллинойс штатынын Данвилл жана Индиана штатынын Индианаполис шаарларындагы көп батирлүү үйлөрдө алты ай бою жүргүзүлүп, таракандарды өлтүрүш үчүн инсектициддин үч түрү колдонулган. Биринчи топтогу таракандарга каршы инсектициддин бир түрү, экинчи топтогуларга - эки түрү колдонулган. Ал эми үчүнчү топтогу таракандар үч кыл инсектицид менен ууландырылган, бирок уулуу химикаттын түрлөрү ар эки айда алмаштырып турган.

Таракандардын инсектициддерге туруктуулугун так аныкташ үчүн баарын лабораторияга кармап келип турушкан.

Эксперименттен кийин көпчүлүк таракандардын саны туруктуу бойдон калган же көбөйгөн. Кайра-кайра колдонулган пестицидди алар дегеле тоготпой калган. Ал эми таракандардын жаш муунyнун организмине ата-энесин жайран кылган пестициддер түгүл мурда колдонулбаган уу заттар да таасир этпей калган.

Немис тараканынын ургаачысы ар үч айда 50 бала тууйт. Алардан төрт муунунун саны бир жылда 10 миллионго чейин жетет. Бул химиялык пестицид тез эл натыйжалулуугун жоготот дегенди билдирет.

Бул эксперимент таракандарды жок кылыш үчүн колдонулган пецтициддердин натыйжалуулугунун начарлыгын, алардын организми башынан эле уулуу заттарга каршылык көрсөтүүчү жөндөмгө ээ экенин, эгер таракандар пестицид чабуулуна кабылса, 4-6 айдан кийин каршылык көрсөтүүчү касиети мурдакыдан да жакшырарын көрсөтөт.

Проф. Майкл Шарфтын айтымында, «таракандардын бир учурда пестициддердин бир нече түрүнө туруштугун өнүктүрүү жөндөмү алар менен жалаң химиялык заттарды колдонуп күрөшүү мүмкүн эмес экенин көрсөтөт».

Таракандар болгону 100 күн жашайт.

*Инсектицид (латындардын insectum «курт-кумурска» + лат. Caedo «өлтүрөм») - зыяндуу курт-кумурскаларды өлтүрчү химиялык заттар.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.livescience.com)

20 жыл иштечү аккумулятор

«Tesla» компаниясынын изилдөөчүлөрү 1,6 миллион чакырым аралыкка чыдачу жаңы аккумуляторду сыноону аякташканын, аны үй тиричилиги же коммуналдык чарба үчүн пайдаланса 20 жылга жете турганын билдирди. Бул жаңы табылга «Tesla» компаниясынын азыр сатыкта турган аккумуляторлорунан эки-үч эсе көп иштейт деген кеп.

Жаңы аккумулятордун негизин келерки муундагы монокристалдуу никел-марганец-кобальт (NMC) катод, ошондой эле жаңы электролит түзөт.

Жефф Дан (Jeff Dahn) жана анын командасы жаңы технологиянын акыркы үч жылда сынактан өткөрүлүшү тууралуу макалада «сыноолорго 20, 40 жана 55 ° C температурадагы узак мөөнөттүү дүрмөттөө-дүрмөтүн түгөтүү цикли, 20, 40 жана 55 ° C температурадагы узак мөөнөттүк сактоо жана 40 ° C температурадагы өтө так кулометрия киргени» белгиленет.

TESLA компаниясынын аккумулятору
TESLA компаниясынын аккумулятору

Бир кыйла экстремалдуу деп эсептелген 40° C температурада аккумулятордун элементтери 4000 жолуга жакын дүрмөттөлүп, иштегенге жеткен. Аккумуляторго элементтерди кызытпай муздатып туруунун жигердүү системасын кошкон учурда, элементтер 6000 циклге чейин же 1 600 000 чакырымга жакын аралыкты жүргөнгө жеткен.

«Journal of The Electrochemical Society» журналындагы макалада көрсөтүлгөндөй, автотранспорт каттамдарындагы кырдаал айдоочусу жок жүрчү «роботаксилердин»(«robo taxis»), алыс жолдорго каттачу электромобилдердин жана электр түйүнүнө кошулчу же Vehicle-to-grid (V2G)* универсалдуу электрокөлүктөрдүн (гибриддик) кеңири колдонууга кириши менен өзгөрөт. Себеби, аталган үч көлүк тең аккумуляторун дүрмөттөп алып иштейт.

Америкалык инвестор, миллиардер Илон Маск быйыл апрелде билдиргендей, 1 600 000 чакырымга жетчү жаңы аккумулятор келерки жылы сатыкка чыгууга тийиш.

V2G технологиялуу автокөлүктүн ээлери электр энергиясы арзан учурда (түнкүсүн) машинесин дүрмөттөп алышат. Ошондой эле автокөлүктүн аккумуляторун керек учурда үйүнө тутуштарып, тогун пайдаланса болот.

*Vehicle-to-grid (V2G)- электрокөлүктөр менен гибриддик автоунааны эки максатта пайдалануу концепциясы. Ага ылайык, мындай автоунаалар жалпы электр түйүнүнө кошулуп өз аккумуляторун дүрмөттөп алышат жана электр кубаты тартыш учурда же бош турганда түйүнгө кошулуп, тогун бөлүшөт (сатат).

(Булагы: https://www.zmescience.com. https://chargedevs.com)

Күн панелдери дыйканчылыкка зыянбы же пайдабы?

Адамзат үчүн азык-түлүк коопсуздугу жана орду толукталуучу энергия булактары менен камсыздоо - эң орчундуу маселе. Эки проблеманын өз ара байланышы жок сыяктанат. Бирок күн панелдери күндүн энергиясын электр кубатына айлантса, күндүн нуру өсүмдүктөргө фотосинтез үчүн керек.

Алдагы эки тармактын күн энергиясын тең орток пайдалануу – «Agrivoltaics» идеясы кийинки кезде Азияда (Жапонияда 2004-жылдан тартып) жана Европада кулач жаюуда. Бул техниканы 1981-жылы немис аалымдары Адольф Гетцбергер жана Армин Застроу сунуш кылышкан.

Бул проблема менен Аризона университетинин доценти Баррон-Гаффорд (Greg Barron-Gafford, University of Arizona) башында турган топ Аризонадагы Жер системасын изилдөө борборунда (Biosphere 2) алпурушууда.

«Биосфера 2» борбору климаты ысык, жаан-чачын сейрек, суусу тартыш Оракл шаарчасында жайгашкан. Окумуштуулар калемпирдин чилиепин жана халапено түрү, о.э. алча помидору же томато черри менен жай айларында эксперимент жүргүзүшкөн. Үч өсүмдүк тең ушул аймакта жакшы өсөт.

Биринчи үлүштө күн панелдери болгон, экинчисинде - жашылча, үчүнчүсүндө күн панелдери жана жашылча аралаш эгилген. Үлүштөрдүн бетине түшкөн жарык, температура, нымдуулук, айдоонун үстү жагындагы жана 5 см тереңдеги температура дамамат текшерилип турган. Күн панели 3 метр бийикке орнотулган.

Күн панелдеринин көлөкөсү айдоонун бетиндеги температураны төмөндөтүп, бууланууну азайтып, жашылчаларга жардам берди. Ушундай эле жол менен жашылчалар күн панелдерин салыштырмалуу салкын кылып, энергияны көп өндүрүшүнө көмөктөшөт. Анткени жогорку температурада күн панелдеринин натыйжалуулугу начарлайт.

Күндүз айдоонун үстүндөгү температура орточо 1 ° C төмөн болсо, түнкүсүн 0,5 ° C жогорку болгон. Ошол эле маалда күн панелдеринин температурасы астындагы жашылчадан улам 9 ° C ылдыйлаган. Бул жайкысын күн панелдеринин натыйжалуулугу 3%, ал эми жылы бою 1% артканын билдирет.

«Күн панелдеринин көлөкөсүнө күндүн нуру түз тийбегендиктен, биз өстүргөн жашылчалардын көбү түшүмдү мол берди, - дейт Барон-Гаффорд. «Аgrivoltaic» системасында чилтепинден үч эсе көп жана помидордон эки эсе көп түшүм алынды».

Бирок күн панелинин астында халапено көмүртектин кош кычкылын (CO2) 11% аз алган. Бул халапено күндүн нурун ашыкча албай калганын билдирет. Анткен менен халапено күн панелинин астында күн панели жоктогудай эле түшүм берген, бирок транспирация* азайганга байланыштуу сууну 65% аз керектеген.

Алча помидору өзүнө көмүртектин кош кычкылын 65% көп сиңирип, сууну 65% натыйжалуу пайдаланган, ал эми түшүмдү эки эсе көп берген.

*Транспирация - суунун өсүмдүк аркылуу өтүү кыймылы жана жалбырагы, сабагы, гүлү аркылуу бууланып кетиши.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.nature.com)

Сасык тумоого каршы эмдөөнүн пайдасы

Кан басымы жогору бейтаптар сасык тумоого (грипп) каршы эмделсе, сасык тумоо сезону маалында көз жумуу коркунучу 18% азаят. Ал эми жүрөк кемтиги бар кишилерде сасык тумоо жуккандан кийин инсульт коркунучу кеминде алты эсе күчөйт.

Мындай маалымат Европа кардиологдор коомунун конгресси менен Кардиологдордун дүйнөлүк конгрессинин 6-сентябрдагы орток жыйында жарыяланды.

«Бул маалыматты эске алып, кан басымы жогору бейтаптар жыл сайын сасык тумоого каршы вакцинация алып турушу абзел деп эсептейм. Вакцинация коопсуз, арзан, алганга оңой жана сасык тумоонун жугуу коркунучун азайтат. Андан тышкары, биздин изилдөөбүз вакцинация жүрөгү кармап өлгөндөн, инсульттан жана башка себептерге байланышкан өлүмдөн сакташы мүмкүн деп боолголойбуз», - деп билдирди Копенгаген университетинин окумуштуусу Даниэл Модин (Daniel Modin).

Жогорудагыдай жыйынтык тогуз жыл удаа (2007 - 2016) сасык тумоо сезонунда кан басымы жогору (артериалдык гипертензия) болгон 18 жаштан 100 жашка чейинки 608 452 пациентти изилдөөнүн негизинде жасалган.

Андай дарты бар пациенттер Даниянын жалпы улуттук медициналык реестриндеги маалымат боюнча издеп табылган.

Окумуштуулар жыл сайын сасык тумоо сезону алдында канча бейтап вакцина алганын аныкташып, аларды ар жылы сезон учурунда көзөмөлдөп, кайтыш болгондор эмне себептен өлгөнүн изилдеп чыгышкан. Эң соңунда сасык тумоо сезонуна чейин вакцина алуу менен сезон маалында сасык тумоодон көз жумуу коркунучу талданган.

Ошондо алдын-ала вакцинациядан өткөндөрдүн арасында бардык оорулардан көз жумуу коркунучу 18% төмөн, жүрөк-кан тамыр дартынан көз жумуу коркунучу 16% жана жүрөгү кармап же инсульттан көз жумуу коркунучу 10% төмөн болгон.

АКШда чыгуучу «Open Forum Infectious Diseases» онлайн-журналынын апрелдеги санында Браун университетинин, Нью-Йорк университетинин, Гронинген университетинин, Торонто университетинин (Warren Alpert Medical School of Brown University, NYU School of Medicine, University of Groningen, and University of Toronto) окумуштуу-медиктеринин изилдөөсү жарыяланган.

Изилдөөчүлөр сасык тумоого каршы эмдөө алган жүрөк кемтиги бар бейтаптар арасындагы өлүм-житимдин бардык себептерин талдашып, алардын ар кандай себептен көз жумуу коркунучу 31% төмөн болгонун, ал эми сасык тумоо сезону маалында апаат болуу коркунучу 51% төмөн болгонун көрүшкөн.

Алар берегидей жыйынтыкка 2000-жылдан кийин жарыяланган сегиз изилдөөнүн негизинде келишкен. Бул сегиз изилдөө жүрөк кемтиги бар, орто жаш курагы 64 жаштагы 82 354 пациентти камтыйт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.cdc.gov)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG