Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Оффшор - күркүлдөрдүн жаннат жайы


Оффшорго акча чыгарган "күркүлдөр" үчүн бул акча тыйынга тете.
Оффшорго акча чыгарган "күркүлдөр" үчүн бул акча тыйынга тете.

2010-жылы дүйнөдө бери жагы 21 триллион, ары жагы 30 триллион доллардан салык төлөнгөн эмес.

Бул оффшордук зонага 2010-жылы чыгарылып кеткен акчалардын болжолдуу суммасы. Мындай амал менен жашырылган акчалардын көлөмү АКШ жана Жапониянын ички дүң жыйымынан да көп дейт эсептөөнү жүргүзгөн Лондондогу көз карандысыз Tax Justice Network экономикалык изилдөөлөр мекемеси. Бул изилдөө боюнча, Кыргызстандан 1994-2010-жылдары 900 миллион доллар мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кеткен.

Бай адамдар мыйзамдардагы кемчиликтерди пайдаланып жана түрдүү айла- амалдар менен 2010-жылы оффшордук зоналарга эң аз дегенде 21 триллион долларды чыгарып кетишкен. Бул 2005-жылы оффшорго чыгарылган акчадан үч эсе көп. Бул акчага дүйнө экономикасынын дөө-шаалары АКШ жана Жапониянын ички дүң продукциясын кошсо да жетпейт. Мунун баарын эл аралык бейөкмөттүк Tax Justice Network, кыскача TJN уюму эсептеп чыккан.

Изилдөөнү жетектеген Жеймс Генринин “Азаттыкка” курган маегинде айтышынча, жогорудагы сумманын ашып барса он процентинен салык төлөнгөн болушу мүмкүн.

Кытайдан соңку 40 жылда 1,19 трлн. $, ал эми Орусиядан акыркы 20 жылда 798 млрд. доллар чыгарылып кеткен.

Андора, Кипр, Монако, Гонконг, Сингапур, Люксембург, Швейцария, ошондой эле Виргин, Мэн жана башка аралдар дүйнөдөгү атактуу оффшорлор саналат.

Генри Орусиядан оффшорго акча чыгаруунун айкын далили катары мына бул мисалды айтты:

- Орусия - агылган акчанын эң зор булагы. Сиз биздин санагыбызга ишенбей эле коюңуз. Жөн гана Лондонду бир кыдырсаңыз, шаарда “туруктуу жашабайт” деп катталган адамдар Британияга “сары чака” да төгүшпөйт. Алар Орусияда эмне төлөгөнүн да билбейбиз. Аны билген кызык болор эле. Оффшордук бейиш жайларга чыгарылган “боо-боо акчалардын” айрым бөлүгү Орусияга кайра инвестицияланат. Анын канчасы сыртта калганын так билбейбиз. Акчалардын кайтышы Орусиянын экономикасына жараша болот. Бирок анын маанилүү бөлүгү чет өлкөгө инвестицияланып, сыртта калат деп ойлойбуз. Бул Кытайга да мүнөздүү көрүнүш.

Жеймс Генри - абройлуу McKinsey & Company консальтинг фирмасынын мурдагы башкы экономисти.

TJN компаниясынын эсептөөсү жашыруун акча чыгаруу же мыйзамсыз акча адалдаштырууну экс-советтик өлкөлөрдүн “элита-каймактары” мыкты өздөштүргөнүн тастыктайт. Алсак, 1994-2010-жылдары Украинадан 166, 8 млрд $, Казакстандан 138, 2 млрд $, Азербайжандан 47, 9 млрд $, Өзбекстандан 23 млрд $, Беларустан 5, 89 млрд $, Грузиядан 4,1 млрд $, Түркмөнстандан 3,44 млрд $, Тажикстандан 2,4 млрд $, Армениядан 2,2 млрд $, Кыргызстандан 0,9 млрд $ доллар оффшордук аймактар аркылуу агып кеткен. Бул Кыргызстандын тышкы карызынын 23 процентине тең акча. Бул суммадан казынага “сары чака” да төлөнбөгөндүктөн, улуттук экономикага чоң зыян келтирилет дейт Жеймс Генри:

- Баарынан мурда, бул каражат ошол өлкөлөр үчүн чоң жоготуу. Бул байлык кокус өлкөгө кайтып, салык алынчу болсо, изилдөө өткөрүлгөн 138 өлкөнүн мөөсүлдөрү (салыкчылары) 300 миллиард доллар чогултмак. Андан сырткары статистикалык кемчиликтерди да көрмөкпүз. Себеби бул кирешени жана байлыкты эсептөөнүн статистикалык усулдарындагы чоң жаңылыштыктарды көрсөтмөк. Бул байлыктын 90 процентке жакыны балким мал-дөөлөттүүлөрдүн “чириген” байлардын 1 процентине таандык. Биз дүйнөнүн финансылык оффшорлорундагы байлыктын үчтөн бирине ээ 10 миллионго жакын адам жөнүндө кеп кылып жатабыз. Бул өтө чоң цифра.

Тажрыйбалуу эксперттин бул сөзү - байлардын бир “чымчым” эл аралык элитасы пайда болгонун, алардын баары финансылык купуялыкка аябай кыныкканына ишара берет.

Көйкашка байлардын табияты өтө эле консервативдүү келип, алар эртеңки күндүн камын ойлоп жашашат.

- Бай инвесторлор бекиткен акчаларына келгенде өтө эле консервативдүү болушат деп ойлойбуз, - дейт Жемс Генри. - Ушул көз караштан алганда, алар өз өлкөсүнө инвестиция салчу болсо, жалпы элге пайда болмок. Бирок бай адамдар келечекте да тоок басып чыгаргандай тукуму бар болушун каалайт. Аларга салыктан качканга жардамдашчу менчик банктар бар. Мына ушунун кесепетинен 21 триллион доллар депозитте кыймылсыз турат жана баалуу кагаздар рыногу жетерлик жакшы иштебей жатат.

Tax Justice Networkтун изилдөөсүнө караганда, дүйнөдөгү 50 ашып барса 100 миллиардердин ар бири аз дегенде 10 миллиард долларга ээ. А бардыгы жалпысынан 3 миңге жетпеген миллиардер бар. 10 миллион бай экономикага 1 миллион доллардан көп капитал салган.

XS
SM
MD
LG