Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Таиланд терактты экстремисттерден көргөн жок


Таиланддын түштүгүндө болгон чабуулдан 30дан ашуун адам жарадар болушту.
Таиланддын түштүгүндө болгон чабуулдан 30дан ашуун адам жарадар болушту.

Таиланддын курорттук шаарында болгон жардырууларга эл аралык экстремисттик топтордун тиешеси жок. Бул тууралуу жума күнү Ички иштер министрлиги маалымат таратты. Бейшембиден жумага караган түнү Таиланддын туристтер көп эс алган курортторунда катары менен болгон жардыруулар төрт адамдын өмүрүн алды.

Таиланддын түштүгүндөгү Хаухин туристтик шаарында болгон жардыруулардан эки адам мерт болду. Жардыргыч заттар бакчага коюлуп, уюлдук телефондор аркылуу ишке келтирилген. Андан кийин эле ушундай жардыруулар Сурат Тани шаарында, Пхукет аралында жана Транг провинциясында да орун алды.

Полициянын маалымат катчысы Кришана Паттанхараоен дагы бир бомбаны коопсуздук күчтөрү зыянсыздандырууга үлгүргөнүн айтып чыкты:

- Төрт адам набыт болду, 32 адам ар кандай деңгээлдеги жараат алышты. Полиция түндөн бери шектүүлөрдү аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында жардыргыч заттын эки түрү колдонулганы анык болду. Алардын бири колго жасалган жардыруучу зат, экинчиси күйүүчү май куюлган бөтөлкө, – деген Кришана Паттанхараоен жараат алгандардын он чактысы туристтер экенин кошумчалады. Алардын үчөө Нидерланддын, төртөө Германиянын, экөө Италиянын жана дагы бири Австралиянын жарандары.

Таиланд, 11-август
Таиланд, 11-август

Таиланд Ички иштер министрлигинин өкүлү Пиуфанд Рингмунгсаид жума күнү өткөн маалымат жыйында чабуулдарга эл аралык экстремисттик топтордун тиешеси жоктугун билдирди. Полициянын божомолунда, бул жергиликтүү кылмышкерлердин колунан келген иш болушу мүмкүн.

Мурдараак полиция жардырууларды өлкө түштүгүндө акыркы учурда активдүүлүгү күчөгөн козголоңчу топторго байланыштырып жаткан. Азырынча бул маалымат төгүндөлө да, ырастала да элек. PBS каналы чабуулдарга катыштыгы бар делген бир нече адам кармалганын маалымдады.

Полиция башчысы Чактип Чаинда чабуул жакында эле кабыл алынган жаңы Конституциянын долбооруна каршы чыккандар тарабынан уюштурулушу мүмкүн деп кыйытты:

- Жардыруу болгон жети аймак тең жакында Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алган. Буга каршы чыккан топтор аймакта бейстабилдүүлүк кылып, туристтерди качыруу үчүн мындай жолго барышы ыктымал

Таиланд, 11-август
Таиланд, 11-август

Төрт күн мурда өлкөдө аскерлер кураган өкмөт сунуштаган Конституциянын жаңы долбоорун шайлоочулардын 62% колдогон. Таиландда эки жыл мурда болгон төңкөрүштөн кийин бийликке аскерлер келишкен.

Өлкөдө референдумга социалдык тармактар аркылуу каршы чыккан жүздөй адам камакка алынган. Ал эми өкмөттү ачык сындап чыккандар 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Жардыруу болгон курорттордун бири - Хуахин жергиликтүүлөрдүн арасында да, туристтердин арасында да өтө популярдуу.

Бул жерде өлкөнүн падышасы Пумипон Адульядетанын резиденциясы жайгашкан. Чабуулдар ири мамлекеттик майрам Каныша Сирикиттин туулган күнүнө тушташ жасалды.

Таиланддын туристтик шаарларында жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

XS
SM
MD
LG