Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

"Чилкот": кыңыр иш он үч жылда...


Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр
Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр

Британия саясий айдыңында кайрадан кызуу талкуу башталды. Жети жылдык иликтөө жүргүзгөн Чилкоттун комитети 2003-жылы британ өкмөтү Иракка аскерлерин шашылыш киргизген, так эмес маалыматтарга таянган деп жыйынтык чыгарды.

Британия өкмөтү түзгөн, өлкөнүн Ирактагы согушка аралашуусун иликтеген комитет өз жыйынтыгын чыгарды. Комитет жетекчиси, мурдагы мамкызматкер Жон Чилкот 6-июлда Лондондо баяндама жасады:

- Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугу Иракка бастырып киргендерге куралсыздандыруунун тынч аргасы түгөнгүчө эле кошулган деген жыйынтыкка келди. Аскердик аракеттер ошол кезде акыркы чара эмес болчу.

Ошондой эле британ өкмөтү так эмес чалгын маалыматтарына таянган деп кошумчалады комитет жетекчиси. Баяндама Жон Чилкоттун атынан "Чилкот" деп коюлган. Комитет 150 миң документти изилдеп, 150 күбөнүн пикирин уккан. Баяндама 2,6 млн сөздөн турат.

Британия коалициялык күчтөргө кошулуп, 2003-жылы Иракка кирген. Анда Лейбористтик партия өкүлү Тони Блэр премьер-министр болчу.

Баяндама Блэрге албетте жагымсыз болду. "Ал ошондо “жапырт кыргын салуучу курал террористтик топтордун колуна тийип калуусу реалдуу жана чыныгы коркунуч” деп эскерткен жана Саддам Хусейндин режимин кулатууну жактаган.

Блэр Иракка бастырып кирерден сегиз ай мурда АКШ президенти Жорж Бушка “Кандай гана болбосун мен сиз менен”, деп жашыруун айткан. Бул Британияны Ирак чатагына аралаштырган",- дейт комитет.

Тони Блэр 2007-жылы бийликтен кеткен. Өткөн жылы эле “пландоодогу айрым катачылыктары үчүн” кечирим сураган болчу.

Баяндама жыйынтыгын уккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып катасы үчүн болуп көрбөгөндөй кайгыруу менен кечирим сурайм деди. Ага удаа эле “баяндама ачыктагандай, агезде жалган айтып, парламент менен өкмөттү адаштыруу жана жашыруун согушту жактоо аракеттери болгон эмес” деп кошумчалады.

- АКШ баштаган 40тан ашуун өлкө кирген коалиция менен Ирактагы согушка аралашып, Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу чечими - өкмөттү жетектеген он жыл ичинде өтө оор, өтө маанилүү жана өтө азаптуу болгон. Бул чечим үчүн бүгүн жоопкерчиликти толук өзүмө алам.

Жон Чилкоттун атынан коюлган "Чилкот" баяндамасы
Жон Чилкоттун атынан коюлган "Чилкот" баяндамасы

​Бирок Блэр ушу тапта күчөп турган терроризмдин башаты Иракка аскерлер киргенден кийин башталган деген ырастоолорду четке какты. Азыркы британ премьери Девид Кэмерон да “Ал-Каида”, экстремизм жана терроризм ага чейин эле күч алганын эскертти.

Ошол эле учурда Кэмерон ал кезде аскердик аракеттерди кубаттагандар да жоопкерчиликти тең бөлүшүүсү керек деди. Баяндаманы эки күн парламент талкуусуна коюуга чакырды.

Ирак согушу Британия эле эмес, 2003-жылы коалицияны ачык да, көмүскө да колдогон башка өлкөлөрдө да талаштуу тема.

6-июлдагы баяндама Британияда антиаскердик демонстрацияларга түрткү берди. Нааразылык билдиргендердин айрымдары Блэрди аскердик кылмыш кылды деп, так баяндама жасалган конгресстин залында соттоо керек дешет.

Бул арада Иракта мерт болгон 179 аскер кызматкерлеринин айрымдарынын агайындары да комитет жыйынтыгын угуу үчүн Лондонго келишкен.

XS
SM
MD
LG