Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Элчи Хилл ирактыктардын ырахматын күнүгө угат


АКШнын Багдаддагы элчиси Кристофер Хилл(оңдо) Ирак музейинде.
АКШнын Багдаддагы элчиси Кристофер Хилл(оңдо) Ирак музейинде.

АКШ аскерлери Ирактан ырас эле келерки августта чыгарылабы? Ирак-Иран мамилеси кандай өнүгүүдө? Ирактыктар АКШлык аскерлерине и ыраазыбы?

Хилл: "Ал-Каида" талкаланмайын, Иракта калабалар токтобойт

АКШнын Ирактагы элчиси Кристофер Хилл Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетиндеги сөзүн келерки 12 ай Ирак үчүн “коопсуздукту жакшыртууда, дипломаттык байланыштарды кеңейтүүдө жана саясый кырдаалды оңдоодо” абдан маанилүү болорун айтып баштады. АКШнын Ирактагы элчисинин пикиринче, өткөн айда Ирактын финансы жана тышкы иштер министрликтерине жасалган бомба чабуулдары АКШлык күчтөрдү чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн өзгөртпөйт. Анткени 100дөй адамдын өмүрүн алган
Ирактын Тышкы иштер министрлигинин жанындагы кош жардыруудан кийинки көрүнүш. 20-август 2009-ж.
чабуул- “ал-Каида” талкаланмайын, өлкөдө калаба токтобосун көрсөтөт:

-Акыркы айлардагы бомбалоолор биз Ирактагы “ал-Каида” менен али таймаша берерибизди күбөлөйт. Алар козголоңду жайылтууга аракеттенүүдө. Алар бирок Ирак элин козголоңго тарта албады.

Барак Обама президент болор замат Ирактан америкалык аскерлер 2010-жылдын августтунда чыгарылат деп чечкен. Бул Буштун администрациясы пландаган мөөнөттөн 16 ай эрте.

“АКШлык аскерлерди Иракта калтыруу маселесини премьер-министр Нури ирактыктыктарга салышы мүмкүнбү?” деген суроого элчинин жообу мындай болду:

-Мен референдум болот деп ойлобойм. Бирок ачык айтам: референдум өткөрүү бул алардын эркиндеги иш.

Кристофер Хилл диндер аралык согуштун азайуусун-ирактык аскерлердин профессионалдык даярдыгы өскөнү менен түшүндүрүп, эл Ирак армиясына урмат-сый менен мамиле кыла баштаганын жана АКШ-Ирак мамилеси “аскерий мазмундан саясый мазмунга алмашып
Ирактын терроризмге каршы күрөшүү күчтөрү Багдаддагы пресс-конференцияда. 6-сентябрь 2009-ж.
баратканын” да белгиледи.

Ирактыктар америкалыктарга ырахмат айтабы?

Комитеттеги угуу республикачылар менен демократтар 2003-жылы Ирак согушу башталгандан бери өлгөн америкалык аскерлерге алкыш айтпаганына нааразы экенин көрсөттү. Калифорниялык республикачыл Дана Рорабахер алты жылда 4 300дөн ашуун АКШ жоокери өлгөнүнө карабай, “Ирак эли аларга эч кандай алкышын билдирбеди” деп санайт:

-Мен ирактыктар- жолукканда эскертип айттырбай туруп- “Америкага ырахмат” деп, ыраазычылыгын билдиргенин угушум керек.

Буга АКШлык элчи ирактыктар өз ыраазылыгын ачык билдирбесин, ал бирок күн сайын ирактыктардын алкышын угуп жүргөнүн айтып жооп берди.

Иран Иракта АКШ менен эсептешүүгө тийиш

Комитет мүчөлөрүн Ирандын Ирактагы аракеттери кандай болууда деген да суроо кызыктырды. Хиллдин айтышынча, Иранда АКШ аскерлери Ирактан чыкса, өлкөдөгү таасирибизди күчөтөбүз деген ниетте, бирок Кошмо Штаттар Ирак алаканы узакка түзүп жаткандыктан, Тегеранга болочокто деле АКШ менен иштешүүгө туура келет:

-Дагы бир маанилүү суроо: Иран Ирактын күнкорсуздугун сыйлайбы жана АКШ Ирак менен узак мөөнөттүк мамиле куруп жатканыбызды, ошондой эле Иракка региондогу позитивдүү элемент катары мамиле жасаганыбызды түшүнөбү?

Ирандык снайперлер Тегерандагы аскери парадда. 18-апрель 2009-ж.
Хилл 10-сентябрдагы угууда Иран жана Ирак маданий, диний жана соода жагынан карым-катнашта болгону менен, Иран түрдүү козголоңчу топторду каржылап, өз ара мамилеге доо келтирип жатканына да токтолду. Атүгүл бир нече ай мурда ракета чабуулунан кийин ирандык ракеталардын сыныгын тапканын айтып, Иран эң алды Ирактын эгемендигин сыйлоосу керек, деди АКШлык элчи:

-Иран жана Ирактын алакасы узак жылдык болушу керек экени талашсыз. Анткени, алар коңшулар эмеспи. Бирок Иран Ирактын суверендүүлүгүн сыйлоо үчүн көп жакшы иштерди жасашы керек. Алар бул кадамды Ирактагы түрдүү экстремисттик топторду куралдандырууну токтотуудан башташы шарт.

Христофер Хилл Тышкы иштер комитетиндеги угууда Ирак өкмөтү тыш өлкөлөрдөгү качкындарды, ошондой эле жааташтык согушунда там-жайын таштап кеткен адамдарды кайтаруу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай жатканына конгрессмендердин көңүлүн бура кетти.

Бул апрелде элчи дайындалгандан Хиллдин Конгрессте болгон биринчи жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG