Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Шарлоттогу тополоң


Шарлотт, Түндүк Каролина, АКШ
Шарлотт, Түндүк Каролина, АКШ

АКШнын Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында полиция менен демонстранттардын эки түн катары менен кагылышынан кийин жергиликтүү бийлик өзгөчө абал тартибин киргизди.

Нааразылык афроамерикалык жигиттин полициядан ок жеп мерт болгонунан улам тутанган. Ушул өңдүү окуяларга байланышкан нааразылык акциялары соңку жылдары АКШнын башка шаарларында да чыккан болчу.

Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарында афроамерикалыктар калктын 35% түзөт.

850 миң калктуу калаада полициянын коомчулук расалык мүнөздө деп баалаган ок атууларына байланыштуу буга чейин Фергюссон, Балтимор, Миссури өңдүү калааларда тутанган демонстрациялар болгон эмес.

Эми курамын көбүнесе ындыкаралар түзгөн демонстранттар менен эки түн катары менен кагылышуусунан кийин штат губернатору калаада өзгөчө абал жарыялап, полицияга жардам көргөзүү үчүн Улуттук гвардиянын аскерлерин киргизди.

Шарлотт
Шарлотт

“Кара түстүүлөрдүн өмүрү да маанилүү” деп кыйкырып, шаардын борбордук көчөлөрүндө жүрүш жасаган демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга чейин барды.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги белгилегендей, демонстранттар тобу өткөн түнү адамдарга, анын ичинде кабарчыларга кол салып, мейманкана, офис, ресторандардын айнектерин сындырып, атүгүл өрт тутанган учурлар да болду. Мурдагы түнү да демонстранттар таш ыргытып, өрт коюп, кан жолду кыска убакытка жапканга чейин барышкан.

- Мен мына ындыкара жигитмин. Азыркы окуяларды көрүп жатып мага мындай ой кетүүдө, полиция токтоткондо куралым бар же жогуна карабай атылып кетишим толук мүмкүн экен. Мындай учурлар көбөйүп кетти. Демек, ындыкара болсоң, өмүрүңөн да коркушуң керек, себеби атылып кетишиң мүмкүн, - деди демонстранттардын бири кабарчыларга.

Демонстранттар, Шарлотт
Демонстранттар, Шарлотт

Шарлотт шаарындагы азыркы нааразылыктарга 43 жаштагы Китт Ламонт Скотт ысымдуу 43 жаштагы афроамерикалыктын полиция огунан жараат алып, кийин ооруканада каза тапканы түрткү берди.

Полиция "ок жеген адамдын колунда курал болгон жана тикелей коркунуч жараткан" деп ырастоодо. Маркумдун туугандары болсо жергиликтүү медиага анын колунда тапанча эмес, китеп болгонун билдиришкен.

“Ассошиэйтед Пресс”агенттигинин жазганына караганда, полиция бул окуянын электрондук далилдерин азырынча жарыялай элек.

Шарлоттогу кагылыштардан кеминде бир демонстрант оор жаракат алды, бирок полиция бул үчүн жоопкер эместигин, ал башка адамдан ок жегенин айтууда. Мурдагы түнкү кагылыштар учурунда полициянын кеминде 16 офицери жараат алган эле.

Кечээ Оклахома штатынын Тулза шаарында да ушундай нааразылык акциясы өттү. Ал жерде полиция өткөн аптада колунда куралы жок ындыкара жигитти атып салганын күбөлөндүргөн видео тарап кеткен.

Шарлотт, АКШ
Шарлотт, АКШ

Соңку окуялар АКШда ноябрдагы президенттик шайлоо алдында полициянын жарандарга расалык негиздеги мамилеси боюнча улуттук талкуулардын кайра жандануусун да шарттады:

- Биз полиция тарабынан өлтүрүлгөн афроамерикалыктардын тизмесине дагы эки адамды кошо алабыз. Буга чыдоого жана муну менен келишүүгө болбойт. Биз полиция жамааттарды, жамааттар полицияны урматтаганда гана коопсуз болобуз, - деди Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Хиллари Клинтон Флориданын Орландо шаарындагы жолугушууда.

Полицейлер афроамерикалыктарга Фергюссон, Балтимор, Миссури, Нью-Йорк шаарларында ок атып, мерт кылган учурлар боюнча демонстрациялар буга чейин да өткөн.

Нааразылыктарды мындай инциденттерге тиешеси бар полицейлердин сотто акталып кетүүсү же аларга такыр эле айып коюлбаганы да күчөтүп, АКШда Black Lives Matter деген кыймылдын жаралышына түрткү берген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG