Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Э.Э.Каммингс: Күлкүсүз күн курусун!


Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings). 13.11.1953.
Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings). 13.11.1953.

Эркин ыр жазган америкалык акын, драматург, жазуучу, сүрөтчү Эдвард Эстлин Каммингстин ой мурасынан.

Америкалык оригиналдуу акын, драматург жана жазуучу Эдвард Эстлин Каммингс (Edward Estlin Cummings; 1894 – 1962) айрым чыгармаларын жарыялаганда, анын ысымы эч баш тамга коюлбастан жазылган. Ал англис тилдүү адабиятка ирээтсиз, эркин ыр жазып, баш тамгаларды коюудан качып, тыныш белгилерди текстте күтүлбөгөн жерлерге коюп же таптакыр койбой жазып, жаңы тажрыйба сунуштаган акындардан болгон.

* * * * * * *

(Э.Э.Каммингстин учкул сөздөрүнөн):

“Бардык күндөрдүн ичинен өзгөчө бошко кеткендери – бул күлкүсүз өткөндөрү”.

* * * * * * *

(Сүйүүгө арналган ырларынан):

мен жүрөгүңдү өзүм менен алып жүрөм (мен аны жүрөгүмө салып жүрөм) мен эч качан ансыз жүрбөйм (каякка барсам сен дагы ошоякка барасың, менин берекем, өзүм гана жүзөгө ашырган нерселердин бардыгы сенин жасаганың, менин берекем)

* * * * * * *

(Э.Э.Каммингс драманын, пьесанын өзгөчө оригиналдуу жана эски ыкмаларга сыйбаган жаңы түрү тууралуу минтип жазган):

АНЫ ТҮШҮНҮҮГӨ ДАЛААЛАТ КЫЛБА, АГА ӨЗҮҢДҮ АҢДООСУНА МҮМКҮНДҮК ЖАРАТ

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG