Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Жалгыз жетишкендигибизди жоготуп албайлы


“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга каршы митинг. Бишкек, 2020-жыл

Кыргызстанда жылына болжол менен 350, 400гө жакын мыйзамдар жазылат. Алардын канчасына каражат толук бөлүнүп жакшы иштеп жатканын, канчасы каражаттын жоктугунан иштебей жаткандыгына иликтөөлөрдү негедир чалдыктыра элекмин. Балким, ошондой иликтөөлөр бардыр.

Ушул кезге чейин иштеп жаткан тармактар үчүн жазылган мыйзамдар өз милдетин аткарып келе жатышат. Ошондой мыйзамдардын бири - Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын жөнгө салып келе жаткан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзам. 1992-жылы ал кезде эгемендикке жаңы гана ээ болгон Кыргызстандын “легендарлуу парламенти” жазган, демократия, сөз эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу түшүнүктөр кеңири камтылып, сапаттуу жазылып, ушул күнгө чейин милдетин аткарып келүүдө.

Албетте, арадан отуз жылдай убакыт өттү, жалпыга маалымдоо каражаттарында көп нерсе өзгөрдү, мурда болуп көрбөгөн жаңылануулар көз алдыбызда өтүүдө, социалдык медиа пайда болду. Аталган мыйзам ушул жагдайлардан улам айрым бир толуктоолорго муктаж. Бирок азыркы башаламан мезгилде аталган мыйзамды биринчи иретте өзгөртүү керек дегендер, же Кыргызстандын чыныгы абалын билбегендер же атайылап бийликти жаман көрсөтүүнү каалагандар. Анткени “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” жана “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарды биринчи кезекте өзгөртүү маселеси КР Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн эксперттик топтун алдында турат.

Эгер Кыргызстандын экономикасы өнүгүү жолунда болсо, миграция, жумушсуздук азайса, иштегендердин тапкан каражаты эптеп күн кечирүүгө эмес, чындап жашоого жетип жаткан убакта жашасак, анда бул мыйзамдардын өзгөрүшүнө биз дагы каршы болбос элек. Тилекке каршы, абал андай эмес. Демек, биздин карапайым түшүнүктө экономикалык абалга, адамдардын жашоо-шартын жакшыртууга байланыштуу мыйзамдар биринчи кезекте өзгөртүлүүгө муктаж.

Дагы бир жагдай, азыркы мыйзамдардын бардыгы акыркы кабыл алынган Конституцияга ылайыкташып кабыл алынып же ага карата оңдолуп, толукталып жатат. Аталган мыйзамдар азыркы Конституцияга карама-каршы келбестигин да медиа чөйрөсүндөгү эксперттер тарабынан талданып, аныкталды.

Журналисттердин нааразылыгын жараткан жагдай, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардыгына тиешелүү мыйзамдарды дегеле медиа тармагы менен эч качан иш алып барып көрбөгөн юристтердин өзгөртүүгө аракет кылып жатышкандыгы. Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн эксперттик топ адегенде өз билгениндей мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракетин кылып жатышкан. Медиа жаатында иш алып барышкан эки уюмдун аракети менен гана ушул жаатта иштеген юрист жана эки-үч журналист эксперттик топко кошулуп, аз убактан бери чогуу иштей башташкан.

Алар кошулгуча Юстиция министрлигинин эксперти “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү” мыйзамды күчүн жоготту деп табуу максатка ылайык деп жаткан экен. Мынакей, журналистика чөйрөсүндө иштебеген, алардын ишин билбеген адам алардын мыйзамын өзгөртүү үчүн сыртынан ушинтип тон бычып баштаган. Медиа чөйрөнүн өкүлдөрү буга таптакыр каршы чыгышкан соң, тигилер да макул болууга аргасыз болушкан. Медиа эксперттер, юристтер жогоруда аталган мыйзамдар аз-маз гана иштелип чыгууга муктаж деп баалашкан.

Чындыгында аталган эки мыйзам тең журналисттерге аба менен суудай керек экендиги түшүнүктүү. Журналист Семетей Аманбеков айтмакчы, “ММК жөнүндөгү” мыйзамда журналисттердин милдеттери жазылса, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү” мыйзам журналисттердин укуктарын коргоп турат”.

Биздин карапайым түшүнүгүбүздө кайсы тармактын мыйзамы өзгөртүлгөнү жатса, ошол тармакта иштегендер бул тууралуу убагында кабардар болушуп, мүмкүнчүлүгү болсо сунуштарын берип, өзгөртүүлөргө катышуусу керек эле. Тилекке каршы, бардыгы жабык жүрүп жаткандыктан, мындай иштер тууралуу көпчүлүк журналисттер бир аз убакыт мурда гана билишти. Шашылыш тегерек үстөл өткөрүлүп, ушул кезге чейин жасалган иштер менен кабардар болушту.

Ага Юстиция министрлигинин өкүлдөрү да катышып, бул иштер 7-8 айдан бери жүрүп келе жаткандыгын, жыл аягына чейин бул мыйзамдарга өзгөртүүлөр кире тургандыгын айтышты. Жок дегенде кеч болсо да оюбузду билдирели деп, тегерек үстөлдүн аягында аталган мыйзамдарды өзгөртүүгө азыркы учурда зарылдык жок экендигин, мыйзамдарды инвентаризациялоо коомчулук үчүн ачык өтүшүн билдирген кайрылуу жазып, ал тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө жолдонду. Кулак салышабы же укпай коюшабы, белгисиз.

Ушул жерден Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат тармагында иш алып баргандардын мажирөөлүгү же иштин көзүн билбестиги тууралуу айта кетпесек болбос. Өздөрү жакшы билбесе эчак эле медиа уюмдарга же журналисттерге кайрылып ушундай иш жүрүп жаткандыгы тууралуу кабардар кылганда болмок. Жогоруда аталган мыйзамдарга кандай өзгөрүүлөр кирер-кирбеси, мыйзамдарга өзгөртүүлөр жыл аягына чейин кирип бүтө тургандыгы жөнүндө кабары жок, маселени үстүрт билген гана адамдар иштей тургандыгына көз жетти. Мен муну ушул мыйзамдар боюнча иш алып барып жаткан министрдин орун басары жана юрист менен эки башка ММК эфиринде бирге маектешкен адам катары айтып жатам.

Август айында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Анын кандайча кабыл алынганы коомчулуктун эсинде. Дегеле өзгөртүлө турган мыйзамдар алар менен иштей турган тармактын өкүлдөрү менен бирге иштелсе майнаптуу, чындап иштей турган мыйзам болмок. Анан калса мынчалык кыска убакытта мыйзам өзгөртө коюу аракети да ар кандай ойго салат...

Азыркы шашылыш жасалып жаткан аракет да сөз эркиндигин кандайдыр бир деңгээлде чектеп коюуга баратабы деген коркунуч да бар.

Акырында айтаарым, Кыргызстандын 30 жыл ичиндеги мактанаарлык жетишкендиги сөз эркиндиги, ой эркиндиги болду. Чет өлкөлөргө чыкканда бетке кармана турган мамлекеттин жакшы жагы да, коңшу мамлекеттерден бизди айырмалап турган да ушул.

Ушул жетишкендигибизди жоготуп албасак экен.

Аскер Сакыбаева, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG