Даниел Ажиев дарыланууга жиберилгени кабарланды

Даниэл Ажиев.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Даниел Ажиев Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерге дарыланууга жиберилди. Бул маалыматты Ажиевдин жакындары "Азаттыкка" билдиришти.

Алардын айтымында, тергөө алкагында милиция Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Экспертиза "Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж" деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.

Бул маалыматты Ажиевдин адвокаты Таалайкүл Токтобекова төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Бул боюнча эч кандай маалымат бере албасын айтуу менен чектелди.

Дагы караңыз

ЖАМК Ажиевдин кыйноого кабылганын четке кактыДаниел Ажиевдин укугуна байланыштуу Акыйкатчы Биринчи май райондук сотуна кайрылдыЖАМК: Ажиев бир кишилик камерада отурат, арыз-даттануусу жокИнтернеттеги сөзү үчүн кармалган Даниел Ажиев эки айга камалдыИнтернетте сөгүнгөн Даниел Ажиев камакка алынды

Ажиев быйыл март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, элге жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун Интернетке жарыялаган.(ZKo)