Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранып, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтты

ШКУнун саммити. 10-ноябрь, 2020-жыл.

Евразиялык интеграция маселелеринде Кыргызстан Орусия үчүн дайыма ишенимдүү өнөктөш болот. Бул тууралуу 10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитинде сүйлөп жатып орус президенти Владимир Путинге кайрылып айтты.

«Биз эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багытын ырааттуу негизде улантабыз. Кызматташтык боюнча ортодо бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды сиз менен телефон аркылуу талкуулоону суранат элем».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу саммит онлайн форматта өтүүдө. Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышып жатышат.

Садыр Жапаров Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин эл нааразылыгын билдирип чыгып, президент өз эрки менен кызматын тапшырганын, бийлик тынч жана мыйзам негизинде өткөрүлүп берилгенин, азыр өлкөдө абал туруктуу экенин айтты. Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларын аткарарын белгилеп, ШКУнун алкагындагы кызматташтык тышкы саясаттагы маанилүү багыттардын бири экенин кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан үчүн туруктуулук «кийинки жылдары жетишпей жатканын» айтып, «саясатта туруктуулук болбосо социалдык-экономикалык тармакта бир да маселени чечүү мүмкүн эмес» экенин белгиледи жана кызматташтык телефон аркылуу сүйлөшүүдө «сөзсүз талкууланарын» айтты.

Кыргызстан жана Орусия - Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөлөрү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кийинки жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени боюнча пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров казак өкмөтүнүн башчысы Аскар Мамин менен сүйлөштүБажы кызматы: мыйзамсыз машине ташып келүүдөн казына 80 млн. сомдон ашык зыян тартканКыргызстандын 78,5 тонна азыгы Орусияга өткөрүлгөн жокБишкектин тышкы саясаттагы «тыныгуусу»Жээнбеков жана Жапаров Орусия президентинин өкүлү менен жолугуштуЖапаровдун өкмөтүндөгү эски-жаңы жүздөр