АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда Тбилисиде Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал жети өлкөдө өтө турган сапарынын алкагында 17-ноябрда Стамбул аркылуу Тбилисиге келген.
«Жолугушууда мамлекеттик катчы АКШ Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу белгиледи жана өлкөнүн глобалдык террорчулукка каршы күрөшкө кошкон олуттуу салымын кубаттады», деп билдирди Кошмо Штаттардын Тбилисидеги элчилиги.
Ошондой эле элчилик Помпео Грузиянын премьер-министри баштаган бир катар лидерлери менен жолугушуусунда «эркин жана калыс шайлоонун маанисин баса белгилей турганын» кошумчалады.
Грузияда 31-октябрдагы парламенттик шайлоону бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы жеңип чыккан. Шайлоонун жыйынтыгына оппозициядагы «Бириккен улуттук кыймыл», «Европачыл Грузия» сыяктуу алты партия каршылыгын билдирип жатат.
Мамлекеттик катчынын бул сапары АКШда президент Дональд Трамп саясий атаандашы Жо Байдендин шайлоодогу жеңишип таануудан баш тартып жаткан учурга туш келди.
Помпео Грузиядан кийин Израилге, андан соң Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Сауд Арабиясына барат.
Дагы караңыз
Атамбаевдин Кой-Таштагы жери боюнча сот жүрүп жататДепутат Бакиров: Авторитардык бийлик тууралуу кооптонгон пикирлерге кошулбаймКыргызстанда «Азербайжандын досторунун клубу» түзүлдү Эмилбек Жороев: Конституциянын жаңы долбоору - кыргыз элине кыянаттыкЫсык-Көлдө мал аралашкан жол кырсыгынан эки киши каза болду